Форель багам дегендерге жардам берет элем. Көлдүк ишкер менен маек

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүПлеменной форелеводческий завод "Адлер"
Племенной форелеводческий завод Адлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлар Мээрбек Курманбек уулу менен Жыргал Олжобаева жети жылдан бери балык багышат. Үй-бүлөнүн Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында 29 бассейни бар.

Былтыр россиялык ишкерлер менен жылына 900 тоннадан форель экспорттоо боюнча келишим түзүшкөн. Бирок товардын көлөмү ага жетпей жаткандыктан, кирешенин бир тыйынын коротпой, кайра эле чарбанын өзүнө салып жатышыптыр.

Быйылкы "Аймактарды өнүктүрүү жылында" айыл-кыштакта ак эмгеги менен ишкерлик кылып, бутуна турган мекендештерди үлгү катары көрсөтүүнү максат кылган Sputnik агенттиги ишкер жубайларды дагы кепке тартты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМээрбек Курманбек уулунун үй-бүлөсү балык багып жатканына жети жыл болду
Предприниматели Мээрбек Курманбек уулу и Жыргал Олжобаева - Sputnik Кыргызстан
Мээрбек Курманбек уулунун үй-бүлөсү балык багып жатканына жети жыл болду

— Мал багып бутуна турган адамдар менен маектешкенде эң алгачкы 10 кой же 5 уй ага атасынан калганын айтышат. Балыктар тууралуу антип айта албайсыз го, ээ?

Мээрбек Курманбек уулу: — Ооба да, балыктар мага эч кимден өткөн эмес (жылмайып). Бир нече жыл мурда көлгө браконьерлер көп кирип, балыктарды кырып жатканда, мораторий жарыяланды. Ошондо ойдондум, балыкты сөзсүз эле көлдөн кармаш керекпи? Жаратылышка зыян келтирбей, колго багып, ошону жесе, сатса болот да. Анан өзүм ферма ачууга аракет кыла баштадым.

— Эмнеге жалгыз эле форель бактыңыз?

М.К.: — Форель багуу — аквакультуранын бир түрү, буга мыйзам жол берет. Ветеринардык кызматтын икраларды, тоютун чет өлкөдөн алып келгенге уруксаты бар. Экинчиден, биз үчүн чоң рынок болгон Россия менен Казакстанда дал ушул балыкка суроо-талап күчтүү, башка балыктар өздөрүндө жетиштүү.

— Эң биринчи эмнеден баштадыңыз эле?

М.К.: — Эч кимден карызга же насыяга акча алган жокпуз. Колдо бар каражатка бир аз икра алып, беш бассейн даярдадык. Кийин балыктар чоңоюп, сатыла баштаганда айыл-чарбасына жеңилдетилген жол менен берилген насыяны алганбыз. Биринчи жолу 4,5 тоннадай өстүрүп, ошону саттык. Андан түшкөн акчаны кайра эле бир тыйынын албай туруп чарбаны кеңейтүүгө жумшадык. Азыр 29 бассейнибиз бар.

— Айына канча киреше көрөсүздөр?

М.К.: — Ушул тапта балык сатуудан түшкөн акчаны киреше деп эсептебейбиз. Күнүмдүк тамак-ашка эле албасак, калганын төкпөй-чачпай кайра эле чарбаны өнүктүрүүгө жумшайбыз. Ферманын аянты 1,8 гектар болсо, 60 пайызы гана өздөштүрүлдү. Анүстүнө россиялык ишкерлер менен келишим түзүп койгонбуз. Жылына 900 тоннадан балык берип тургула деп талап кылышкан. А бизде анча продукция жок. Жадакалса Кыргызстанда өстүрүлгөн бардык форелдерди кошкондо жылына 1 миң гана тонна болот экен. Өнөктөштөр менен улам-улам сүйлөшүп жатып, 900дү 720 тоннага түшүргөнбүз. Ошондо айына 60 тоннадан берип туруш керек. Бирок азыркы фермабыздын кубаттуулугу ага дагы жетпей жатат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКурманбек уулу: алгач колдо бар акчага бир аз икра сатып алганбыз
Предприниматели Мээрбек Курманбек уулу и Жыргал Олжобаева - Sputnik Кыргызстан
Курманбек уулу: алгач колдо бар акчага бир аз икра сатып алганбыз

— Форель баккан башка фермалар менен сүйлөшсөңөр болбойбу?

