00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент Жээнбеков экс-премьерлер жана экс-спикерлер менен жолугушат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочее совещание Сооронбая Жээнбекова с участием начальника Генерального штаба ВС и председателя Госкомитета по делам обороны
Рабочее совещание Сооронбая Жээнбекова с участием начальника Генерального штаба ВС и председателя Госкомитета по делам обороны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы мындай аракет коомдун көз карашын аныктап, бардык тараптарды бириктирүүгө болгон жаңы практика экенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында өлкө өкмөтүнүн мурунку жетекчилери жана парламенттин экс-спикерлери менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу мамлекет жетекчиси Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енчаны кабыл алуу учурунда айтты.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын айтымында, Жээнбеков жылуу учурашып, ар кандай деңгээлдеги байланыштар Кыргызстандын БУУ менен болгон кызматташтыгынын жогорку деңгээлинин көрсөткүчү экенин белгиледи.

Андан тышкары, Енчага Нью-Йорк шаарында 2018-жылдын 24-сентябрында өткөн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышып, колдогону үчүн ыраазычылык билдиргени айтылат.

"Мен ишкерлик жана жарандык коомчулук, чет мамлекеттерде жашаган мекендештер жана жаштар, өлкөнүн донорлору менен бир катар жолугушууларды өткөрдүм. Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында өлкө өкмөтүнүн жана парламентинин мурдагы башчылары менен жолугушууну пландап жатам. Бул биздин коомдун көз карашын аныктап, бардык тараптарды бириктирүүгө болгон жаңы практика", — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал 2019-жылдын жаз айларында Кыргызстанда Донорлор конференциясы өтөрүн жана анда БУУнун жогорку өкүлү катышарына үмүт артты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана биринчи айым Айгүл Токоева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун алгачкы жылы. Эл аралык аренада президент өзүн кандай алып жүрдү
Мирослав Енча өз кезегинде Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана эмес, мыкты дипломат болгонун, элдерди өзүнүн чыгармачылыгы жана дипломатиялык өнөрү менен бириктиргенин белгиледи.

"Бул көргөзмө Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп, көптөгөн жетекчилер, мамлекет башчылар жана делегация мүчөлөрү аны менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты", — деп белгиледи Мирослав Енча.

Ал БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррештин жылуу саламын айтып, Кыргызстан жана БУУнун ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп өттү.

Баса, бүгүн Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Маалымат кызматы президент 60 жаш кутман курагын кантип тосорун да айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0