Митинг сторонников Жапарова на старой площади в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

10-октябрь. Митингдерден соң өлкөдө эмне болуп жатат. Сүрөт, видео

Жазылуу
Кечээ Бишкекте эки ири митинг өтүп, ал эки — Садыр Жапаров менен Атамбаев, Бабанов жана башка партиялардын тарапташтарынын кагылышы менен аяктады.

Анын кесепетинен бир нече адам жаракат алды. Атамбаев ага кол салуу болуп, кагылыш учурунда аянттан чыгып бара жатканда автоунаасы аткылангандыгын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Шаардан аскердик техникалар байкала баштады.

Аянттагы чуу кантип башталды. 9-октябрдагы окуялардын видеохронологиясы

Бүгүн өзгөчө абал кирип, ал эми ЖКнын депутаттары жаңы премьер-министрдин талапкерлигин карашы күтүлүүдө.

Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаалды жана учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуңуздар.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:40 10.10.2020

Учурда 2020-жылдын 9-октябрындагы Бишкек шаарындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 264-беренесинин (Массалык баш аламандыктарды уюштуруу) негизинде иш козголуп ал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Аталган кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын атайын кызматтары тарабынан 1998-жылы туулган Т.Султанбеков, 1976-жылы туулган С.Атамбаев, 1981-жылы туулган А.Арматов жана 1993-жылы туулган К.Атамбаевдер күбө катарында кармалып ИИМдин Тергөө кызматына алынып келинген.
Учурда К.Атамбаев менен С.Атамбаев тиешелүү көрсөтмөлөрүн күбө катарында бергенден кийин үйлөрүнө койо берилди. Ал эми Т.Султанбеков менен.А.Арматов ИИМдин Тергөө кызматында күбө катарында көрсөтмөлөрүн берүүдө.

17:57 10.10.2020

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен Фарид Ниязовду да кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлады.

 

17:32 10.10.2020
17:11 10.10.2020

УКМКдан бүгүн Алмазбек Атамбаевдин жана жан сакчысы Канат  Сагымбаев менен Дамир Мусакеев кайрадан кармалгандыгын билдиришти.

Ага массалык башаламандыкты уюштурган деген кине коюлган.  

16:19 10.10.2020

УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн Кой-Таштагы үйүнө барды. Бул тууралуу анын тарапташтары социалдык тармактарга жазышууда.
Интернетте Атамбаевдин үйүнүн жанында аскер кызматкерлеринин жүргөн видеосу чыкты. Алдын ала маалыматка ылайык Атамбаев ал жакта жок экени айтылууда.
Бул боюнча УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болгон жок. 

15:59 10.10.2020

Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, "Ала-Арча" резиденциясына баргандыгын жана депутаттар чогула электигин айтты. Тарапташтарын тартип бузбай, тынч болуп туруусун суранды. Тарапташтары анын сөзүн кыйкырып колдоп жатышат. 

15:51 10.10.2020
15:22 10.10.2020
Ситуация на площади Ала-Тоо после беспорядков - Sputnik Кыргызстан
15:17 10.10.2020
15:07 10.10.2020
14:45 10.10.2020
14:43 10.10.2020
14:06 10.10.2020
13:52 10.10.2020

Бир нече мүнөт мурун келген 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң "30 мүнөт убакыт беребиз" деп күзөтчүнү тилдеп кетишти.
 Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылды.

Бир нече мүнөт мурун келген 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң "30 мүнөт убакыт беребиз" деп күзөтчүнү тилдеп кетишти.

Алар Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөрүп жаткан митингди чагылдырууну талап кылууда.

Буга чейин мессенджерлерде sputnik.kg сайтынын атынан Садыр Жапаровдун кармалганы туурасында билдирүү тараган. Кийин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков сайтка мындай маалымат чыкпаганын, бул фейк экенин билдирген.

 

 


 

13:50 10.10.2020
Ситуация в Бишкеке после народных волнений 10 октября - Sputnik Кыргызстан
12:35 10.10.2020
12:21 10.10.2020

Бүгүн саат 16:00дө Борбордук аянтта бардык күч түзүмдөрү катышкан Бишкек шаардык гарнизонунун инструктажы болот.

Ал бардык түзүмдөрдүн Бишкектеги жарандардын коопсуздугун сактоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча кызматка чыгуу даярдыгын текшерет.

