00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Размер страны в науке не имеет значения» — три эксперта о сотрудничестве России и Кыргызстана в образовании и исследованиях
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жер титирөөгө каршы жаңы технология: Кыргызстанда сейсмоизоляторлор менен имараттар курула баштайт
09:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Банка сгущёнки за лучшую находку - как работает подводная археологическая экспедиция на Иссык-Куле
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
1-сентябрдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм киргизилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн берилүүчү кошумча төлөмдөр 50 пайызга чейин көбөйтүлөт. "Мамлекеттик кызматкерлердин социалдык жактан корголушун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. 2022-жылдан бери жүргүзүлгөн реформалардын алкагында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орто эсеп менен 110 пайызга, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153 пайызга жогорулаган", — деген Касымалиев. Ошондой эле ал кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер улантыларын белгиледи.
Эл аралык баңгизат каналынын ишине бөгөт коюлуп, 50 килограмм маңзат алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.Маалымдалгандай, тыюу салынган заттар Афганстандан транзиттик маршруттар аркылуу Кыргызстанга жеткирилип, андан ары коңшу мамлекеттерге жөнөтүлмөк. Кылмыштуу топтун курамында кыргызстандыктар менен катар чет өлкөлүктөр да болгон. Учурда эки кыргызстандык тергөө абагына киргизилди. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен иш козголуп, тергөө амалдары уланууда.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбор Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстандагы качкындардын укуктарын коргоо, башпаанек издеген адамдарды жумуш менен камсыздоону мыйзамдык жөнгө салуу жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу маселелерин талкуулашты. Досматов өлкөдө Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык, качкындар үчүн атайын жол жүрүү документин киргизүү иштери жүрүп жатканын белгиледи. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, бул документтерди берүү тартиби үстүбүздөгү жылдын 6-августунан тарта күчүнө кирет."Мындан сырткары, качкындарды эсепке алууну өркүндөтүү максатында жакынкы арада адистештирилген санариптик маалымат базасын түзүү жана системаларды интеграциялоо пландалууда. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар качкындардын укуктук тутумун биргеликте өнүктүрүүнү улантууну макулдашты",-деп айтылат маалыматта.
Бишкектеги автобустарда накталай төлөм толук жоюлбай, бирок билетти айдоочудан түз сатып алганда жол кире акысы 60 сом болушу мүмкүн. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында айтылды. Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы коомдук транспортто накталай эсептешүүдөн толугу менен баш тартпоону караштырууда. Шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов накталай төлөмдү таптакыр жоюу мыйзамга каршы келерин айтып, бул демилгени вице-мэр Рамиз Алиев да колдоду.Мэриянын планы: ав
Жаңылыктар түрмөгү
0