Кожошев Арзыбек Орозбекович. Өмүр баяны

Жазылуу
Арзыбек Кожошев 1968-жылы 25-июнда туулган. Билими жогору. 1994-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1985-1987 — курулуш уюмунда бетончу
1987-1989 — Советтик аскерлердин катарында кызмат өтөгөн
1992-1993 — Ош мамлекеттик университетинин студенттер союзунун төрагасы
1993-1994 —Студенттерди социалдык колдоо боюнча республикалык фонддун төрагасынын орун басары
1996 — КРдин Каржы министрлигинин Бюджеттик башкармалыгынын бюджеттер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
1998-1999 — Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башкы адиси, жергиликтүү бюджеттер бөлүмүнүн жетекчиси
2005-2006 — Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын жетекчиси;
2006-2007 — Каржы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын жетекчиси
2007-2015 — Каржы министринин орун басары.
2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке VI чакырылышынын депутат болуп шайланган;
2015-2017 — Экономика министри;
2017-2019 — Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, профессор;
2018-2019 — Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун кеңешчиси;
2019-2021 — Өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
2021-жылдын 13-октябрынан тартып 2022-жылдын 15-июнуна чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.
Экономика илимдеринин доктору, мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Сыйлыктары: Каржы министрлигинин ардак грамотасы, Кыргызстандын президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамотасы.
Салык кызматынын биринчи даражадагы кеңешчиси жана үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Классикалык (грек-рим) күрөшү боюнча спорт чебери. 2009-жылдын 8-январынан тартып – КРдин Грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын президенти.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0