М.К.: — Болот, албетте, кооператив түзүп, биргеликте иштейли деп аракет кылып жатабыз. Бирок ЕАЭБ стандарттына туура келтирүү үчүн алар дагы тиешелүү документтерди алышы керек да.

Топоздор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Топоз баккан атбашылык миллионер кыз: 28 жашымда атамдын мал-жаны мага өткөн
— Айтмакчы, Кыргызстан ушул убакка чейин эт экспорттоого уруксат ала албай жүрбөйбү? Силер сертификатты кантип алдыңар?

М.К.: — Ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияга кайрылдык. Негизи Бишкектеги аккредитациядан өткөн ветеринардык лабораория бар. Ал жактын адистери балык өстүрүлүп жаткан жерден өздөрү барып, он жолу анализ алышат. Ар тараптан текшерип жатып, 1,5 жылдын ичинде уруксат кагазы колубузга тийди.

— Икралардан кайдан аласыңар? Азыр колдо канча балык бар?

Жыргал Олжобаева: — Уруктандырылган икраларды Дания менен АКШдан алдырып, өзүбүздүн инкубаторлордо чоңойтобуз. Майда, чоңун кошкондо азыр бизде 800 миң баш балык бар. Бирок өзүбүздө 250 миңи гана калат. Калгандарын майда кезинде башка чарбалар сатып алышат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖыргал Олжобаева: жолдошум балык багам дегендерден жардамын аябайт
Предприниматели Мээрбек Курманбек уулу и Жыргал Олжобаева - Sputnik Кыргызстан
Жыргал Олжобаева: жолдошум балык багам дегендерден жардамын аябайт

— Балыктар оору-сыркоого тез алдырбайбы?

М.К.: — Таза суу таза аба сыяктуу эле. Бассейндер туура салынып, суусу дайыма таза болсо, балыктар оорубайт. Бул жагынан Кыргызстандын экологиясын кудайдын белеги десек болот. Түркия, Грецияны мисалга алсак, ар бир балыкка вакцинация кылмайынча жашап кетпейт. Анткени алар өтө көп өстүрүп, сууларын булгап коюшкан. Биз болсо дарылайбыз деп убара болбойбуз.

— Негизи балыктын саламаттыгын кайсы адис карайт?

М.К.: — Ихтиологдор. Бирок бизде мындай адистер өтө аз. Советтер Союзу учурунда россиялык ЖОЖдорду бүтүп келишсе керек, көпчүлүгү теория жагын гана билишет. Практика жүзүндө билген саналуу ихтиологдор бар, аларга кайрылып турабыз. Ал эми бизге бекитилген ветеринарлар сыртынан эле тери ооруларын карап турушат.

— Жумуш менен канча адамды камсыз кыласыздар, алар канча айлык алышат?

Ж.О.: — Фермабызда жайкысын 8-12, кышкысын алты адам иштейт. Күн сууктап, суунун температурасы төмөндөй баштаганда, балыктын өсүүсү дагы жайлап калат. Ошондуктан ал убакта көп адамдын зарылдыгы жок. Ар бир жумушчуга кылган ишине жараша 15-20 миң сомдон акы төлөнөт.

© Фото / Жыргал ОлжобаеваБалык фермасында жыйкысын 8-12, кышкысын алты адам иштейт
Балык фермасында жыйкысын 8-12, кышкысын алты адам иштейт - Sputnik Кыргызстан
1/4
Балык фермасында жыйкысын 8-12, кышкысын алты адам иштейт
© Фото / Жыргал ОлжобаеваИшкер икраларды АКШ менен Даниядан алдырат
Ишкер икраларды АКШ менен Даниядан алдырат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Ишкер икраларды АКШ менен Даниядан алдырат
© Фото / Жыргал ОлжобаеваКурманбек уулу: кыш мезгилинде балыктар жай өсүп калат
Курманбек уулу: кыш мезгилинде балыктар жай өсүп калат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Курманбек уулу: кыш мезгилинде балыктар жай өсүп калат
© Фото / Жыргал ОлжобаеваЖыргал Олжобаева: чарбабызда 29 бассейн бар
Жыргал Олжобаева: чарбабызда 29 бассейн бар - Sputnik Кыргызстан
4/4
Жыргал Олжобаева: чарбабызда 29 бассейн бар
1/4
Балык фермасында жыйкысын 8-12, кышкысын алты адам иштейт
2/4
Ишкер икраларды АКШ менен Даниядан алдырат
3/4
Курманбек уулу: кыш мезгилинде балыктар жай өсүп калат
4/4
Жыргал Олжобаева: чарбабызда 29 бассейн бар

