https://sputnik.kg/20260624/1102059918.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Инвестициялык жана бизнес-форумуна Кыргызстан төрагалык кылууда. Иш-чараны Улуттук инвестиция агенттиги жана... 24.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-24T17:00+0600
2026-06-24T17:00+0600
2026-06-24T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/18/1102059752_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0352901af8e6fb878cd4b49f1ee15178.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Инвестициялык жана бизнес-форумуна Кыргызстан төрагалык кылууда. Иш-чараны Улуттук инвестиция агенттиги жана Соода-өнөр жай палатасы уюштурду.Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес-чөйрөнүн, инвестициялык фонддордун, каржы институттарынын жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров, ошондой эле Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышып жатат.Форумдун алкагында саламаттык сактоо, фармацевтика тармагы, медициналык туризм, санариптик экономика, жасалма интеллект, электрондук соода, өнөр жай кооперациясы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланууда. Мындан тышкары, пленардык жыйындар, панелдик сессиялар, B2B жолугушуулар, инвестициялык көргөзмө жана маданий программа өткөрүлөт.Форумдун жыйынтыгында биргелешкен резолюцияга жана бир катар келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугунун Кыргызстанга болгон кызыгуусу артканы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин башчысы Равшан Сабиров Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) бизнес-форумунда билдирди.Ал өлкөнүн БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланганын жана жергиликтүү авиакомпаниялар Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгарылганын эске салды. "Ушул себептерден улам дүйнө жүзү Кыргызстанга өтө кызыга баштады", — деди Сабиров. Ал бүгүнкү форумдун мааниси абдан зор экендигин белгиледи, анткени ШКУга кирген мамлекеттерде жалпысынан 3,5 миллиарддан ашык адам жашайт. Мындан улам бул форумду жыл сайын уюмга төрагалык кылган өлкөдө өткөрүп туруу сунушталды.
Украина менен Беларустун чек арасында абал улам курчуп баратат. Бул тууралуу ЖККУнун туруктуу кеңешинин төрагасы, Россиянын уюмдагы өкүлү Виктор Васильев билдирди.Ал бул тууралуу Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Эл аралык юридикалык форумда сүйлөп жатып айтты. "Украина менен Беларустун чек арасында абал курчуп жатат. Ал эми Украинанын учкучсуз учактарынын Россиянын аймагына кирип келиши дээрлик күнүмдүк көрүнүшкө айланды", — деди Васильев.Эскерте кетсек, Санкт-Петербургдагы XIV Эл аралык юридикалык форум 24-июндан 26-июнга чейин созулат.
Киев бийлиги жасалган кылмыштар үчүн юридикалык жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.Анын айтымында, Россия кылмыш деп эсептеген бардык фактылар документтештирилип, кийин кароо үчүн архивге сакталууда. Песков ошондой эле аскерлер жана тиешелүү мекемелер украин армиясынын жарандык инфраструктурага жасаган чабуулдарынын кесепеттерин азайтуу боюнча күнү-түнү иш алып барып жатканын айтты. Мындан тышкары, ал Украинанын кармашта абалы начарлап бара жатканын жана убакыттын өтүшү менен бул мындан ары да начарлай бериши ыктымалдыгын белгиледи. Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин өкмөттүк жыйында Украина жеңилип бараткан сайын жарандык объектилерге сокку уруп жатканын билдирген. Ал ошондой эле кол салуулардын кесепеттерин азайтуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү тапшырган.
Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Инвестициялык жана бизнес-форумуна Кыргызстан төрагалык кылууда. Иш-чараны Улуттук инвестиция агенттиги жана Соода-өнөр жай палатасы уюштурду.Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес-чөйрөнүн, инвестициялык фонддордун, каржы институттарынын жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров, ошондой эле Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышып жатат.Форумдун алкагында саламаттык сактоо, фармацевтика тармагы, медициналык туризм, санариптик экономика, жасалма интеллект, электрондук соода, өнөр жай кооперациясы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланууда. Мындан тышкары, пленардык жыйындар, панелдик сессиялар, B2B жолугушуулар, инвестициялык көргөзмө жана маданий программа өткөрүлөт.Форумдун жыйынтыгында биргелешкен резолюцияга жана бир катар келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.Бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугунун Кыргызстанга болгон кызыгуусу артканы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин башчысы Равшан Сабиров Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) бизнес-форумунда билдирди.Ал өлкөнүн БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланганын жана жергиликтүү авиакомпаниялар Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгарылганын эске салды. "Ушул себептерден улам дүйнө жүзү Кыргызстанга өтө кызыга баштады", — деди Сабиров. Ал бүгүнкү форумдун мааниси абдан зор экендигин белгиледи, анткени ШКУга кирген мамлекеттерде жалпысынан 3,5 миллиарддан ашык адам жашайт. Мындан улам бул форумду жыл сайын уюмга төрагалык кылган өлкөдө өткөрүп туруу сунушталды.Украина менен Беларустун чек арасында абал улам курчуп баратат. Бул тууралуу ЖККУнун туруктуу кеңешинин төрагасы, Россиянын уюмдагы өкүлү Виктор Васильев билдирди.Ал бул тууралуу Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Эл аралык юридикалык форумда сүйлөп жатып айтты. "Украина менен Беларустун чек арасында абал курчуп жатат. Ал эми Украинанын учкучсуз учактарынын Россиянын аймагына кирип келиши дээрлик күнүмдүк көрүнүшкө айланды", — деди Васильев.Эскерте кетсек, Санкт-Петербургдагы XIV Эл аралык юридикалык форум 24-июндан 26-июнга чейин созулат.Киев бийлиги жасалган кылмыштар үчүн юридикалык жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.Анын айтымында, Россия кылмыш деп эсептеген бардык фактылар документтештирилип, кийин кароо үчүн архивге сакталууда. Песков ошондой эле аскерлер жана тиешелүү мекемелер украин армиясынын жарандык инфраструктурага жасаган чабуулдарынын кесепеттерин азайтуу боюнча күнү-түнү иш алып барып жатканын айтты. Мындан тышкары, ал Украинанын кармашта абалы начарлап бара жатканын жана убакыттын өтүшү менен бул мындан ары да начарлай бериши ыктымалдыгын белгиледи. Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин өкмөттүк жыйында Украина жеңилип бараткан сайын жарандык объектилерге сокку уруп жатканын билдирген. Ал ошондой эле кол салуулардын кесепеттерин азайтуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү тапшырган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/18/1102059752_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_58932cb2d4a0f5d2d78fd2b603308860.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио