08:09 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Депутат Руслан Казакбаев. Архивдик сүрөт

Казакбаев Руслан Айтбаевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
320 0 0

Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Бейшеке айылында туулган.

Билими жогору. 1991-жылы Фрунзенин политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангга ээ.

Эмгек жолу:

  • 1992-1994 –КР Илимдер академиясы
  • 1995-1996 – КР ТИМдин консулдук башкармалыгынын үчүнчү катчысы, экинчи катчысы
  • 1996-1999 – Стамбул шаарындагы КРдин Башкы консулчулугунун вице-консулу
  • 1999-2005 — КР ТИМдин консулдук кызматынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси
  • 2005-2008 — Стамбул шаарында КРдин башкы консулу.
  • 2008-2009 — КРдин тышкы иштер министринин биринчи орун басары
  • апрель, 2010 – сентябрь, 2012 — КРдин тышкы иштер министри
  • октябрь, 2015 — "Республика – Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.
Белгилер:
таржымал, өмүр баян, Руслан Казакбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