Ага ИИМ жетекчисинин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек  Орозалиев жетекчилик кылат.

11:19 10.10.2020

"Абалды курчутууну токтотуу зарыл!

"Жеке таарынычтардан жана өз ара дооматтардан өйдө болууга аракет жасоо керек. Анткени азыр Кыргызстандын келечеги үчүн жоопкерчилик силерде турат, адамдар силерге, силердин ынандырууңарга жана убадаларыңарга гана эмес, ошондой эле бүтүндөй мамлекетке  ишеним артуусу үчүн  силер жооптуусуңар. Бирок эгер силер бири-бириңер менен тынч жана өз ара тил табыша албаган шартта,  силер элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын кантип коргой аласыңар? Эгер өзүңөр ынтымакка жана өз ара түшүнүүчүлүккө жете албай жатсаңар,  өлкөнүн экономикасын кантип өнүктүрүп жана жарандарыбыздын турмушун жакшырта аласыңар?", - деп суроо салган.

   Бүгүн кечинде болгон окуялар жетээр чегине жетти, эгер андан аттаса эле, көз карандысыз, эгемендүү Кыргызстан болбой калуу коркунучу турат. Жагдай начарлап, оңдоого мүмкүн болбой калуусу ыктымал. Эгер азыр токтотпосок, анда ата бабаларыбыз бизге кылымдап берген мурасты жоготуп, бирдиктүү мамлекет болбой калуу коркунучу алдыда турат. Өлкө эң кооптуу чекте, андан ары баш аламандык жана кыйроо турат. 

Ушуларга жол койбоо үчүн мамлекеттик бийликтин учурдагы легитимдүү органы - КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары Кыргызстандын келечеги жана анын жарандарынын тагдыры үчүн жоопкерчиликти жеткире түшүнүүгө тийиш.  

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары толук курамда чогулуп, жаңы өкмөттүн программасын түзүмүн жана курамын бекитип, ошондой эле атаандашып турган саясий күчтөр, бирикмелер жана партиялардын ортосунда бекем көпүрө орнотуп берүү үчүн даанышмандык жана кыраакылык көрсөтүүңөр зарыл.

Бүгүн ар качанкыга караганда Кыргызстандын элине республиканын бардык жарандарынын алдында жана Мекенибиздин келечеги үчүн силердин жоопкерчилик  талап кылынат.

Өлкөнү кыйроодон сактап калалы!

11:17 10.10.2020

"Урматтуу жарандар, эгер издөөгө алынган киши тууралуу сиздерде маалымат болсо, жакынкы милиция кызматкерлерине же 102 номерине чалып кабарлап коюуну өтүнөбүз", — деп жазылат билдирүүдө.

 

Ношение огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Милиция аянттагы митингде аткылаган кишини издеп жатат
11:12 10.10.2020

Инфекциянын көбөйүшү байкалууда, бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

Бишкек - 53
Ош - 17
Чүй облусу – 16
Ош облусу - 69
Талас облусу – 7
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 12
Жалал-Абад облусу – 59
Баткен облусу - 71

 

11:11 10.10.2020
10:51 10.10.2020
Ситуация на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10:49 10.10.2020
10:41 10.10.2020

Кечээки митингде жабыркаган Тилек Токтагазиев менен Темир Сариевдин жан сакчысынын абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экөө тең Улуттук госпиталда жатат. "Бейтаптардын абалы туруктуу, башкача айтканда начарлап кеткен жок. Алган жараатына жараша орточо оор абалда", — дешти министрликтен.

Экөө тең башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Токтогазиевдин башына таш тийсе, жан сакчыны токмоктоп кетишкен.

10:39 10.10.2020
10:38 10.10.2020
10:10 10.10.2020

Улуттук госпиталга алты адам кайрылып, анын экөө жаткырылып, төртөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ал эми Чүй облустук ооруканасына кайрылган бир жаран амбулатордук жардам алган.

 

10:07 10.10.2020

"Элдин ишенимин жараткан өкмөттүн ордуна, тескерисинче, кыжыр кайнаткан маанайды түзүп, анын премьер-министрликке дайындалышы коомдо мындан аркы да силкинүүнү пайда кылат. Биз мындай тобокелге бара албайбыз, - деген Касымалиева. 

 

Депутат ЖК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Касымалиева: Садыр Жапаровдун ордуна башка талапкерди кароону сунуштайм
10:06 10.10.2020
Ситуация на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0