Үшүк алып кетпесин! ӨКМ суукка урунуп албоонун жолдорун айтты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСнег в Москве
Снег в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү Кыргызстанда катуу суук болору эскертилди. Дене мүчөлөрдү суукка алдырып жибербөө үчүн бир катар эрежелерди сактоо керек

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 26-январдан 29-январга чейин кескин суук болорун Кыргызгидромет маалымдады. Чүй облусунун түндүгүндө 30 градуска чейин суук болот. ӨКМдин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун турмуш-тиричиликтин коопсуздугу кафедрасынын жетекчиси Чыңгыз Ногойбаев суукка тоңуп калбоонун жолдорун айтып берди.

Сактыкта кордук жок

Баш тоңуп калбашы үчүн жылуу топу кийип, моюнду жылуулоо керек. Сыртка чыгарда курсакты тойгузуу керек. Анткени ачка жүргөндө организмге энергия жетпей суукка туруктуу боло албайт.

Зима в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Аба ырайына байланыштуу мектептер каникулга тарайбы? Министрликтин жообу
Спирт ичимдиктеринен алыс болгон жакшы. Себеби, спирт кишинин үшүгөнүн сездирбейт. Ошондой эле тамеки да тартпаш керек. Анткени кан тамырлар ичкерип, кан жакшы айланбай калат. Ногойбаевдин айтымында, чылым чеккендер үшүк алып кетчү кишилердин катарын толуктайт.

Абанын температурасы 15 градуска чейин төмөндөгөндө терини үшүк алып кетүүдөн коргоо керек. Дүкөндөрдөн жана дарыканалардын атайын крем, бальзам, майларды алып колдонсо болот.

"Курамында суусу бар косметикалык каражаттарды колдонууга болбойт. Ошондой эле нымдуулукту кармай турчу кремдерди колдонбой турган оң. Анын ордуна терини азыктандыруучу кремди колдонуңуз. Кремди сүйкөгөндөн кийин 10-15 мүнөттөн соң сыртка чыгуу керек", — деди Ногойбаев.

Суук 20 градуска жеткенде 20 мүнөт сайын жылынып туруу зарыл. Ошондой эле жылуу кийингенди унутпаш керек.

Эгер үшүк алып кетсе кантип жардам берүү кажет

Денеңиздин бир жерин үшүк алып кетсе, ал жерди басканда сезбей, сайгылашып чымырап чыгат. Үшүк алуунун үч деңгээли бар:

— биринчи — үшүк алган тери кубарып чыгат

— экинчи — ыйлаакча пайда болот

— үчүнчү — тери көгөрүп калат

Экинчи жана үчүнчү деңгээлде үшүк алганда тезинен дарыгерге кайрылуу керек. Биринчи деңгээлде үжылуу бөлмөгө кирип, үшүк алган жерди жылуулукту кармап туруучу кездеме менен таңуу керек. Мисалы, калың даки же кебезди коюп, үстүнө клеенка ороо кажет.

"Үшүк алган колду же бутту ваннага салып, суунун температурасын 20 градустан 40 градуска чейин акырындык менен жогорулатып, аны ушалап 40 мүнөттөй кармаш керек. Андан кийин жылуу чай же башка суусундук ичсе болот", — деди Ногойбаев.

Ошол эле учурда организмдин жалпы абалын көзөмөлдөп туруу керек. Анткени экинчи же үчүнчү деңгээлдеги үшүктүн белгилери пайда болушу ыктымал.

Үшүк алганда эмне кылбаш керек

Аялдамада унаа күтүп жаткан Павлодар шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ит өлгүдөй суук! Казакстандын түштүгүндөгү ызгаар 33 градуска чейин жетет
Адистин айтымында, көпчүлүк киши үшүк алган жерди ушалап сүртүш керек деген ойдо. Бирок ал туура эмес. Анткени үшүк алган жердеги кан тамырлар морт болуп калгандыктан аларга зыян келиши толук мүмкүн. Жарака кеткен жерден түрдүү инфекциялар кирип кетиши ыктымал.

Үшүк алган жерди дароо ысытып жиберүүгө да болбойт. Анткени үшүк алган жердин эти жабыркашы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0