00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Ступор, толпа и телефон вместо помощи: разбираем ошибки очевидцев ЧС
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:08
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россиядан Кыргызстанга каттаган учактардын санын көбөйтүү пландалууда

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСпоттинг в аэропорту Симферополя
Споттинг в аэропорту Симферополя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек аралар жабылгандан кийин 78 авиакаттам, Казакстан аркылуу 52 автобус каттамы уюштурулуп 19 миң жаран мекенине келген.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов 24-июлда кыргыз диаспораларынын лидерлери жана активисттер менен жолугушту. Бул туурасында элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага 70тен ашык кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана уюмдардын жетекчилери, 44 кыргыз аймактык ассоциацияларынын башчылары жана активисттери катышкан.

Пандемия маалында Кыргызстандан Россияга учуп кетүүнүн жол-жобосу айтылды

Жекшенкулов жана элчиликтин штабы азыркы кырдаалда жасалып жаткан иштери тууралуу маалымат берген. Алар Кыргызстандагы кырдаалды эске алып, жүйөлүү себеп болбосо мекенге баруудан карманып турууга чакырышкан. Ошону менен бирге кыргызстандыктарга жумуш табууга көмөктөшүп жатканын айтышкан.

"Кыргызстандын жарандарына 6 000 жумуш орун сунушталган. Анын ичинен 3 500үнө иштей тургандар табылып, ал эми 3 000ден ашыгы бүгүнкү күндө актуалдуу бойдон калууда. Элчиликтин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн сайттарында, социалдык баракчаларында бул тууралуу маалымат жайгаштырылган", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми ИИМдин Россиядагы өкүлү чартердик каттамга билет алып берүүдө акча талап кылуу боюнча беш материал каралып, эки фактыга кылмыш ишин козгоо иш-чаралары жүрүп жатканын билдирген.

"Үстүбүздөгү жылдын алты айында 101 адамдын сөөгүн жөнөтүүдө көмөк көрсөтүлгөн. 20-марттан 24-июлга чейин 78 авиакаттам, Казакстан аркылуу 52 автобус каттамы уюштурулуп 19 111 жаран Кыргызстанга жеткирилди. Дагы деле мекенге кайтуу үчүн кайрылгандардын саны азайган жок. Ушуга байланыштуу рейстерди дагы эки рейске көбөйтүү боюнча иш жүрүп жатат. Башкача айтканда, жума сайын Москвадан Бишкек жана Ош шаарларына беш авиакаттам уюштуруу пландаштырылууда", — деп айтылган элчиликтин маалыматында.

Министр Айдарбеков: Кыргызстан эли эпидемия маалында мыкты сапатын көрсөттү

Талкуунун жүрүшүндө активисттер мекенге кайтууну сурап кайрылгандарга электрондук кезекти иштеп чыгууну сунушташкан. Ал эми каза болгон адамдардын сөөгүн коштогон жарандарды тизмеге кезексиз кошуу жана Avia Traffic авиакомпаниясынын борттору менен "Жүк-200дү" жеткирүү боюнча кайрылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0