00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жарандарды медициналык жардам менен камсыздоонун жаңы мамлекеттик кепилдик программасы: кыргызстандыктар үчүн эмне өзгөрөт?
11:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
9 мин
Максимальный репост
On air
12:11
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Депутат Болот Ибрагимов жол эрежесин одоно бузгандарга айыптарды көбөйтүү жана кайталап эреже бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Анда светофор кызыл күйүп турганда өтүп кеткендерге 20 миң сом айып жана 6 айга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу; каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып жана 6 айга машина айдоо укугунан ажыратуу; уруксат берилген чектен ылдамдыкты 20–40 чакырым ашырып жибергендерге 5 миң сом айып; ылдамдыкты 60 чакырымдан ашык ашыргандарга 20 миң сом айып жана 6 айга айдоочулук укуктан ажыратуу; мамлекеттик номери жок же номерин атайын жашыргандарга 15 миң сом айып мындай мыйзам бузуу 6 ай ичинде кайталанса, жарым жылга күбөлүктөн ажыратуу; жашы жете элек бала рулга отуруп, зыян келтирсе, ата-энесине 20 миң сом айып; балдарды ылайыкталган атайын отургучсуз ташыгандарга 2 миң сом айып; коопсуздук курун тагынбагандарга же мотошлем кийбегендерге 3 миң сом айып салуу сунушталды. Демилгечинин айтымында, өзгөртүүлөр жол кырсыктарын азайтууга жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.
Депутат Бишкек — Суусамыр — Талас альтернативдүү жолун курууга чакырды. Бактыбек Чойбеков бул жол салынса, Өтмөк жана Төө-Ашууну кыйгап өтүүгө мүмкүндүк түзүлөрүн айтты. Мындан тышкары ал жолду эл учурда каттап жүргөнүнө альтернатива катары пайдаланууга болорун кошумчалады. Эл өкүлү жолду акы төлөп жүргүдөй кылса да болоорун белгилеп, учурда анын айрым бөлүктөрүн чабандар колдонуп жүргөнүн кошумчалады.
Кыргызстанда кытайлык ири корпорация мунай-газ тармагындагы ишканаларды курушу мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында мунай-газ компаниясы — Sinopec корпорациясынын жетекчиси менен жолукту. Өкмөттүн маалымат кызматы анда аталган тармакта биргелешкен өндүрүш жана кайра иштетүүчү компанияларды куруу, ошондой эле кайра жаралуучу энергиянын булактары боюнча долбоорлор каралганын билдирди. Сапардын жүрүшүндө Акунбеков андан башка бир катар компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жолугушууда Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди, анын ичинде карбамид жана азоттук жер семирткичтерди өндүрүүчү завод куруу долбоору сунушталды.
"Кыргызстан аэропорттору" ишканасы Бишкекте "Манас" аба майданына кеткен жолдун боюндагы бак-дарактарды кыюунун себептерин түшүндүрдү. Буга чейин социалдык тармактарда кыйылган бактардын видеолору тарап, шаардыктардын нааразылыгын жараткан. Компаниядан бул боюнча түшүндүрмө берип, дарактар аэропортко бара турган жаңы альтернативдик жолду куруу үчүн кыйылып жатканын билдиришти. "Ал жерде өскөн туя башка жерге көчүрүлөт. Ал эми айрым теректерди кыюуга туура келет, анткени бул жерге айланма жол курулат. Жаңы аэробекеттин курулушунан кийин жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйөт, тыгындар пайда болушу мүмкүн. Муну алдын алуу үчүн бак-дарактарды кыюуга туура келүүдө", — дешти "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан. Буга чейин "Манас" аэропортуна кетчү жаңы жол салынары кабарланган.Трасса азыркы жолдун түштүк жагына түшүп, узундугу 1,6 чакырымды түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0