Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович — өмүр баяны

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин архивдик сүрөтү
Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөнбек Зилалиев 1973-жылы 16-июлда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. СССР ИИМинин Караганды шаарындагы жогорку мектебинде билим алып, 1995-жылы Анкарадагы полиция мектебин аяктаган. 1999-жылы Россиянын ИИМ башкаруу академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу: 

 

  • 1990 – 1991 — электромонтаждоочу, "УГЭС" акционердик коомунун башкармалыгы;
  • 1995 – 1996 — Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө башкармалыгында тергөөчү;
  • 1999 – 2000 — КР ИИМ академиясында окутуучу;
  • 2000 — КР ИИМ академиясынын окумуштуу катчысы;
  • 2002 – 2003 — КРдин Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин көзөмөл-укук башкармалыгынын башчысы;
  • 2003 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик комитетинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен боюнча башкармалыгынын башчысы;
  • 2004 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик комитетинин аппарат жетекчиси; 
  • 2005 — Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер; 
  • 2005 – 2009 — Президент администрациясынын Коопсуздук жана коргоо иштери боюнча бөлүмдүн, мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн эксперти; 
  • 2009 – 2010 — Президенттин Коргоо, коопсуздук жана тартип сактоо боюнча мамлекеттик кеңешчи кызматынын инспектору; 
  • 2011– 2013 — Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары;
  • 2013-жылдан тартып Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
  • 2016-жылдын 29-июнунан 2017-жылдын август айына чейин Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси;
  • 2017-жылдын августунан 17-ноябрга чейин Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер министр;
  • 2017-жылдын 23-ноябранын тарта Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси. Ушул эле жылдын аягында отставкага кеткен.
2018-жылы октябрь айында Зилалиев бомба тууралуу билдирүү таратканы үчүн үч жылга шарттуу кесилген. Ал эми 2018-жылдын 8-декабрында мыйзамсыз байыган деген айып менен Бишкектен кармалган. Кийинки күнү эки айга камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0