Президент жаңы өкмөттүн курамын бекитти
17:18 13.10.2021 (Жаңыртылды: 22:59 15.12.2021)
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Жазылуу
Кыргызстандын министрлер кабинетинде айрым министрликтер жоюлуп, башкалары түзүлдү. Ушундан тарта жаңы курам ишке киришет.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитип, жарлыкка кол койду.
Өкмөттүн курамы:
- Акылбек Жапаров — министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси;
- Арзыбек Кожошев —министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
- Азиз Аалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
- Эдил Байсалов — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
- Камчыбек Ташиев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
- Алмаз Бакетаев — финансы министри;
- Руслан Казакбаев — тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри;
- Аяз Баетов — юстиция министри;
- Эркинбек Осоев — транспорт жана коммуникациялар министри;
- Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;
- Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;
- Динара Кутманова — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
- Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;
- Болотбек Купешов — билим берүү жана илим министри;
- Азамат Жаманкулов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
- Бактыбек Бекболотов — коргоо министри;
- Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
- Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри.
Ошол эле учурда министрлер кабинетинин жетекчисинин мурдагы орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Алар:
- Жылдыз Бакашова — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
- Дастан Догоев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри;
- Асел Чынбаева — юстиция министри;
- Кайрат Иманалиев — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.