https://sputnik.kg/20260625/1102070774.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензин тартыш болуп жатат. Бул тууралуу мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди. Ал Россиядагы... 25.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-25T13:00+0600
2026-06-25T13:00+0600
2026-06-25T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/19/1102070608_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_54502a60d3ca1bfd507b862fb204288b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензин тартыш болуп жатат. Бул тууралуу мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди. Ал Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор дрон чабуулдарына кабылганына байланыштуу абал оорлоп кеткенин белгиледи. "Азыр мунай ташуучулар Россиянын заводдорунан АИ-95 бензинин караштырып жатат. Ошол эле учурда анын керектөө көлөмү анча чоң эмес, негизинен АИ-92 колдонулат. Ал эми АИ-92 жана дизель майы боюнча маселе жок", — деди Эшатов. Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда айрым май куюучу бекеттерде АИ-95 жок болуп жатканы айтылган.
Сокулук районунда Hyundai Sonata менен Чүй каналына түшүп кеткен 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди. Кырсык 21-июнда Кожомкул айылында болгон. ӨКМ кызматкерлери автоунаанын ээсин төрт күндөн бери издеп жатышкан.
Кара-Балта шаарында кишинин аялды көчөдө сабап жиберген видеосу социалдык тармактарга тарады. Чүй облустук милициясы окуя боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Видеодон киши жолдун так ортосунда аялга кол көтөргөнүн көрүүгө болот. Аны өтүп бара жаткандар арачалап калган. Учурда милиция видеодогу кишинин аты-жөнүн тактап жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чара көрүлөрү кошумчаланды.
Россиянын ТИМи Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокурор Карим Ханды кызматтан бошотуу сунушу тууралуу комментарий берип жатып, бул органдын таза эместигин РИА Новостиге айтты. Буга чейин маалымат каражаттарында соттун жетекчи органы Ханды ээлеген кызматынан бошотууну сунуштаганы тууралуу кабарлар тараган. "Жипкирткен бул органда эмнелер болуп жатканын биз билебиз. Жаңжал артынан жаңжал, коррупция артынан коррупция... Бул сот адегенде өзүн-өзү тартипке салышы керек", — деп билдирди РИА Новостиге ТИМдин Укуктук департаментинин директору Максим Мусихин. Мусихин прокурор Хан өзүнүн кызматкерине карата ыдык көрсөтүү боюнча айыпталып жатканын жана анын мурдагы жетекчиси да ушундай эле нерсеге айыпталганын эске салды.
АКШнын президент Дональд Трамп НАТОнун башкы катчысы Марк Рюттеге союздаш мамлекеттердин көбүнөн көңүлү калганын айтты. "Улуу Британияга, Германияга жана Францияга ичибиз чыккан жок, алардын көбүнө нааразыбыз. Ал эми Испания таптакыр эле коркунучтуу", — деди ал. Трамп НАТО Вашингтондун үмүтүн актабагандыгын айтып, альянстын башка жетекчилиги учурунда мындай байланыш мүмкүн болмок эмес эле деген. Май айында Трамп Вашингтонго НАТОнун зарылдыгы жоктугун билдирип, Иранга каршы операцияда альянстын жөлөк-таяк болуп койбогонуна нааразы болгон. Андан сырткары, Кошмо Штаттар альянстан чыгыш керек деген маселени карай турганын айткан эле. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Жакынкы Чыгыштагы жаңжал чечилгенден кийин өлкө НАТОнун аларга кереги бар-жогун кайрадан карап чыгышы керек болорун билдирген. Март айынын аягында Франция Израилге курал ташуу үчүн Штаттарга өзүнүн аба мейкиндигин берүүдөн баш тарткан. Андан мурдараак Испания АКШ-Израилдин Иранга каршы операциясына катышып жаткан авиация үчүн аба мейкиндигин жапкан. Мындан сырткары, Мадрид Вашингтонго өз аймагындагы аскердик эки базаны колдонууга тыюу салып койгон.
Өлкөдө АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензин тартыш болуп жатат. Бул тууралуу мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди. Ал Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор дрон чабуулдарына кабылганына байланыштуу абал оорлоп кеткенин белгиледи. "Азыр мунай ташуучулар Россиянын заводдорунан АИ-95 бензинин караштырып жатат. Ошол эле учурда анын керектөө көлөмү анча чоң эмес, негизинен АИ-92 колдонулат. Ал эми АИ-92 жана дизель майы боюнча маселе жок", — деди Эшатов. Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда айрым май куюучу бекеттерде АИ-95 жок болуп жатканы айтылган. Сокулук районунда Hyundai Sonata менен Чүй каналына түшүп кеткен 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди. Кырсык 21-июнда Кожомкул айылында болгон. ӨКМ кызматкерлери автоунаанын ээсин төрт күндөн бери издеп жатышкан. Кара-Балта шаарында кишинин аялды көчөдө сабап жиберген видеосу социалдык тармактарга тарады. Чүй облустук милициясы окуя боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Видеодон киши жолдун так ортосунда аялга кол көтөргөнүн көрүүгө болот. Аны өтүп бара жаткандар арачалап калган. Учурда милиция видеодогу кишинин аты-жөнүн тактап жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чара көрүлөрү кошумчаланды. Россиянын ТИМи Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокурор Карим Ханды кызматтан бошотуу сунушу тууралуу комментарий берип жатып, бул органдын таза эместигин РИА Новостиге айтты. Буга чейин маалымат каражаттарында соттун жетекчи органы Ханды ээлеген кызматынан бошотууну сунуштаганы тууралуу кабарлар тараган. "Жипкирткен бул органда эмнелер болуп жатканын биз билебиз. Жаңжал артынан жаңжал, коррупция артынан коррупция... Бул сот адегенде өзүн-өзү тартипке салышы керек", — деп билдирди РИА Новостиге ТИМдин Укуктук департаментинин директору Максим Мусихин. Мусихин прокурор Хан өзүнүн кызматкерине карата ыдык көрсөтүү боюнча айыпталып жатканын жана анын мурдагы жетекчиси да ушундай эле нерсеге айыпталганын эске салды. АКШнын президент Дональд Трамп НАТОнун башкы катчысы Марк Рюттеге союздаш мамлекеттердин көбүнөн көңүлү калганын айтты. "Улуу Британияга, Германияга жана Францияга ичибиз чыккан жок, алардын көбүнө нааразыбыз. Ал эми Испания таптакыр эле коркунучтуу", — деди ал. Трамп НАТО Вашингтондун үмүтүн актабагандыгын айтып, альянстын башка жетекчилиги учурунда мындай байланыш мүмкүн болмок эмес эле деген. Май айында Трамп Вашингтонго НАТОнун зарылдыгы жоктугун билдирип, Иранга каршы операцияда альянстын жөлөк-таяк болуп койбогонуна нааразы болгон. Андан сырткары, Кошмо Штаттар альянстан чыгыш керек деген маселени карай турганын айткан эле. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Жакынкы Чыгыштагы жаңжал чечилгенден кийин өлкө НАТОнун аларга кереги бар-жогун кайрадан карап чыгышы керек болорун билдирген. Март айынын аягында Франция Израилге курал ташуу үчүн Штаттарга өзүнүн аба мейкиндигин берүүдөн баш тарткан. Андан мурдараак Испания АКШ-Израилдин Иранга каршы операциясына катышып жаткан авиация үчүн аба мейкиндигин жапкан. Мындан сырткары, Мадрид Вашингтонго өз аймагындагы аскердик эки базаны колдонууга тыюу салып койгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/19/1102070608_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5a66c14d4c56fa3adead8ff2831aca3b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио