Акаевге кеңешчи, Өзбекстанга элчи болгон. Салижан Жигитов тууралуу 9 факты

© Sputnik / Александр ФедоровПисатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов
Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү окумуштуу, жазуучу, сынчы Салижан Жигитовдун туулган күнү. Бир нече тилде эркин сүйлөгөн, күчтүү калемгердин көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги залкар инсанды эскерип, анын өмүрү, чыгармачылыгы, баскан жолу тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Томолой жетим өскөн. Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. Ал 11 жашында энесинен, 14 жашында атасынан ажырап томолой жетим болуп өскөн. Болочоктогу калемгер бала кезинде китепке жакын болуп, 5-класста эле айылдык китепканадагы адабияттардын бардыгын окуп койгон. Өспүрүм кезинде борбор калаадагы №5 интернатка келип билим алып, окуучулук кезинде эле колуна калем алып, ыр, макалалары гезиттерге жарыяланып турган. 

© Фото / из семейного архива ЖигитовыхСалижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. Ал 11 жашында энесинен, 14 жашында атасынан ажырап томолой жетим болуп өскөн
Акаевге кеңешчи, Өзбекстанга элчи болгон. Салижан Жигитов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. Ал 11 жашында энесинен, 14 жашында атасынан ажырап томолой жетим болуп өскөн

Заслуженный деятель культуры КР Акун Токтосартов - Sputnik Кыргызстан
Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт
Китеп үчүн айылдан алыстаган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, аны 1959-жылы аяктаган. Эмгек жолун өзүнүн кичи мекенинде мугалимдиктен баштаган. Бирок китепкөй жан аймакта көпкө чейин иштей алган эмес. Анткени ал ар кайсы тилдеги, түрдүү жанрдагы китептердин курчоосунда болгусу келчү. Ошентип бир нече жылдан кийин Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, сектор башчысы болуп, жети жыл жогорку окуу жайда окутуучулукту аркалаган. Жөнөкөй, шайыр агай студенттер менен өтө жакын мамиледе болуп, кээде шакирттерине карызга акча берип коймой адаты да болгон. Кийинки жылдары Кыргыз совет энциклопедиясында башкы редактордун орун басары, Тил жана адабият институтунда сектор башчылыгына дайындалган.

Полиглот калемгер. Салижан Жигитов өзүнүн чыгармачылыгында котормочулук менен да алектенип, Антуан де Сент-Экзюпери, Назым Хикмет, Мустай Каримдин орус, түрк, башкыр тилиндеги чыгармаларын кыргызчага которгон. Кыргыз эл жазуучусу орус жана кыргыз тилинде тең көркөм, жеткиликтүү, жеңил жаза билчү. Мындан сырткары, азербайжан, татар, өзбек, казак тилдеринде да мыкты сүйлөгөнү айтылат. Эң кызыгы, калемгер түрк элдеринин тилдерин өз алдынча сөздүк менен үйрөнүп алган. Окумуштуу жети тилде түш жоруп, башка чет тилдерди билгендерге аябай суктанчу. 

© Фото / из семейного архива ЖигитовыхЖөнөкөй, шайыр Салижан Жигитов студенттер менен өтө жакын мамиледе болуп, кээде шакирттерине карызга акча берип коймой адаты да болгон
Акаевге кеңешчи, Өзбекстанга элчи болгон. Салижан Жигитов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Жөнөкөй, шайыр Салижан Жигитов студенттер менен өтө жакын мамиледе болуп, кээде шакирттерине карызга акча берип коймой адаты да болгон

Акын, окумуштуу, сынчы... Жигитовдун ырлары сезимталдыгы, ачык-айрымдыгы менен өзгөчөлөнөт. Анын "Ыймандай сырым менин" аттуу алгачкы ыр жыйнагы 35 жашында жарык көргөн. Кийинки жылдары "Ырлар жана жылдар", "Жаңычылык жолунда", "Көркөм сөз маселелери", "Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары" адабий сын макалалар жыйнактары, "Күн тууду" ("Ит икаясы") повести окурмандарга сунушталган. Ошондой эле филология илимдеринин доктору кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармачылыгын изилдеп, калыс баа берген. Анын аркасында "20-жылдардагы кыргыз адабияты", "Обретение новых традиций", "Акындын экинчи өмүрү" монографиялары чыккан. Салижан Жигитов башкалардын эмгектерин гана сындап тим болбостон, 30-40 жыл мурун жараткан чыгармаларын да оңдоп, өзүнүн жазгандарына да сын көз караш менен караган.

