Ой келди сүйлөбөйт, жетекчини сындабайт! Дипломатка 10 "болбойт"

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда элчилерге сын-пикирлер көбөйүп бара жатат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденовага байланыштуу чуудан кийин кызматтан алынган Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан дипломатия жаатында бир топ маселени ырбатып кетти.

Өкмөттүн маалыматы боюнча 17-октябрь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы жетекчини ТИМ жамаатына тааныштырган - Sputnik Кыргызстан
Министр Чыңгыз Айдарбеков ишти эмнеден баштай турганын айтты
Мисалы, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин ээлеген ордунан баш тартышына дагы аздыр-көптүр таасири тийди. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева ири державаларга элчи дайындоодо талапкерлерди дыкаттык менен тандоо керектигин белгилеп, АКШдагы элчи Кадыр Токтогулов өзүнүн кызмат ордуна татыктуу эместигин айтты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги бөтөн жерде өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоп, кадыр-баркын арттырып жүргөн адамдын, тагыраагы, элчи же дипломатиялык кызматкердин этикасына туура келбей турган жагдайларды тизмектеп көрдү.

Маалымат 2006-жылдын 27-апрелинде ТИМ тарабынан кабыл алынган "Кыргызстандын дипломаттык кызматкеринин этика кодексинен" алынды.

Мамлекеттик сырды оңду-солду таратпайт. Мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтарды кызматына байланыштуу тиешеси бар адамдардан башкага айтууга акысы жок.

Жетекчини эч ким менен талкуулабайт. Жетекчиликти, кесиптештерин жана кол алдында иштегендерди башка адамдар менен талкуулап, алардын ишин же баскан-тургынан сындоого болбойт. Ошондой эле өзүнүн мамлекеттик иши тууралуу кез келген адамга айта бербеши шарт.

Лидер фракции Кыргызстан Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Баатырбеков: маданиятсыздыкты добуш сатып алган депутат көрсөтүшү мүмкүн
Мамлекеттик мүлккө кол салбайт. Элчи же дипөкүлчүлүктүн кызматкери жеке өзүнүн же үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн мамлекетке тиешелүү материалдык-техникалык база, кызматтык унаа сыяктуу мүлктү колдонуусуна тыюу салынат.

Башка жумушта иштей албайт. Дипломат кызматта турган маалда педогогикалык, илимий же чыгармачыл иштер менен гана алкетенсе болот. Киреше алып келе турган башка жумуштарда иштөөгө акысы жок. Ошондой эле жеке ишкерлик дагы кыла албайт. Баса, дипломаттык кызматынын аркасы менен бирөөгө "жарыгы" тийгендиги үчүн акчалай сыйлык же белек алууга болбойт.

Митинг болгон жерге карыш басып барбайт. Кандайдыр бир митинг же наарачызылык акциялары өтүп жаткан жерге элчинин же дипломаттык кызматкердир барбай эле койгону туура.

Элчинин саясий көз карашы болбошу керек. Кыргызстандын башка өлкөдөгү өкүлү кайсы бир саясий партиянын же диний уюмдун мүчөсү боло албайт.

Тууганчылыкка жол жок! Мамлекеттик кызматта турган кезде туугандык байланышы бар адамдардын (ата-энеси, бир тууганы, жолдошу, балдары) кол алдында иштебеши керек.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана биринчи айым Айгүл Токоева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун алгачкы жылы. Эл аралык аренада президент өзүн кандай алып жүрдү
Ээн баштык. Кызматтык маалыматты өз кызыкчылыгына колдонуп же жетекчилик менен макулдашмайынча аны оңду-солду таратып, же бирөөгө берем деп убада кылуу туура эмес.

Барган жерин сындабайт. Элчи барган өлкөсүндөгү элге, маданиятка, каада-салтка, диний көз караштарга сый мамиле кылып, сын-пикирден алыс болушу зарыл.

Мыйзам бузууга көз жумбайт. Элчиликтин өкүлү кесиптеши тараптан кандайдыр бир мыйзам бузуу болуп же мамлекеттик мүлккө кол салынып жатканын байкаса дароо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине билдирүүсү зарыл. Ошондой эле жетекчилик же кесиптештер тарабынан кыр көрсөтүүлөр болуп жатканын дагы жашырып коюуга болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0