00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компания Ысык-Көл облусунун Түп айылында көп кабаттуу турак жайларды курат. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев "Хан-Теңири-5" турак жай комплексине капсула салды. Ал мамлекет башчысынын демилгеси менен жарандарды турак жай менен камсыздоо иштери өлкөнүн бардык аймактарында ырааттуу жүргүзүлүп жатканын белгиледи. "Кыргызстан — тоолуу өлкө. Калкыбыздын басымдуу бөлүгү аймактарда жашайт. Ошондуктан заманбап турак жайларды борбор калаада гана эмес, райондордо жана алыскы аймактарда да куруу бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат", — деди ал. Буга чейин президент Садыр Жапаров МИК мындан ары кичи шаарлар менен район борборлоруна да көңүл бурарын айткан.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы селден 10 жаштагы эки бала жабыркады. Алардын абалы тууралуу Алай райондук ооруканасынын директору Дайыр Адыров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Анын айтымында, кырсык боюнча чакыруу саат 14:30дар чамасында түшкөн. "Ошол учурда кырсык болгон Чыйырчык ашуусуна башка эле иштер менен санавиация да келе жаткан экен. Биздин кызматкерлер жеткиче алар алгачкы жардамды көрсөтүшкөн. 10 жаштагы эки жана 3 жаштагы бир баланы биздин ооруканага алып жөнөшкөн. Кичинекей кыз жарааты оор болгондуктан жолдо чарчап калды. Ал эми берки балдардын бирөөнүн абалы жакшы болгондуктан үйүнө чыгууга уруксат бердик. Экинчиси катуу коркуп калган, анын мээси чайкалып, жеңил жаракат алган", — деди Адыров. Белгилей кетсек, 24-июнда Ош облусунун Чыйырчык аймагында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, алты адамдын өмүрүн алды. Балдар Ош шаарынан келе жаткан унаада болушкан.
Балыкчыда жол боюнда балык саткандарга базар салынып, пайдаланууга берилди. Муниципалдык базар 133 орундуу. Жайкы мезгилде бул жерде жергиликтүү дыйкандар мөмө-жемиштерин да түз сата алышат.
Бишкектин Свердлов районундагы №2 медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын эки дарыгери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улукттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Ага ылайык, комиссиянын төрагасы Ч.Т. жана эксперт-дарыгер Т.Э. жарандардын майыптык макамын белгилөө жана анын мөөнөтүн узартуу маселелерин чечип берүү үчүн системалуу түрдө акча алып турушкан. Атайын кызмат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого, коррупцияга аралашпоого, ал үчүн жоопкерчилик сөзсүз болорун эстен чыгарбоого чакырды. Буга чейин бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Улукбек Карыбек уулу медициналык-социалдык эксперттик комиссияда документтерди тариздөө үчүн жарандардан акча талап кылынарын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0