Чынбаева Асель Рысбековна — өмүр баяны
19:12 02.02.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
© Фото / пресс-служба правительства Чынбаева Асель Рысбековна
© Фото / пресс-служба правительства
Жазылуу
Асель Чынбаева 1974-жылы 7-майда Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында туулган.
Билими:
- 1996 — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук таануучу адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1998 — Жогорку Кеңеш, депутаттын коомдук башталгычтагы жардамчысы;
- 1998-2000 — Бишкек мэриясынын укуктук департаментинде жетектөөчү адис;
- 2000-жылдын март айынан ноябрь айына чейин —"Хельвитас" Швецариялык эл аралык кызматташтык ассоциациясынын айыл калкына укуктук жардам берүү" долбоорунда юрист;
- 2001-жылдын январь айынан июнга чейин — "Альянс-Транс" ассоциациясында юрист;
- 2001-2004 — Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, кадрдык, укуктук иштер жана аткарууну контролдоо бөлүмүндө жетектөөчү адис;
- 2004-2006 — Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, уюштуруу-кадрдык жана укуктук иштер бөлүмү, юридикалык иштер секторунун башчысы;
- 2006-2007 — өкмөттүн аппараты, юридикалык бөлүмдүн укуктук талдоо секторунда башчынын милдетин аткаруучу;
- 2007-жылы апрелден май айына чейин — өкмөттүн аппараты, укуктук-экспертиза бөлүмүнүн мыйзамдарды системалаштыруу жана кодификациялоо секторунда башчынын милдетин аткаруучу;
- 2007-жылдын май айынан августка чейин — өкмөттүн аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүндө эксперт;
- 2007-2009 — өкмөттүн аппараты укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн укуктук талдоо жана экспертиза секторунда эксперт;
- 2009 — өкмөттүн аппараты, укуктук колдоо бөлүмүндө башчынын орун басары;
- 2010 — убактылуу өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
- 2010 — президенттин администрациясы, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
- 2010-2015 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
- 2015-2016 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн экспертиза секторунда башкы эксперт;
- 2016-2017 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти;
- 2017 — өкмөттүн аппараты, укуктук-экспертиза бөлүмүнүн мыйзамдарды системалаштыруу жана кодификациялоо секторунун башчысы;
- 2017-2019 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүндө башчынын орун басары;
- 2019-2021 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы.
- 2021-жылдын февраль айында өкмөттүн жаңы курамына юстиция министри катары кирди.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.