Бишкекте ушул дем алышта дагы азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери, баасы

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевСельскохозяйственная ярмарка в Бишкеке
Сельскохозяйственная ярмарка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Министрлик белгилегендей, сүт азыктары, ун жана башка товарлар базар наркынан 10-15 пайызга арзан болот.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкекте 13-14-март күндөрү айыл чарба азыктарынын жарманкеси болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жарманке өтө турган аймактар:
  • Биринчи май району — Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында;
  • Октябрь району — 12-кичи райондогу Жетикашкаева жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө;
  • Свердлов району — Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичи району).
Азык-түлүккө болгон баа:
  • уй эти  — 390-405 сом;
  • жылкы эти — 380-390;
  • кой эти — 400-405;
  • тоок эти — 200-210;
  • өсүмдүк майы — 130-132;
  • тооктун жумурткасы (10 даана) — 75-85;
  • үй жумурткасы (10 даана) — 90-95;
  • кумшекер — 56;
  • күрүч — 55-60;
  • алма — 30-50;
  • сабиз — 10-15;
  • картошка — 22-27;
  • пияз — 14-16.
Жаңылыктар түрмөгү
0