11:56 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (353)
32001

Өмүрүн илимге, спортко жана коомдук иштерге арнаган Кайып Оторбаев бүгүн тирүү болгондо 98 жашка чыкмак.

География илимдеринин доктору, академик Оторбаевдин басып өткөн жолу көпчүлүк адамдарга өрнөк боло алат. Татыктуу уул, шакирттерди тарбиялаган илимпоз тууралуу Sputnik Кыргызстан кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Өз арабасын өзү тартып... Кайып Оторбаев 1922-жылы 22-апрелде Кемин районунун Тегирменти айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Оторбай Куланбай уулунун ага чейин алты баласы чарчап калгандыктан, Кайып жарык дүйнөгө келгенде той өткөрбөй молдону эле чакыртып ага ат койдурган. Балалыгы Алматы, Бишкек шаарында, Чоң-Кеминде өтүп, үй ээси соодагерлик менен алектенип эрте эле кайтыш болгон. Беш жашында атасыз калып, апасы менен эжеси Акиманын жана жездеси Токчоро Жолдошевдин колунда өскөн. Кийин мамлекеттик кызматты аркалаган жездеси репрессияланып, өспүрүм Кайып жакындары менен оор күндөрдү башынан өткөргөн. Фрунзе шаарындагы №1 орто мектепти 1936-жылы аяктаган, борбор калаадагы коммуналдык-курулуш техникумун бүтүрүп, куруучу болуп эмгектенген. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алып жүргөндө согуш башталып, декабрь айында кан майданга аттанган. Согуш аяктагандан соң Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна өтүп, аны артыкчылык менен бүтүргөн. Андан соң жаш студент Илимдер академиясынын Кыргыз ССРиндеги өкүлчүлүгүнө документтерин өткөрүп, кесиби боюнча билим алууга аракет кылган. Бирок репрессияланган мурдагы министр менен байланышы бар деп комиссия аны өткөрбөй койгон. Ошондо Кайып 1950-жылы Москвадагы СССРдин Илимдер академиясынын география институтунун аспирантурасына тапшырып өтүп кеткен.

Бири-бирине жөлөк болгон түгөйлөр. Окумуштуунун жубайы Мария Нанаева да кандидаттыгын Москвада жактаган. Кайып Оторбаев болочок жарынын артынан беш жылдай чуркап жүрүп, 1954-жылы баш кошкон. Аялы докторлугун жактоо үчүн Төө-Ашуудагы лабораторияда изилдөө ишин жүргүзгөн. Анын илимий ишин алга жылдырууга жолдошу дайым колдоо көргөзгөн. Эң кызыгы, Кайып Оторбаев жети жыл бою ар жума сайын колуктусун Төө-Ашууга унаа менен алып барып келип турган. Учурда Мария апа 93 жашка чыгып, бактылуу карылыкты балдарынын маңдайында өткөрүүдө.

Илимдин аркасынан кеткен түгөйлөр. Кайып Оторбаевдин колуктусу Мария Нанаева дагы илимдин аркасынан түшүп, көптөгөн ийгиликтерге жеткен окумуштуу. Ал Кыргызстандын Эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору. 60 жылдан ашык агартуучулук тармагында эмгектенген. Кайып Оторбаев болсо өмүрүнүн аягына чейин Улуттук илимдер академиясында иштеп, 400дөй илимий эмгек, 40тан ашык монография жана китептерди жазып, алар англис, француз, немец жана испан тилдеринде жарыяланган. Андан сырткары илимдин беш докторун жана 20дан ашык кандидатын тарбиялаган.

Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон окумуштуу. Академик, СССРдин Географиялык коомунун ардактуу мүчөсү Кыргызстандын экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө өзгөчө салым кошкон. Ал алгачкылардан болуп экономикалык география, өндүрүш күчтөрүн жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча изилдөөлөрдү иштеп чыккан. Эмгектеринин аркасында союз учурунда өлкөнүн 15 жылдыгына пландалган иш-аракеттери такталган. Мындайча айтканда, өлкөнүн VIII, IX жана X беш жылдыктарында жасай турган иштери бекитилген. Окумуштуу Кыргызстандын аймактык экономикасын калыптандыруудагы көрүнүктүү илимпоздордун бири. Мындан сырткары ал Кыргыз ССРинин ири гидроэлектростанциялардын курулушу алдындагы изилдөө иштерине катышып, бир катар Европа өлкөлөрүндө лекция окуп калган.

Мыкты уюштургуч, жетекчи. Кайып Оторбаев кезинде Турдакун Усубалиевдин көзүнө илинип калган жайы бар. Биринчи катчы анын каршылыгына карабай азыркы Кыргыз улуттук университетине ректор кылып дайындаган. Ошол жылдары аталган жогорку окуу жайдын кадыр-баркы кетип, жетекчилеринин илең-салаң ишмердүүлүгү Москвага чейин жеткен. Бир нече жыл ичинде академик ал университетти СССРдеги он мыкты окуу жайдын катарына киргизген.

Сыймыктуу уулдардын атасы. Улуу Ата Мекендик согушта курал-жарак жана взводдун командири, "Кызыл Жылдыз" орденинин ээси балдарына татыктуу тарбия бере алган. Уулдары атасы Кайып Оторбаев менен энеси Мария Нанаева сыяктуу илим чөйрөсүндө өз ордун таба алышты. Жубайлардын улуу баласы Чагатай энесинин жолу менен кетип, медицина тармагында эмгектенип келет. Экинчи уулу Жоомарт Оторбаев Ленинград мамлекеттик университетин артыкчылык менен аяктап, физика-математика илимдеринин доктору. Иш билги адис катары көптөгөн эл аралык уюмдарда жана аткаруу бийлигинде иштеп, Кыргызстандын премьер-министри болуп эмгектенди.

Спорт жана өмүр. Кайып Оторбаев окуучу кезинен эле футболду мыкты ойноп, "Динамо", "Спартак" жана "Зенит" командасына кирген. Чабуулда ойногон футболчу андан соң Кыргызстандын курама командасында көп жыл өлкө намысын коргогон. Эң кызыгы, ал 13 жашында эле волейбол боюнча өлкөнүн курама командасында ойноп, эл аралык мелдештерге катышкан.

Кыргыздын чыгаан уулу 2015-жылы 93 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (353)

Тема боюнча

Назарбаевдин сый-урматын көргөн. Эл акыны Элмирбек Иманалиев тууралуу 8 факты
Уктап жатып манас айтып, жоокерлерди коркуткан. Уркаш Мамбеталиев тууралуу 6 факт
Белгилер:
факты, илим, Окумуштуулар, Кайып Оторбаев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