Милиция аянттагы митингде аткылаган кишини издеп жатат

© Фото / Pixabay / kerttuКиши пистолет кармап турат. Архив
Киши пистолет кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя боюнча 264-берене ("Массалык башаламандык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, ыкчам издөө иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин криминалдык милиция кызматы "Ала-Тоо" аянтындагы митингде ок чыгарган кишини издеп жатат. Бул туурасында ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган окуя боюнча 264-берене менен ("Массалык башаламандык") сотко чейинки өндүрүш ачылып, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат. Тапанча менен аткылаган азиат тектүү киши өздүгү жана каякта жүргөнү аныкталууда.

"Урматтуу жарандар, эгер издөөгө алынган киши тууралуу сиздерде маалымат болсо, жакынкы милиция кызматкерлерине же 102 номерине чалып кабарлап коюуну өтүнөбүз", — деп жазылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 9-октябрда кечке жуук "Форум" мекемесине чогулган мурдагы президент Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталганда Жапаровдун тарапташтары аянтты ээлеп алган. Ал ортодо саясатчылардын автоунаасын белгисиз адам аткылаган.

ИИМге жана Бишкек милициясына жаңы жетекчи дайындалды

Кагылышуунун кесепетинен беш киши жаракат алды. Алардын арасында башынан жаракат алган "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев менен саясатчы Темир Сариевдин жан сакчысы дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0