00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
On air
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдардын гаджетке болгон көз карандылыгы менен кантип күрөшүү керек? Бала каршылык көрсөтсө эмне кылуу зарыл?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
По следам истории
Друг Юлиуса Фучика и основатель «Интергельпо» — Эльвира Маречек о судьбе деда, Рудольфа Маречека
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жылдыз Малдыбаеванын артында калган жарык из
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
113 предприятий к Дню независимости — сколько стоит одно рабочее место и что за этим стоит
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Эркектик бези — эркектин жүрөгү : Эркектер көп кабылган простатитти минералдык жолдор менен дарылоо мүмкүнбү?
21:10
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Нарын аймагындагы Жетим-Тоо кенин иштетүү үчүн мамлекет акча, инвестор караштырып жатканын Нарын эли менен жолугуп жатканда айтты. Мамлекет башчы ушул тапта кен боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, бийлик аны Кумтөр сыяктуу 100 пайыз өзү иштеткенге аракет көрүп жатканын билдирди. Буга өтө чоң каражат керек экенин кошумчалады. "Биз жөн эле сырьену сатып ийбей, металлды иштетип чыгара турган завод куруп, 100 пайыз металлды иштетип чыгарышыбыз керек экен. Орто эсепте ага 9 миллиардга жакын доллар кетет. Бирок ишке кирип калса өзүн 5-10 жылда актайт экен. Биз азыр ошол каражатты издеп, аракет кылып жатабыз. Күчүбүз жетип калса өзүбүз иштетебиз, жетпесе 70/30 дейбизби, 60/40 дейбизби, инвестор тапсак, алар менен кошо иштетебиз", – деди Жапаров. Айта кетсек, Жетим-Тоо — өлкөдөгү эң ири металл кендеринин бири. Болжол менен анда 50 млрд. долларлык кор бар.
Бүгүн Кара-Суу районунда (Ош облусу) нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош — Алай жолунда сел жүрүп, алты адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган трассада сел жеңил автоунааны агызып кеткен. Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн кийин ӨКМдин куткаруучулары кырсык болгон жерге барып, издөө, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн. Алар кырсыкка кабылып каза болгон алты адамдын сөөгүн тапкан. Алардын төртөө бир үй-бүлө экени айтылды. Мындан тышкары, дагы эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. ӨКМ жарандарды нөшөрдө тоолуу жана сел коркунучу бар аймактарда өзгөчө этият болууга, аба ырайы боюнча берилген шашылыш эскертүүлөрдү эске алууга чакырды.
26-июндан тарта Ош — Тамчы — Ош авиакаттамы жанданат. Бул тууралуу Asman Airlines авиакомпаниясы кабарлады. Эл эми жумасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү уча алат. Каттамдар күндүн биринчи жарымында боло турганын айтышты. Учуу убактысы болжол менен бир саатты түзөт. Бир багыт үчүн билеттин баасы 6,5 миң сом деп белгиленген.
Бизди жеңе албагандыктан АКШнын Кубага жасаган басымы дагы деле уланууда. Бул туурасында куба компанияларына каршы америкалык жаңы санкциялардан улам аталган мамлекеттин президенти Мигель Диас-Канель айтканын РИА Новости жазды. Анын айтымында, Вашингтондун ар бир кадамы өлкөнү калктын негизги муктаждыктарын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга багытталган. Муну алар "киреше булактарына, каржы механизмдерине, күйүүчү май ташуу иштерине чабуул жасоо аркылуу" ишке ашырууда. "Бизди жеңе албай, АКШнын агрессиясы күчөп жатат. Алардын бийлиги согуш шартында эч бир өлкө жашап кете албайт деп эсептейт. Бирок алар айбат кылып, каршылык көрсөткөнүбүзгө таң калып жатышат", — деп жазды Мигель Диас-Канель. Буга чейин Кубанын ТИМ башчысы Бруно Родригес АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын кубалык компаниялар менен жеке жактарга койгон жаңы чектөөлөрүн кылмыш деп атаган.
Венесуэлада жер катуу титиреп, бийлик өзгөчө кырдаал жарыялады. Биринчи ирет магнитуда 7,2, ал эми экинчисинде 7,5ке жеткен. Бир нече имарат толук талкаланган. Борбор шаар Каракастагы Майкетия аба майданы жабылган. Пуэрто-Рикодо, Японияда жана Виргин аралдарында цунами кооптуулугу жаралганы боюнча маалыматтар жарыяланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0