Улуу устат. КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жаштарга жол көрсөтүп, кеп-кеңеш берип Осмонакун Ибраимов, Абдыганы Эркебаев, Абдылдажан Акматалиев, Эсенбай Нурушев, Советбек Байгазиев, Калык Ибраимов, Камбаралы Ботояров, Каныбек Эдилбаев өңдүү адабиятчы, сынчы, коомдук ишмерлерди тарбиялаган. 

© Фото / из семейного архива ЖигитовыхКыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары президент Аскар Акаев Салижан Жигитовду кеңешчи кылып кызматка чакырган. Андан соң 1993-жылы КРдин Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган
Акаевге кеңешчи, Өзбекстанга элчи болгон. Салижан Жигитов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары президент Аскар Акаев Салижан Жигитовду кеңешчи кылып кызматка чакырган. Андан соң 1993-жылы КРдин Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган

Өлкө башчысына кеңеш берип. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары президент Аскар Акаев Салижан Жигитовду кеңешчи кылып кызматка чакырган. Андан соң 1993-жылы КРдин Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган. Үч жылдан кийин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин проректору, гуманитардык илимдер институтунун директору болуп кайра эле агартуучулукка өткөн.

Тойдон качып... Жашоодо Салижан Жигитов аябай тамашакөй, баёо болгонун шакирттери, жакындары эскеришет. Кээде майда-чүйдө нерселерди байкабай жүрө бермей адаты болгон. Мисалы, бир бутуна кара, бир бутуна күрөң же кызынын бут кийимин кийип алып деле көчөгө чыгып кетчү. 

© Фото / из семейного архива ЖигитовыхЖашоодо Салижан Жигитов аябай тамашакөй, баёо болгонун шакирттери, жакындары эскеришет. Кээде майда-чүйдө нерселерди байкабай жүрө бермей адаты болгон. Мисалы, бир бутуна кара, бир бутуна күрөң же кызынын бут кийимин кийип алып деле көчөгө чыгып кетчү
Акаевге кеңешчи, Өзбекстанга элчи болгон. Салижан Жигитов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Жашоодо Салижан Жигитов аябай тамашакөй, баёо болгонун шакирттери, жакындары эскеришет. Кээде майда-чүйдө нерселерди байкабай жүрө бермей адаты болгон. Мисалы, бир бутуна кара, бир бутуна күрөң же кызынын бут кийимин кийип алып деле көчөгө чыгып кетчү

Ой-чабыты, сөз байлыгы кенен профессор тойго такыр баргысы келчү эмес. Кыргыздын ысырапчылык, куру намыс менен коштолгон жакшылыктарынан качып турчу. Үйүндө өзү чогулткан толгон-токой китеби болгонуна карабай, байма-бай китепканага каттап турганын айтышат.

Аккордеон. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Бактылуу болду бекен махабаттан... Асанкалый Керимбаев тууралуу 7 факт
Көр оокатка башын оорутпаган. Салижан Жигитов жубайы Кимия Токтосунова менен 40 жыл бирге түтүн булатып, бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Байбичесинин залкар инсан үйдөгү чарбалык иштерге такыр киришпей, көр оокат менен башын оорутпаганын эскерген жайы бар. Ал айыккыс илдетке чалдыкканына карабай өмүрүнүн аягына чейин студенттерге сабак берип, шакирттерине акыл-наасатын айтып, колунан калемин түшүргөн эмес. Кыргыздын чыгаан уулу 2006-жылы 11-февралда 69 жашында көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0