— Балык баккысы келгендер кеңеш сурашабы?

Ж.О.: — Сөзсүз. Жолдошум алардын бирине дагы жок дебей, Кыргызстандын кайсы жери болсо дагы барып, көрсөтүп берет. Мындан тышкары, бизде жыл сайын Айыл чарба университетинде ихтиология адистиги боюнча окуган студенттер практикадан өтүшөт.

М.К.: — Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, мен балык багат элем деп, бирок жолун билбей жаткандарга жардам берүүгө даярмын. Бул тармак өтө перспективдүү, рынок чоң. Бизде экспортко чыгарчу товарлар өтө тартыш эмеспи.

Юрист, каратист и фермер Бообек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Айыл элин бекер машыктырган Москва чемпиону Бообек: элеттен да миллион тапса болот
— Рахмат чакырыгыңызга, балким чындап эле чогулткан бир аз акчасы бар, бирок кайсы бизнеске салсам пайда көрөм деп жүргөндөр болсо керек. Негизи сизге кайрылганга чейин өздөрү эмнени дайындап алышы керек?

М.К.: — Алгач, албетте, балыктар чоңоюп, киреше алып келе башкаганга чейин колуңда акча болушу керек. Экинчиден, балыктар багыла турган сууну бир жыл бою мониторинг кылуу зарыл. Жок эле дегенде жылдын эң ысык жана эң суук күндөрүндө суунун температурасы канча болорун билүү зарыл. Бул абдан маанилүү.

— Демек, "мына суу, балыкты салып эле бага берем" деген болбойт турбайбы?

М.К.: — Эч качан. 

© Фото / Жыргал ОлжобаеваКурманбек уулу: балык багуудан мурда сууну бир жыл бою мониторинг кылуу зарыл
Предприниматели Мээрбек Курманбек уулу и Жыргал Олжобаева - Sputnik Кыргызстан
Курманбек уулу: балык багуудан мурда сууну бир жыл бою мониторинг кылуу зарыл

— Тоютту кайдан аласыздар, негизи эле балыктар эмне жейт?

Ж.О.: — Тоют экиге бөлүнөт. Майда балыктыкы жана чоңойтуучу болуп. Майда балыкка берилген жемдин килограммы 200дөн 600 сомго чейин. Чоңойтуучу тоюттар 130-150 сом. Экөөнү тең Даниядан алдырабыз. Буга чейин "Бишкек" эркин экономикалык аймагында дагы балыктын тоютун чыгарып көрүштү. Аны алсак, балыктарыбыз жактырбай койду. Дегеним, этинин даамы бузулуп, өсүшү начарлап кетти. Анүстүнө бассейнге кык бат толуп, суулар тез булгана баштады. Ал эми суу булганса балыктар сыркоолоп калат. Негизи эле форель тамак тандайт. Ошондуктан аны токтотуп кайра эле Европаныкына өтүп кеттик. Тоюттун курамына ошол эле балыктардын майдаланган сөөгү, майы кирет. Башка кошумчаларын өндүрүүчүлөр сыр бойдон сакташат.

— Балыктарды азыр кайсы жакта сатасыздар?

Ж.О.: — Кардарлар бар, көпчүлүгү атайын келип алып кетишет. Россия, Казакстан, Түркия, Испаниядан туристтер келип турат. Аларга жеринен бышырып беребиз. Түстүү форелдин килограммы 400, кызылтым форелдики 500 сомдон жогору. Айрымдар эмне мынча кымбат деп сурашат. Бирок мен сапаттуу тоютка кеткен чыгымы көп экенин айтып түшүндүрөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0