Президент Марипов башында турган өкмөт мүчөлөрүн дайындады
18:34 03.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Жазылуу
Буга чейин премьер-министрдин милдетин убактылуу Артем Новиков аркалап келген. Ал эми Марипов 2016-жылдан берин Эсеп палатасынын төрагасы болчу.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Улукбек Марипов Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле өкмөттүн курамы толугу менен бекитилди. Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн 16 мүчөсү болот.
- Кармышаков Улукбек Тойчуевич — экономика жана финансы министри;
- Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Өкмөт аппаратынын жетекчиси, министр;
- Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович — коргоо министри;
- Казакбаев Руслан Айтбаевич — тышкы иштер министри;
- Чынбаева Асел Рыспековна — юстиция министри;
- Ниязбеков Улан Омоканович — ички иштер министри;
- Бейшеналиев Алмазбек — билим берүү жана илим министри;
- Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович — саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
- Абдралиева Гүлмира Курманбековна — транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри;
- Турдубаев Кубанычбек Апышевич — энергетика жана өнөр жай министри;
- Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
- Ажикеев Бообек Эргешевич — өзгөчө кырдаалдар министри;
- Иманалиев Кайрат Олжобаевич — маданият, маалымат жана спорт министри;
- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.
Буга чейин жаңы өкмөттүн түзүмүн Жогорку Кеңештин депутаттары жактырган.