https://sputnik.kg/20260624/1102052620.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн. Жогорку Кеңеш шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун... 24.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-24T13:00+0600
2026-06-24T13:00+0600
2026-06-24T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/18/1102052454_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ba794cd45fbe2dad4a2aa7371a296cca.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн. Жогорку Кеңеш шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.Ага ылайык, шайлоону аптанын акыркы шаршембисинде өткөрүү сунушталып жатат. Парламент тарабынан жактырылган өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоо күнүн иш күнүнө жылдыруу каралууда. Демилгечилер бул кадам шайлоочулардын катышуусун жогорулатууга жардам берет деп эсептешет. Ошол эле учурда шайлоо күнү төлөнүүчү эс алуу күнү болушу мүмкүн экени айтылды. Учурдагы тартипке ылайык, добуш берүү январь айынын акыркы жекшембисинде өтөт. Ошондуктан кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 31-январына белгиленген болчу.Мыйзам долбоорун эми президент кол коюп бекитиши керек.Буга чейин демилгени Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев көтөргөн.
Президент Садыр Жапаров ата-энелерди балдардын смартфон колдонуусун чектөөгө жана алар менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө чакырды. Мамлекет башчысы бул тууралуу Жумгал районунун тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.Жапаров өзүнүн неберелерине да смартфон карматууга тыюу салганын айтып, ата-энелер балдары менен ойноого жана сүйлөшүүгө көбүрөөк көңүл бурушу керектигин белгиледи.Президенттин айтымында, азыркы тапта балдар мектептен келери менен телефонго үңүлүп, натыйжада үй-бүлөлүк жандуу баарлашуу азайып баратат. Мындан сырткары, ал өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо кыргыздын тарыхын, салт-санаасын жана улуттук баалуулуктарын үйрөтүү маанилүү экенин белгиледи.Бул жолугушууда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева да сүйлөп, өлкөдөгү мектептердин ичинде окуучулардын смартфон колдонуусуна расмий түрдө тыюу салынганын дагы бир ирет эске салды.
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер менен байланышты чыңдоо — Россиянын тышкы экономикалык саясатындагы эң негизги багыттардын бири. Бул тууралуу РФ Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Владимир Падалко Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун Ишкерлер кеңешинин жыйынында билдирди.Анын айтымында, бүгүнкү күндө Россиянын ШКУга кирген башка өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүүсү 400 миллиард доллардан ашты."Өнөктөштүктүн потенциалын толук пайдалануу үчүн биз биргелешип иштешибиз керек. Өз ара соода-сатыкты жеңилдетүү, инвесторлорго жакшы шарт түзүү, ошондой эле бирдиктүү транспорт, энергетика жана маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чараларды чогуу иштеп чыгууга даярбыз", — деди Падалко.
Балыкчы шаарында белгилүү орус окумуштуусу, географ жана саякатчы Петр Семенов-Тян-Шанскийдин реставрацияланган эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага катышкандар анын Тянь-Шань тоолорун жана Ысык-Көл аймагын илимий изилдөөгө кошкон салымын белгилешти. Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеевдин айтымында, окумуштуу Ысык-Көлдүн жаратылышын, Ала-Тоо тоолорун жана кыргыз элинин тарыхы менен маданиятын изилдөөнүн негизин түптөгөн.Анын белгилешинче, Семенов-Тян-Шанский Тянь-Шандын тоо кыркаларын алгачкылардан болуп картага түшүргөн, аймактагы жаратылыш зоналарын сүрөттөгөн жана Ысык-Көлдүн агып чыкпаган көл экенин илимий жактан далилдеген.Кыргыз-Россия Славян университетинин Тарыхый-маданий мурастар борборунун жетекчиси Леонид Сумароков эстеликтин калыбына келтирилиши тарыхый мурасты сактоо жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого багытталганын билдирди.Эстеликти реставрациялоо Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча иш-чаралардын алкагында ишке ашырылды.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн. Жогорку Кеңеш шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.Ага ылайык, шайлоону аптанын акыркы шаршембисинде өткөрүү сунушталып жатат. Парламент тарабынан жактырылган өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоо күнүн иш күнүнө жылдыруу каралууда. Демилгечилер бул кадам шайлоочулардын катышуусун жогорулатууга жардам берет деп эсептешет. Ошол эле учурда шайлоо күнү төлөнүүчү эс алуу күнү болушу мүмкүн экени айтылды. Учурдагы тартипке ылайык, добуш берүү январь айынын акыркы жекшембисинде өтөт. Ошондуктан кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 31-январына белгиленген болчу.Мыйзам долбоорун эми президент кол коюп бекитиши керек.Буга чейин демилгени Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев көтөргөн.Президент Садыр Жапаров ата-энелерди балдардын смартфон колдонуусун чектөөгө жана алар менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө чакырды. Мамлекет башчысы бул тууралуу Жумгал районунун тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.Жапаров өзүнүн неберелерине да смартфон карматууга тыюу салганын айтып, ата-энелер балдары менен ойноого жана сүйлөшүүгө көбүрөөк көңүл бурушу керектигин белгиледи.Президенттин айтымында, азыркы тапта балдар мектептен келери менен телефонго үңүлүп, натыйжада үй-бүлөлүк жандуу баарлашуу азайып баратат. Мындан сырткары, ал өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо кыргыздын тарыхын, салт-санаасын жана улуттук баалуулуктарын үйрөтүү маанилүү экенин белгиледи.Бул жолугушууда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева да сүйлөп, өлкөдөгү мектептердин ичинде окуучулардын смартфон колдонуусуна расмий түрдө тыюу салынганын дагы бир ирет эске салды.Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер менен байланышты чыңдоо — Россиянын тышкы экономикалык саясатындагы эң негизги багыттардын бири. Бул тууралуу РФ Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Владимир Падалко Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун Ишкерлер кеңешинин жыйынында билдирди.Анын айтымында, бүгүнкү күндө Россиянын ШКУга кирген башка өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүүсү 400 миллиард доллардан ашты."Өнөктөштүктүн потенциалын толук пайдалануу үчүн биз биргелешип иштешибиз керек. Өз ара соода-сатыкты жеңилдетүү, инвесторлорго жакшы шарт түзүү, ошондой эле бирдиктүү транспорт, энергетика жана маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чараларды чогуу иштеп чыгууга даярбыз", — деди Падалко.Балыкчы шаарында белгилүү орус окумуштуусу, географ жана саякатчы Петр Семенов-Тян-Шанскийдин реставрацияланган эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага катышкандар анын Тянь-Шань тоолорун жана Ысык-Көл аймагын илимий изилдөөгө кошкон салымын белгилешти. Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеевдин айтымында, окумуштуу Ысык-Көлдүн жаратылышын, Ала-Тоо тоолорун жана кыргыз элинин тарыхы менен маданиятын изилдөөнүн негизин түптөгөн.Анын белгилешинче, Семенов-Тян-Шанский Тянь-Шандын тоо кыркаларын алгачкылардан болуп картага түшүргөн, аймактагы жаратылыш зоналарын сүрөттөгөн жана Ысык-Көлдүн агып чыкпаган көл экенин илимий жактан далилдеген.Кыргыз-Россия Славян университетинин Тарыхый-маданий мурастар борборунун жетекчиси Леонид Сумароков эстеликтин калыбына келтирилиши тарыхый мурасты сактоо жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого багытталганын билдирди.Эстеликти реставрациялоо Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча иш-чаралардын алкагында ишке ашырылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/18/1102052454_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_02825807d5311d5dfbfdff832295b15f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио