Жулунба, ачка калбайсың! Чет жерге чыкканда тамактануу маданияты боюнча 7 кеңеш

© AFPРесторан института Bocuse в Экюли
Ресторан института Bocuse в Экюли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макала көбүнесе чет өлкөгө алгачкы ирет чыккан жарандарга жол көрсөтүп, бөтөн коомдо өзүн татыктуу алып жүрүүгө жардам берет деген ойдобуз.

Кичине кезинде өзүн дасторкондун үстүндө адептүү алып жүрүүгө үйрөнбөгөн адамды кийин тарбиялоо абдан татаал. Мындай пикирди карманган ресторан иши боюнча адис, "Алдыңкы отель ээлери менен рестораторлордун ассоциациясы" коомдук уюмунун директору Евгений Тян коомдук жайда, өзгөчө башка коноктор менен бетме-бет кездешчү "швед дасторконунда" тамактануу маданияты боюнча кеңеш берди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Алдыңкы отель ээлери менен рестораторлордун ассоциациясы" коомдук уюмунун директору Евгений Тян
Жулунба, ачка калбайсың! Чет жерге чыкканда тамактануу маданияты боюнча 7 кеңеш - Sputnik Кыргызстан
"Алдыңкы отель ээлери менен рестораторлордун ассоциациясы" коомдук уюмунун директору Евгений Тян

Жизнь чабанов в Республике Алтай - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
Макала көбүнесе чет өлкөгө алгачкы ирет чыккан жарандарга жол көрсөтүп, бөтөн коомдо өзүн татыктуу алып жүрүүгө жардам берет деген ойдобуз. Анткени башка өлкөгө барганда адам күнүнө жок дегенде бир ирет "швед дасторконунда" (адатта мейманканалар эртең мененки тамак менен камсыздайт) тамактанууга туура келет.

Адистин айтымында, үй-бүлөдөн туура тарбия алган бала чоңойгондо кайсы чөйрөдө болбосун маданияттуулугу менен көзгө көрүнө алат.

"Мен көптөгөн официанттарды жумушка алуу процессине катыштым. Кээ бир кыздар эч кандай даярдыктан өтпөй эле кадимки дапдаяр келиндей болуп келет. Анткени алар апасынын "тренингинен" өткөн, конок жана дасторконго байланышкан иштерде камчы салдырбайт", — деди Тян.

Байкаштыруу

Сизге таптакыр тааныш эмес адамдар, бөтөн ашкана, көнүмүш эмес жагдай болуп калган учурда дагы өзүңүздү жоготпоңуз. Айлананы токтоо карап, башкалар кандай "кыймылдап" жатканына баам салыңыз. Ким кайсы жерде отуруп, эмне жеп жатат, колунда канча табак, ысык тамак кайсы жерде турат, аны кантип алуу керектигин дароо түшүнөсүз.

Кызматкерлерге мамиле

Кайсы гана өлкө болбосун, башка коноктор жана жергиликтүү тургундарга сылык мамиле кылыңыз. Мейманканада сиз менен коңшу жашап, көрүп-билип калган турист же күндө чай алып келип берген официнат менен жылмая учурашып, ал-жайын сурап койсоңуз ашыкча болбойт. Тескерисинче, бул сиздин адамгерчилигиңизден кабар берет. Эсиңизде болсун, официанттар кадимки дарыгер же банк кызматкери сыяктуу эле өз ишин аткарып жаткан адис. Ага дагы татыктуу мамиле жасоо керек.

Тамакты кантип аласыз?

Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ой келди сүйлөбөйт, жетекчини сындабайт! Дипломатка 10 "болбойт"
Бир адам колуна 3-4 табакты кармап алганы туура эмес. Ошондой эле табакка тамакты үйө салбаңыз, тойбой калсаңыз кайра барып аласыз. Мунун эч уяты жок, тескерисинче, алган тамакты жебей таштап коюу жат көрүнүш. Өзүңүз деле канчалык ысырапкорлук болорун ойлоп көрсөңүз.

Баса, кээде казандын жанына туруп алып, "чоңураак эт" издеп, тамакты асты-үстү кылып чыккандар болот, эч нерсе көрбөгөнсүп. Сиз андай эмессиз да, туурабы?

Кезек күтүү

Бир тамакка бир нече адам кезек күтүп туруп калган учурлар болот. Эч качан шашылбаңыз, жулунбаңыз. Казанда тамак калбай калса, эч коркунуч жок. Көпчүлүк мейманканалардын ашканаларында коноктун арты суюлганча казандагы даамдарды жаңылап, толтуруп турушат. Ачка калбайсыз.

Ашканадан тамак алып кетсе болобу?

Дүйнөдөгү беш жылдыздуу мейманканалардын бири дагы ашканасынан тамак алып кетирбей калган. Анткени "кийин жейм" деген адам аны кандай шартта сактарын эч ким билбейт. Ал капысынан бузулуп кетип, жеген адам ууланып калса, ошол эле администрацияга сөз тиет деп коркушат. Болгону бир аз жер-жемиш алууга болот.

Тазалык

Айрым тамактануу жайларында өзүн-өзү тейлөө болсо, айрым жерлерде официанттар баштан-аяк кызмат көрсөтөт. Кандай болгон күндө да бошоп калган идишти дасторкондун четине жылдырып коюңуз. Официант дароо түшүнүп, аны алып кетет. Мындай учурда сиз тейлөөчүлөрдүн ишин жеңилдетип, өзүңүзгө дагы ыңгай түзөсүз.

Кийим

Тамактануу жайына кандай кийим кийип баруу чечимин шартка жараша аныктап аласыз. Мисалы, курорттук аймакта, жээкте жайгашкан ашканаларда айла жок болуп калса, кыска шым, майка, купальник, сланцы кийип барууга мүмкүн. Бирок бөлмөдө кийчү халат менен бара көрбөңүз. Ал эми ири шаарлардагы, кызматтык атмосфера өкүм сүргөн жайларда талапка ылайык кийинүү зарыл. Баса, баш кийимди чечүүнү унутпаңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0