Аянттагы чуу кантип башталды. 9-октябрдагы окуялардын видеохронологиясы

Жазылуу
Ушу тапта Бишкекте абал тынч. Буга чейин эки жерге чогулган митингчилер тарады. Ал ортодо мамлекеттик резиденцияга аскер техникасы баратканы айтылды.

9-октябрь күнү борбор калаада эки ири митинг болуп өттү. Анын бири Садыр Жапаровдун, экинчиси Алмазбек Атамбаев баштаган саясатчылардын тарапташтары уюштурган. Алгач "Форум" алдында чогулган Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун тарапташтары жүрүш жасап, "Ала-Тоо" аянтына келишти. Бул учурда Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп жаткан эле.

Башка чапты. Бабановду жан сакчылары калкалап качкан видео тарады

Бир аздан кийин эки тарап кагылышып, натыйжада башкы аянтты Жапаровдун тарапташтары ээлеп алышты. Кайра Өкмөт үйүн көздөй агылган эл караңгы киргенге чейин имарат алдында митинг өткөрүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0