Калпты кантип айттыңар! Аравияда жаракат алган Асланайым окуя тууралуу үн катты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКыргызстандык жаачы кыз Асланайым Аширова. Архив
Кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Аширова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга даярдык көрүп жатып жаракат алган кыргызстандык кыз өзүм билемдик менен ат минбегенин жана өзүнүн жанын тобокелге салып башканын өмүрүн сактап калганын айтты. Анын бутуна бүгүн операция жасалат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатып жаракат алган кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Аширова окуя тууралуу маалымат берди.

Ал Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын өкүлү Айнура Темирбекованын "өзүм билемдик кылып атка минип алган" деген сөзүн жалганга чыгарды. Окуя 8-март күнү болгон.

Бул маалымат бутумдун оорусунан да өтүп кетти

Мага азыр аябай оор болууда. Биринчи күнү ооруну басаңдатуучу бир нече дары сайышты. Жаракатым олуттуу. Жан чыдатпай оорутат. Ага да бар күчүмдү топтоп чыдайм. Бирок соцтармакта, ЖМКларда мен тууралуу жазылган маалыматтарды окуганда андан да өткөн катуу оору кошулду.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк толкуйт! Сауд Аравиядагы этнофестивалдын ачылыш аземи. Видео
Биз бир өлкөдөн келгендиктен бири-бирибизди коргошубуз керек. А сиз (Айнура Т.) "атка өзүм билемдик менен минип алган" деп жазып жатасыз. Бул жалган, муну саткындык десе болот. Сырттан караганда, сиз (Айнура Т.) өзүңүздү коргоп жаткандай көрүнөт, түшүнөм, эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт, бирок минтип алдоонун эмне кереги бар эле?

Мен жада калса бирөөнүн калемин уруксатсыз албайм. Бул жерде Королдуктун полициясы бүт объектини кайтарып турса, өзүм билемдик менен кантип атка минип алам? Бул эмне деген бейчеки сөз?! Бирде "атты башкара албай калгандыктан урунуп алды" десе, бирде "өзүм билемдик кылды" дейт. Минтип отурса, эртең мени мас абалында болчу деп чыгат го. Муну кандай түшүнсө болот? Мен кандай аргымак болбосун, ат үстүндө жүрүүнү эң жакшы өздөштүргөм.

Менин бутум сынбаса, кесепети жаман болмок...

"Салбуурун" жана "Аргымак" федерациялары менен келип чет элдиктерге кыргыздарды жакшы жагынан көрсөтүүнү максат койгом. Желегимди кошо ала келгем.

Мен мындай нерсени атайылап жасаган жокмун. Астымда турган кыз жаракат албасын дедим. Антпесем кесепети мындан да жаман болмок. Жада калса арабдар ооруканага келип "атты кантип башкарганыңызды биз көрдүк. Ал кызды сактап калдыңыз" деди. Муну Кыргызстандан келген кесиптештерим да айтууда. Сиз (Темирбекова — ред.) мен жаткан ооруканага келип, абалымды билген жоксуз. Сиз майрамда отурганда мен жан чыдагыс кыйынчылыкты көрдүм.

Кыйналып турганда өзүмдү күнөөлүү кылды

Өз алдымча ат мине калып, бутумду сындыруу мага керек беле? Кесиптештерим менен биргеликте даярдап келген улуттук оюндарды мыкты деңгээлде көрсөтүүнү каалагам. Мен адаттагыдай ылдамдыкта белгиленген жол менен бара жаткам. Атты токтотуучу жерде тиги кыз да атчан туруп алыптыр. Сол тарабында шейхтин жеңил унаасы жана бир аял турат. Акыркы секунддарга чейин тизгинди тартып, тиги кызды буйтап өтүүгө аракет кылдым. Анан минтип өзүмдүн бутума сокку урулду. Эгер ал сокку тиги кыздын бетине же ичине тийгенде эмне болмок. Элестеттиңизби?..
Келе жатып "качкыла" деп кыйкыраганымды көргөн жоксуңар. Бул көз ирмемде болуп кетти. Өзүмө келгенде дагы "тиги кыз жаракат алган жокпу" деп сураптырмын.
Өкүнүчтүүсү, оор кырдалга кабылганда кайра мени күнөөлүү кылганы болду. Мен бутума турам! Королдун алдында дагы өнөрүмдү көрсөтөм. Мени аскерлердей кылып тарбиялаган, мен чыдамкаймын, баарын көтөрөм. Колдооңуздарга рахмат! Бул да тагдырдын жазмышы экен. Кудай шыпаасын берсе айыгам.

Кыргыздын кыздары эч качан алсыздыкка алдырган эмес!

Сиз "дарыгерлер консилиум өткөрдү, операция кылууга даяр" деп интервью бериптирсиз, бул туура эмес. Сиз мен жакка келген эмессиз. Окуя 8-мартта болгон, жанымда үч мекендешим жана куратор Елена Соклокова бар болчу. 9-мартта Саадат экөөбүз эле калдык. Бир да дарыгер палатага баш баккан жок. 10-мартта анан келе башташты. Сауд Аравиянын убактысы боюнча саат 8.00дө (Бишкек убактысы менен 11.00) мени операцияга алып киришет. Азыр менин башкы тапшырмам операциядан чыгуу. Оор, бирок мага чыдамкайлык керек. Кайрадан көрүшөбүз! Баары жакшы болот! Кыргыздын кыздары кыйын болот, эч качан алсыздыкка алдырган эмес. Ата, апа, жеңишимди сиздерге арнайм. Мекендештер, келгиле маалыматты бурмалап урушпайлы, андан көрө мага дуба кылып коюңуздар! Мен ошол аркылуу күчтөнөм.
Алыста турса да мага моралдык жактан күч берген жакындарыма, туугандарым рахмат!

Жаңылыктар түрмөгү
0