БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент болуп жаңы эле кызматка киришип жаткан мезгилде Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү мен үчүн күтүүсүз болду. Мындай пикирин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.
Президентке 20 жылдан бери уланып келе жаткан Атамбаев менен болгон ортодогу достук мамиле эмнеден улам сууп кеткени тууралуу суроо берилген.
"Мени кандайдыр бир үчүнчү жактардын колу менен жетелеме жетекчиге айлантуу, мени башкаруу аракеттери Атамбаевге адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ар намыс алып келбейт. КСДПнын съезди учурунда мени коррупция жана ТЭЦтеги авария боюнча күнөөлөдү. Иш-чарага Ош облусундагы партия бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Алар партия үчүн да, Атамбаевдин өзү үчүн да оор учурда жанында болушкан. Кескин өзгөрүүгө абдан таң калдым", — деди Жээнбеков.
Өлкө башчы экс-президенттин эмнени каалап, эмнеге умтулуп жатканын түшүнбөй койгонун айтат.
Жээнбеков 2009-жылы президенттике КСДПдан талапкер болуп чыккан Атамбаевдин штабын жетектегенин, ошол учурдагы режимден коркуп Атамбаевди колдогондор жокко эсе болгонун белгиледи.
"2010-жылдагы июнь коогалаңында өлкө биримдиги үчүн карьерам эле эмес, керт башымды да тобокелге салдым. Төш каккылай бергим келбейт, бирок чындык ушундай. Атамбаев муну жакшы билчү, билет дагы. Саясий технологдору мени "саткын" деп атаганды жакшы көрүшөт. Убакыт баарын өзүнүн ордуна коет. "Досум", "партиялашым" дегенге жакын, бирок достор менен партиялаштар мындай кылбайт", — деди мамлекет жетекчиси.
Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоого СДПКнын атынан чыгып, жеңишке жетишкен. Кызматка расмий түрдө 24-ноябрда киришкен.
Ал эми бүгүн президент 60 жашка чыгып отурат.