https://sputnik.kg/20260625/1102076549.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин жыйынтыктап, депутаттар жайкы эс алууга тарашты.Жыйындын жүрүшүндө төрага Марлен Маматалиев өткөн сессиянын... 25.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-25T17:00+0600
2026-06-25T17:00+0600
2026-06-25T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/19/1102076379_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5dbdffe7db7c767ea7d706c660353054.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин жыйынтыктап, депутаттар жайкы эс алууга тарашты.Жыйындын жүрүшүндө төрага Марлен Маматалиев өткөн сессиянын жыйынтыгын чыгарып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынганын белгиледи.Анын айтымында, жыл башынан бери парламент тарабынан 145 мыйзам долбоору кабыл алынып, анын 94үнө президент кол койгон.Депутаттар жайкы тыныгуудан кийин өз ишин сентябрь айында улантышат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго чейин жогорулатуу демилгеси каралып жатканын билдирди.“Пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом алышат экен. Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирип, каражатты теңөөгө ниеттенип жатабыз. Үй-бүлөсүнүн абалын жакшыртуу үчүн жөлөк пул алып жүргөн энелерге социалдык келишим аркылуу 150 миң сом берүүнү же алардын учурдагы 3000 сомуна дагы 2000 сом кошуп, 5000ге жеткирүүнү караштыруудабыз. Ал эми пенсия курагындагыларга берилген 1000 сом өтө аз. Биз бул каражатты 5000 сомго чейин көтөрүүнү пландап жатабыз. Буга 1 млрд 600 млн сом талап кылынат. Учурда Финансы министрлиги менен иштешип, каржылоо булактарын карап жатабыз. Эгерде 2027-жылдын бюджетине кирсе, бул мыйзамды кабыл алып беребиз”, — деди Марлен Маматалиев.
Чет өлкөлөрдө Кыргызстанда өндүрүлгөн мөмө-жемиш жана жашылча ширелерине болгон кызыгуу бир топ өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында өлкө сыртка 295,5 тонна шире саткан. Бул продукциянын дээрлик бардыгы Россия менен Казакстанга (ЕАЭБ өлкөлөрүнө), ал эми калган 20,5 тоннасы Өзбекстанга экспорттолгон. Салыштырмалуу айтсак, өткөн жылдын алгачкы төрт айында чет өлкөгө болгону 33,9 тонна гана шире сатылган болчу. Демек, бул көрсөткүч былтыркыга караганда дээрлик 9 эсеге өскөнүн көрүүгө болот.
КМШ мейкиндиги геосаясий атаандаштар тарабынан жүргүзүлгөн гибриддик чабуулдарга дайыма дуушар болуп жатат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Сергей Лебедев XII Эл аралык илимий-эксперттик "Примаков окуулары" форумунун алкагында өткөн "Евразиялык коопсуздук — 2035" жыйынында билдирди. Ал бүгүнкү күндө Евразия чөлкөмүндөгү коопсуздук маселеси эчак эле аскерий-саясий алкактан чыгып кеткенин белгиледи. Лебедевдин айтымында, азыркы тапта мамлекеттердин эгемендүүлүгү үчүн башкы салгылашуулар курал менен эмес, санарип (интернет) жана маалыматтык мейкиндикте жүрүп жатат. "Биз өлкөлөрүбүздүн маанилүү маалыматтык инфраструктурасын, анын ичинде мамлекеттик башкаруу, энергетика жана транспорт системаларын бузуп кирүү боюнча туруктуу аракеттерди көрүп жатабыз", — деди ал. Башкы катчы КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттердин технологиялык жана санариптик көз карандысыздыгын чыңдоо боюнча буга чейин эле чоң иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин жыйынтыктап, депутаттар жайкы эс алууга тарашты.Жыйындын жүрүшүндө төрага Марлен Маматалиев өткөн сессиянын жыйынтыгын чыгарып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынганын белгиледи.Анын айтымында, жыл башынан бери парламент тарабынан 145 мыйзам долбоору кабыл алынып, анын 94үнө президент кол койгон.Депутаттар жайкы тыныгуудан кийин өз ишин сентябрь айында улантышат.Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго чейин жогорулатуу демилгеси каралып жатканын билдирди.“Пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом алышат экен. Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирип, каражатты теңөөгө ниеттенип жатабыз. Үй-бүлөсүнүн абалын жакшыртуу үчүн жөлөк пул алып жүргөн энелерге социалдык келишим аркылуу 150 миң сом берүүнү же алардын учурдагы 3000 сомуна дагы 2000 сом кошуп, 5000ге жеткирүүнү караштыруудабыз. Ал эми пенсия курагындагыларга берилген 1000 сом өтө аз. Биз бул каражатты 5000 сомго чейин көтөрүүнү пландап жатабыз. Буга 1 млрд 600 млн сом талап кылынат. Учурда Финансы министрлиги менен иштешип, каржылоо булактарын карап жатабыз. Эгерде 2027-жылдын бюджетине кирсе, бул мыйзамды кабыл алып беребиз”, — деди Марлен Маматалиев.Чет өлкөлөрдө Кыргызстанда өндүрүлгөн мөмө-жемиш жана жашылча ширелерине болгон кызыгуу бир топ өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында өлкө сыртка 295,5 тонна шире саткан. Бул продукциянын дээрлик бардыгы Россия менен Казакстанга (ЕАЭБ өлкөлөрүнө), ал эми калган 20,5 тоннасы Өзбекстанга экспорттолгон. Салыштырмалуу айтсак, өткөн жылдын алгачкы төрт айында чет өлкөгө болгону 33,9 тонна гана шире сатылган болчу. Демек, бул көрсөткүч былтыркыга караганда дээрлик 9 эсеге өскөнүн көрүүгө болот.КМШ мейкиндиги геосаясий атаандаштар тарабынан жүргүзүлгөн гибриддик чабуулдарга дайыма дуушар болуп жатат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Сергей Лебедев XII Эл аралык илимий-эксперттик "Примаков окуулары" форумунун алкагында өткөн "Евразиялык коопсуздук — 2035" жыйынында билдирди. Ал бүгүнкү күндө Евразия чөлкөмүндөгү коопсуздук маселеси эчак эле аскерий-саясий алкактан чыгып кеткенин белгиледи. Лебедевдин айтымында, азыркы тапта мамлекеттердин эгемендүүлүгү үчүн башкы салгылашуулар курал менен эмес, санарип (интернет) жана маалыматтык мейкиндикте жүрүп жатат. "Биз өлкөлөрүбүздүн маанилүү маалыматтык инфраструктурасын, анын ичинде мамлекеттик башкаруу, энергетика жана транспорт системаларын бузуп кирүү боюнча туруктуу аракеттерди көрүп жатабыз", — деди ал. Башкы катчы КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттердин технологиялык жана санариптик көз карандысыздыгын чыңдоо боюнча буга чейин эле чоң иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/19/1102076379_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5773f9b2e4c44306831a913eb3d238fc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио