00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жарандарды медициналык жардам менен камсыздоонун жаңы мамлекеттик кепилдик программасы: кыргызстандыктар үчүн эмне өзгөрөт?
11:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
9 мин
Максимальный репост
On air
12:11
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык программа менен үй курууда кичи шаарларга басым жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нарындын Жумгал районунда эл менен жолугушууда билдирди.Анын айтымында, айыл жана шаарларда жер тартыштыгынан улам бийикти көздөй өсүү зарылдыгы жаралууда."Бишкек, Ошко жана облустардын борборлоруна куруп жатканбыз. Азыр анын баарын токтоттук да, район борборлоруна, 33 кичи шаарга жана айылдарга чейин кирип жатабыз. Антпесек, айылдарда кезекке тургандар көп болуп, чыдамы кетип жатат", — деди мамлекет башчы.
ШКУ Россия, Кытай, Индия жана Иран сыяктуу ири мамлекеттерди камтыган, 10 өлкөнү бириктирген эң чоң интеграциялык уюм. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев билдирди. Ал бүгүн, 24-июнда, Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Ишкерлер кеңешинин 27-жыйынына катышууда. Сариев быйылкы жыйын уюмдун 25 жылдык мааракесине туш келгени менен өзгөчөлөнөт. "Азыркы заманда башкалар менен жалгыз атаандашуу абдан кыйын. Ал эми ушундай чоң союзга бириккенде чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Дүйнөнүн көңүлү Азияга, Түштүк-Чыгыш Азияга оооп жаткан чакта, бул жыйын биздин ишкерлер үчүн жаңы эшиктерди ачат", — деди Сариев.Ошондой эле Темир Сариев бүгүн түштөн кийин чоң инвестициялык форум өтөрүн, анда атайын B2B жолугушуулары уюштурулуп, Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси өздөрүнө жаңы өнөктөштөрдү таба аларын кошумчалады.
Быйылкы жылдын алгачкы 5 айында Кыргызстанда кибералдамчылык боюнча козголгон 2 миң 48 кылмыш ишинин 42 пайызынын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү Чолпон Назаркулова "Кабарга" билдирди. Анын айтымында, калган кылмыш иштер боюнча тергөө иштери уланууда жана бул көрсөткүч акыркы жыйынтык эмес. “Белгилүү болгондой, тергөөнүн мөөнөтү 2 ай. Эгер бул убакыт жетишсиз болсо, тергөөчү аны узартууга укуктуу. Ошондуктан бүгүнкү күнгө карата кылмыштардын 42%нын бети ачылганы менен бул сан дагы өзгөрүшү мүмкүн. Учурда калган иштер боюнча тергөө жүрүп жатат”, - деди ал. Назаркулова белгилегендей, кибералдамчылык боюнча кылмыштарды ачууда жарандардын өз убагында кайрылуусу чоң роль ойнойт. “Жабырлануучулар тез арада арыз менен кайрылса, кылмышкерлерди аныктоо мүмкүнчүлүгү жогору болот. Бирок, көп учурда жарандар кеч кайрылып жатат. Акчалар бир нече эсептерге которулуп кеткенден кийин аларды табуу кыйындап кетет. Айрым учурларда каражаттар криптовалютага айланып кетет”, - деп кошумчалады ал.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн терактылары фронттогу абалга таасир эте албайт. Россиялык аскерлер аймактарды биринин артынан бирин бошотууда. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен курган жыйында билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, жарандык инфраструктурага жасалган чабуулдар, анын ичинде Брянскиде беларус балдар бараткан автобуска жана Старобельск шаарындагы студенттик жатаканага урулган соккулар фронттогу кырдаалды өзгөртө албайт. Путин Киев сүйлөшүүлөрдү жандантууда күчтүү позицияда экенин көрсөтүү үчүн чабуул жасап жатканын, бирок согуш талаасындагы чыныгы абал такыр башкача экенин кошумчалады. Өлкө башчысы тынчтык сүйлөшүүлөрү чыныгы кырдаалга жараша жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0