https://sputnik.kg/20260721/1102523243.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Акыркы беш жылда Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектростанция ишке берилди, дагы 50дөй ГЭСтин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр... 21.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-21T15:00+0600
2026-07-21T15:00+0600
2026-07-21T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/15/1102523077_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0b38f3e081fdd88bf292a734bc4b27c9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Акыркы беш жылда Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектростанция ишке берилди, дагы 50дөй ГЭСтин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Ал өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы дагы эле сакталып жатканын белгилеп, буга жаңы заводдордун, турак жайлардын жана социалдык объектилердин көбөйүшү себеп болуп жатканын айтты. "Эгемендик алгандан бери "Камбар-Ата — 2" ГЭСинин жападан жалгыз бир агрегатын ишке киргизиптирбиз. Таңкыстык болгон энергияны өзүбүз суу менен камсыздаган кошуна өлкөлөрдөн алып келе жатыптырбыз. Бүгүн да алып жатабыз. Эмне деген уят иш?! Суу башында туруп энергиясы таңкыс өлкөбүз. Себеби бир дагы чоң ГЭС салган эмеспиз. Мен бүгүнкү күнгө чейин кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам. Айла жок кыштын күнү энергия сатып алып жатабыз", — деп жазган Жапаров соцтармактагы баракчасына. Мамлекет башчы энергетикалык таңкыстыкты жоюу боюнча иштер уланып жатканын билдирип, мындан ары энергетика министри коомчулукка бул тармактагы иштер тууралуу күн сайын маалымат берип турарын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров атайын фондунан энергетика системасын жаңылоого 300 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге билдирди. Аткаминердин айтымында, ал өлкө башчысына учурдагы оор абал тууралуу маалымат берип, көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштаган. Министр 20-июлга чейинки аптап күндөрдө республиканын электр энергиясын суткалык керектөөсү 50 миллион кВт сааттан ашканын, былтыр бул көрсөткүч 42 миллион кВт сааттын айланасында болгонун белгиледи. Рысбеков президентке ордо калаа Бишкекте ири подстанциялар менен жогорку вольттуу линияларды курууну сунуштаганын айтты. Жапаров демилгени колдоп, керектүү 300 миллион доллар каражатты бөлүп бермей болгон.
Кыргызстан күйүүчү майды Беларусь менен Кытайдан ала баштады. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, май Беларустан Россия аркылуу келе турган болуп, транзит маселеси чечилген. "Кытай менен макулдашуу бар. Автотранспорт менен ташып келе турган болдук. Биринчи партия жолго чыккан. Өкмөт мамлекеттик органдарга май тарткан машиналарды чек арада кармабай процессти тездетүүнү тапшырган", — деди Рысбеков. Ал ошондой эле Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Владимир Зеленскийге Украина армиясынын ичиндеги пикир келишпестикти жоюуга Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырскийдин отставкасы да жардам бере албайт. Бул тууралуу швейцариялык Но́йе цю́рхер ца́йтунг гезити жазды. "Келчү киши армиянын ичиндеги тирешүүнү басаңдата албайт. Жок эле дегенде Сырскийдин айланасындагы бир нече командир башка кызматтарга которулушу мүмкүн", — деп айтылат макалада. Басылманын айтымында, бул элдин нааразылыгы күчөп жаткан маалда Зеленскийдин кадырына доо кетире турган чечим болот. "Элдин генерал Сырскийди кызматтан алуу талабын компромисс жолу менен аткаруу оор. Киев режиминин башчысы аброюн сактап калууга жан үрөйт, бирок ал оңойго турбайт", — дешкен авторлор.
Акыркы беш жылда Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектростанция ишке берилди, дагы 50дөй ГЭСтин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Ал өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы дагы эле сакталып жатканын белгилеп, буга жаңы заводдордун, турак жайлардын жана социалдык объектилердин көбөйүшү себеп болуп жатканын айтты. "Эгемендик алгандан бери "Камбар-Ата — 2" ГЭСинин жападан жалгыз бир агрегатын ишке киргизиптирбиз. Таңкыстык болгон энергияны өзүбүз суу менен камсыздаган кошуна өлкөлөрдөн алып келе жатыптырбыз. Бүгүн да алып жатабыз. Эмне деген уят иш?! Суу башында туруп энергиясы таңкыс өлкөбүз. Себеби бир дагы чоң ГЭС салган эмеспиз. Мен бүгүнкү күнгө чейин кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам. Айла жок кыштын күнү энергия сатып алып жатабыз", — деп жазган Жапаров соцтармактагы баракчасына. Мамлекет башчы энергетикалык таңкыстыкты жоюу боюнча иштер уланып жатканын билдирип, мындан ары энергетика министри коомчулукка бул тармактагы иштер тууралуу күн сайын маалымат берип турарын кошумчалады. Президент Садыр Жапаров атайын фондунан энергетика системасын жаңылоого 300 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге билдирди. Аткаминердин айтымында, ал өлкө башчысына учурдагы оор абал тууралуу маалымат берип, көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштаган. Министр 20-июлга чейинки аптап күндөрдө республиканын электр энергиясын суткалык керектөөсү 50 миллион кВт сааттан ашканын, былтыр бул көрсөткүч 42 миллион кВт сааттын айланасында болгонун белгиледи. Рысбеков президентке ордо калаа Бишкекте ири подстанциялар менен жогорку вольттуу линияларды курууну сунуштаганын айтты. Жапаров демилгени колдоп, керектүү 300 миллион доллар каражатты бөлүп бермей болгон.Кыргызстан күйүүчү майды Беларусь менен Кытайдан ала баштады. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, май Беларустан Россия аркылуу келе турган болуп, транзит маселеси чечилген. "Кытай менен макулдашуу бар. Автотранспорт менен ташып келе турган болдук. Биринчи партия жолго чыккан. Өкмөт мамлекеттик органдарга май тарткан машиналарды чек арада кармабай процессти тездетүүнү тапшырган", — деди Рысбеков. Ал ошондой эле Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.Владимир Зеленскийге Украина армиясынын ичиндеги пикир келишпестикти жоюуга Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырскийдин отставкасы да жардам бере албайт. Бул тууралуу швейцариялык Но́йе цю́рхер ца́йтунг гезити жазды. "Келчү киши армиянын ичиндеги тирешүүнү басаңдата албайт. Жок эле дегенде Сырскийдин айланасындагы бир нече командир башка кызматтарга которулушу мүмкүн", — деп айтылат макалада. Басылманын айтымында, бул элдин нааразылыгы күчөп жаткан маалда Зеленскийдин кадырына доо кетире турган чечим болот. "Элдин генерал Сырскийди кызматтан алуу талабын компромисс жолу менен аткаруу оор. Киев режиминин башчысы аброюн сактап калууга жан үрөйт, бирок ал оңойго турбайт", — дешкен авторлор.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/15/1102523077_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a123907900c0f142983328ebb1dd43d4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио