БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнүн үй-бүлөсү менен тосот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Эртең, 16-ноябрда президент 60 жашка толот.
"Президент күндүз жумушта болот. Ал эми туулган күнүн кечинде үй-бүлөсүнүн жана досторунун курчоосунда тосот", — деди Стамалиева.
Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында Кыргызстандын президенти болуп шайланган.