Балаңыздын бакчасына канча бөбөк ашыкча барарын билесизби? Бишкектеги жагдай

© AFP / ERIC CABANISБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын көмөгү менен калаадагы бала бакчалардын жана ал жакта тарбияланган бөбөктөрдүн санын билип көрдү. Мындан тышкары, кайсы бакчада бала өтө көп, кайсынысында, тескерисинче, жетишпей турганын карап чыкты.

Статистикадан балаңыз барган бакчаны таап, ал жакта канча бала ашыкча тарбияланып жатканын көрсөңүз болот.

Кыргызстанда, анын ичинде Бишкек шаарында мектеп сыяктуу эле бала бакча көйгөйү да курч турган маселелердин бири. Бир тайпада 60-70ден бала тарбияланып, бир керебетте бөбөктөр 2-3төн жатууга аргасыз.

Специализированный Центр реабилитации детей и семьи (Дом ребенка) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт менчик бала бакчага барчулардын жарым акчасын төлөмөй болду. Шарты
Мындай көрүнүш буга чейин социалдык тармактарда видео болуп тарап, ата-энелерди санаага салган. Бирок бакча жетишсиз болгондуктан, чөнтөгү жука ата-энелер бир тайпада 60-70 бала болсо да андан баш тарта албайт.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын берген маалыматына ылайык, учурда калаада мамлекеттин карамагында 86 гана бакча бар. Ал жакта тизме боюнча 32 167 бөбөк тарбияланат.

Мамлекеттин карамагындагы бакчаларга салыштырмалуу калаада жеке менчик бакчалар көп. Учурда Бишкекте лицензия алып иштеген 187 бакча бар экени маалым болду. 

Бишкек шаарындагы бала бакчалардын саны
Балаңыздын бакчасына канча бөбөк ашыкча барарын билесизби? Бишкектеги жагдай - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарындагы бала бакчалардын саны

Айрым бакчаларда орун жетишпей жатса, кээ бирине бала жетпейт...

Билим берүү башкармалыгынын берген статистикасы боюнча, Биринчи май районундагы Бөкөнбаев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №31 бакча 115 бөбөккө ылайыкташып салынганы менен учурда ал жакта 325 бала тарбияланат. Башкача айтканда, 183 пайызга көп. Бул райондо бала көп барган бакчаларга №61 жана №47 мекемелери да кирет.

Тескерисинче, орун көп, бирок бала аз жайгашкан бакча бул райондо Токтоналиев көчөсүндөгү №91 мектепке чейинки билим берүү жайы. Бакча 115 бөбөккө ылайыкташып курулганы менен учурда 56 бала гана тарбияланары маалым болду.

Соревнования по профилактике детской преступности в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Июнда мектептер алдында бир айлык лагерлер иштей баштайт
Свердлов району боюнча балдардын саны көп бакчалардын катарына №152, 187, 162, 124 комплекстери кирет. Райондогу баласы аз бакча — №35. Ал 140 бөбөккө ылайыкталып курулган, бирок учурда 60тай чүрпө эле тарбияланат.

Пайыздык эсеп менен алганда Ленин районундагы №64 бала бакчада бөбөктөр нормадан өтө эле көп. Башкача айтканда, бул комплексте 115 эле орун болгону менен 372 баланы батырып алган. Көрсөткүч 223 пайызга көптүк кылат.

Октябрь районунда №181, № 107 мектепке чейинки билим берүү жайларында бөбөктөр нормадан ашык. Алсак, 320 орундуу №181 бакчада 764 бала, 280 орундуу №107 бакчада 563 бөбөк тарбияланып жатканы айтылды. Ал эми райондогу атайын бакчаларда, тескерисинче, бала аз, орун көп экен.

Бишкек шаарындагы төрт район боюнча бала бакчалардагы бөбөктөрдүн жайгашуусун төмөнкү статистикадан толугу менен көрүп алсаңыздар болот.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, Билим берүү жана илим министрлиги бакча көйгөйүн чечүү үчүн болгон аракетин көрүп жатканын айтып келе жатат. Бирок бул жакын арада чечилип калчу маселе эмес. Бир бөбөк бир керебетке кенен жатып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына муктаждыкты жоюу учун калаага 30 бала бакча курулушу керек экен.

Быйыл тийиштүү мекемелер тарабынан мэриянын карамагына 2 бала бакча кайтарылып келиши күтүлүп жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0