Бекмурзаев Доскул Жумагулович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБекмурзаев Доскул Жумагулович
Бекмурзаев Доскул Жумагулович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Доскул Бекмурзаев 1973-жылдын 9-октябрында Талас облусунун Бала-Саруу айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Кыргыз техникалык университетин аяктаган. 2008-жылы КР ТИМинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 2001 — Манас райондук электр тармагында мастер;
  • 2001 - 2004 — Кара-Буура райондук электр тармагында башкы инженер;
  • 2004 — “Түндүк электр” ишканасынын Батыш райондук электр тармагында мастер;
  • 2004 - 2005 — Кара-Буура райондук электр тармагында начальник;
  • 2005 — "Ош электр" ишканасында башчынын орун басары;
  • 2005 — “Түндүк электр” ишканасында башкы инспектор;
  • 2005 - 2006 — “Түндүк электр” ишканасында тиричилик кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • 2006 - 2007 — “Түндүк электр” ишканасында тиричилик кызматынын коммерциялык жетекчисинин орун басары;
  • 2007 — “Түндүк электр” ишканасында Аламүдүн району боюнча тиричилик кызматынын жетекчиси;
  • 2007 - 2008 — “Ош электр" ишканасында башчынын орун басары;
  • 2008 - 2009 — Ош электр" ишканасында башчы;
  • 2013 - 2014 — Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014 - 2015 — эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
  • 2021-жылдын июнь айынан бери энергетика жана өнөр жай министри болуп эмгектенет.
Жаңылыктар түрмөгү
0