БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарында 10 жаштагы кыз дайынсыз жоголуп изделүүдө. Бул тууралуу аталган калаанын Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
1-июль күнү саат 16.00дөр чамасында Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө 10 жашар Нургазиева Камила жоголуп кеткен. Маалыматта тестиер Алай районунун Корул айылынан конокко келип, андан соң көчө чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылууда.
Учурда шаардык милиция кызды издеп жатат.