Экология боюнча мамкомитетке башчы болгон Динара Кутманованын өмүр баяны

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Динара Кутманова. Архив
 Динара Кутманова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Кутманова Динара Асиевна 1961-жылдын 31-октябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган.
1983-жылы Д.Менделеев атындагы Москва химия-технологиялык институтун "инженер-технолог" адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан "юриспруденция" адистигине ээ болгон. Экологиялык укук боюнча юридика илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолу:
  • 1983-1990 — Фрунзе айнек заводунда инженер, мастер;
  • 1984-1987 — Фрунзе шаардык кеңешинин эл депутаттарынын ХIХ чакырылышына депутат
  • 1990-1992 — Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик комитетинин Экологиялык илимий-маалыматтык эсептөө борборунун атмосфералык аба лабораториясынын башчысы;
  • 1992-1996 — Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик комитетинин Экологиялык илимий-маалыматтык эсептөө борборунун Жалал-Абад филиалынын директору;
  • 1996-1997 — Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин Ош — Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги;
  • 1997-1998 — Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин Жалал-Абад облустук жаратылышты коргоо фондунун директору;
  • 1998-1999 — Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин Айлана-чөйрөгө мониторинг башкармалыгынын башчысы;
  • 1999-2003 — Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин Республикалык жаратылышты коргоо фондунун аткаруучу директору;
  • 2003-2006 — Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы;
  • 2006-2012 — Эл аралык бир катар долбоорлордун (Дүйнөлүк Банк, Ага Хан фонду жана башка) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча консультанты;
  • 2012-2012 — Кумтөр долбоору боюнча Жогорку Кеңештин экологиялык маселелер боюнча парламенттик комиссиясынын эксперттик тобунун жетекчиси;
  • 2012-2013 — Кумтөр долбоору боюнча мамлекеттик комиссиясынын экологиялык маселелер боюнча эксперттик тобунун жетекчиси;
  • 2014-2019 — "Эко-Мониторинг" коомдук фондунун эксперт-консультанты;
  • 2013-2016 — "Эко-Грин" ЖЧКсынын директору;
  • 2016-2019 — Германиянын эл аралык кызматташтык борборунун (GIZ) "Айылды биргеликте таза кылабыз" долбоорунун (Нарын облусу) консультанты;
  • 2016-2020 — "Дайдалус" ЖЧКсы, директор;
  • 2020 — "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын директору, өкмөттүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
  • 2021-жылдын май айы — министрлер кабинетинин Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0