БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Катуу сууктан улам Бишкектеги бала бакчалардын иши токтотулганын мэрия билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, сууктун күчү —30 градуска чейин жетерин эскерткен. Ал эми 26-январда кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Анын айынан шаардагы көп кабатуу үйлөр менен социалдык объектилерге берилген жылуулуктун табы бир топ төмөндөгөн.
“Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иши 29-30-январь күндөрү токтотулат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын аймагындагы мектеп окуучуларын үч жана төрт күнгө каникулга таратуу чечимин чыгарган.
Ал арада күн февралдан тарта жылый турганын Кыргызгидромет маалымдады.