00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу экинчи Кумтөр болорун айтты. Садыр Жапаров темир жол курулуп бүтсө, Кыргызстан туюк өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланарын билдирди. Анын айтымында, жаңы жол Кытайды дүйнө менен байланыштырып, Кыргызстанга эл аралык рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Мамлекет башчысы темир жол аркылуу жүк ташуудан өлкө туруктуу киреше алып турарын белгиледи. Анын баамында, келечекте транзиттен түшкөн каражат Кумтөрдүн кирешесине теңелип, долбоор экинчи Кумтөргө айланышы мүмкүн. “Мына ушул жолду салууда биз чет өлкөлүк адистердин жардамына муктажбыз. Өзүбүз салабыз деп отура берсек, адис даярдоо үчүн ондогон жылдар кетет. Күтүп отурбастан бул жолду баштадык. Күтүп олтура берсек дагы ондогон жылдарга кошуна өлкөлөрдөн артта калабыз. Ансыз деле өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жыл артта калсак, жалаң саясат деп жүрүп кошуна өлкөлөрдөн 10-15 жылга артта калыптырбыз”, — деди Жапаров. Президенттин айтымында, темир жолдун курулушун токтотууга кызыкдар күчтөр бар, бирок мамлекеттин келечеги үчүн долбоор аягына чыгарылышы керек.
Кыргызстан күйүүчү майды Беларусь менен Кытайдан ала баштады. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, май Беларустан Россия аркылуу келе турган болуп, транзит маселеси чечилген. "Кытай менен макулдашуу бар. Автотранспорт менен ташып келе турган болдук. Биринчи партия жолго чыккан. Өкмөт мамлекеттик органдарга май тарткан машиналарды чек арада кармабай процессти тездетүүнү тапшырган", — деди Рысбеков. Ал ошондой эле Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда жарандар эми никени каттоого арызды "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн бере алышат. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Маалымдалгандай, арыз берүүчү "Түндүк" тиркемесинен "Никени каттоо" кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин киргизет жана Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт. Андан кийин экинчи тарапка билдирүү жөнөтүлөт. Ал маалыматтарды текшерип, макулдугун берип, Face ID аркылуу идентификациядан өтөт. Эки тарап тең арызга электрондук кол тамга менен кол койгондон кийин документ автоматтык түрдө Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт. Арыз каралып бүткөндөн кийин жыйынтыгы тууралуу билдирүү "Түндүк" тиркемеси аркылуу жөнөтүлөт. Жаңы санариптик кызмат мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берери белгиленди.
Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) дары-дармекти каттоо эрежелерин өркүндөтүүгө багытталган жаңы сунуштамалар даярдалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, дары-дармектердин курамындагы негизги активдүү заттын аталышын ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө бирдей атоо сунушталууда. Бул дары каражаттарын каттоо жана колдонуу процессин шайкеш келтирүүгө жардам берери белгиленет. Мындан тышкары, эксперттер гель жана май түрүндөгү дары-дармектерди текше
Жаңылыктар түрмөгү
0