Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт

© Фото / из семейного архива ТоктосартовыхЗаслуженный деятель культуры КР Акун Токтосартов
Заслуженный деятель культуры КР Акун Токтосартов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмер Акун Токтосартовдун туулган күнү. Өмүрүн маданиятка арнаган мурдагы министрдин көзү тирүү болгондо 79 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаратман инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Согуш жылдарындагы балалык. Акун Токтосартов 1941-жылы 15-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылында жарык дүйнөгө келген. Ага чейин ата-энесинин тогуз ымыркайы чарчап калып, кичинекей Акун эки эжеси менен бирге согуш жылдарында чоңойгон. Орто мектепти аяктагандан кийин Токмок шаарындагы маданий-агартуучулук училищесинде билим алган. Андан соң Ош мамлекеттик педагогикалык институтун жана Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 

© Фото / из семейного архива ТоктосартовыхАкун Токтосартов 1941-жылы 15-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылында жарык дүйнөгө келген
Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт - Sputnik Кыргызстан
Акун Токтосартов 1941-жылы 15-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылында жарык дүйнөгө келген

Кондучалованын шакирти. Эмгек жолун педагогикалык институтта окуп жүрүп Маданият министрлигинде баштаган. Практикага келген студенттин жөндөмүн ошол кездеги министр Күлүйпа Кондучалова байкап, өзүнө шакирт кылып жумушка алган. Жаш адис катардагы кызматкерден Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин адабият жана искусство боюнча сектор башчысына чейин жеткен.

Жаратман ишмер. 30 жылдай мамлекеттик кызматты аркалаган Токтосартов маданият министри, министрдин биринчи орун басары, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору кызматын аркалаган. Ошол жылдары анын жетектөөсү менен борбор калаада Жаштар театры, Куудулдар театры, "Кыргызконцерт", "Кыргызреставрация" бирикмелери, Ош облустук филармония, куурчак театры ачылган. Мындан сырткары, "Камбаркан" фольклордук ансамбли, "Насыйкат" камералык оркестри түзүлүп, аймактарда ондон ашык театр, музей ишке берилген. Мыкты уюштуруучу катары "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөдө кыска убакыт ичинде "Манас айылы" тарыхый-маданий комплексинин курулушун жетектеген. Музыка, театр, көркөм өнөр жаатында Муратбек Рыскулов, Абдылас Малдыбаев, Гапар Айтиев атындагы сыйлыктарды негиздеген. 

© Фото / из семейного архива Токтосартовых30 жылдай мамлекеттик кызматты аркалаган Токтосартов маданият министри, министрдин биринчи орун басары, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору кызматын аркалаган.
Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт - Sputnik Кыргызстан
30 жылдай мамлекеттик кызматты аркалаган Токтосартов маданият министри, министрдин биринчи орун басары, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору кызматын аркалаган.

Жөнөкөй министр. Мамлекеттик ишмер 1985-91-жылдар аралыгында маданият министринин биринчи орун басары, министр кызматын аркалаган. Ошол жылдары Самара Токтакунова, Эстебес Турсуналиев, Капар Медетбеков, Леонид Ясиновскийди өзү СССРдин эл артисти наамына сунуштап, Москва алардын талапкерлигин жактырганда ар бирине чалып куттуктап чыккан. Өзүнүн кичи пейилдиги, жөнөкөйлүгү жана баарына бирдей мамиле кылгандыгы көп артисттин дагы деле эсинде.

Ынтымактын жарчысы. Токтосартов 1992-жылы "Руханият" эл аралык ассоциациясын негиздеп, түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүп, искусство, адабият, илим, медицина өкүлдөрүнө, көрүнүктүү инсандарга сыйлык тапшырып келген. Алардын арасында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Түркиянын президенттери, өкмөт башчылары бар. Мунун аркасы менен мамлекеттер аралык маданий алака жакшырып, өлкөлөр ортосунда ынтымактын бекемделүүсүнө шарт түзүлгөн. Ошондой эле коомдук ишмер  дайым интеллигенция өкүлдөрүнүн башын бириктирип, аларды ар тараптан колдоого аракет кылганын замандаштары айтып келет.

© Фото / из семейного архива ТоктосартовыхМамлекеттик ишмер 1985-91-жылдар аралыгында маданият министринин биринчи орун басары, министр кызматын аркалаган.
Мамлекеттик ишмер 1985-91-жылдар аралыгында маданият министринин биринчи орун басары, министр кызматын аркалаган. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Мамлекеттик ишмер 1985-91-жылдар аралыгында маданият министринин биринчи орун басары, министр кызматын аркалаган.
© Фото / из семейного архива ТоктосартовыхӨзүнүн кичи пейилдиги, жөнөкөйлүгү жана баарына бирдей мамиле кылгандыгы көп артисттин дагы деле эсинде.
Өзүнүн кичи пейилдиги, жөнөкөйлүгү жана баарына бирдей мамиле кылгандыгы көп артисттин дагы деле эсинде. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өзүнүн кичи пейилдиги, жөнөкөйлүгү жана баарына бирдей мамиле кылгандыгы көп артисттин дагы деле эсинде.
1/2
Мамлекеттик ишмер 1985-91-жылдар аралыгында маданият министринин биринчи орун басары, министр кызматын аркалаган.
2/2
Өзүнүн кичи пейилдиги, жөнөкөйлүгү жана баарына бирдей мамиле кылгандыгы көп артисттин дагы деле эсинде.

Калемгер, котормочу. Токтосартов "Рух чабыты", "Тагдырдын таржымалы", "Мезгил жана адамдар" аттуу китептердин автору. Ал ошондой эле өзбекстандык жазуучу Пиримкул Кадыровдун "Жылдыздуу түндөр" романын, казакстандык Оралхан Бокеевдин прозаларын кыргыз тилине которгон. 

© Фото / из семейного архива ТоктосартовыхКРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер өмүрлүк жары менен алты кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн.
Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт - Sputnik Кыргызстан
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер өмүрлүк жары менен алты кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн.

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер өмүрлүк жары менен алты кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн. Учурда алар түрдүү тармактарда эмгектенип келет. Мисалы, уулу Камалдин учурда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, кызы Лира "Руханият" ассоциациясын жетектейт. Уул-кыздары атасы өмүрүн маданиятка арнап, убактысынын көпчүлүгүн жумушта өткөргөндүгүн эскерет. Акун Токтосартов 2013-жылы 72 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0