Президент Марипов башында турган өкмөт мүчөлөрүн дайындады

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Буга чейин премьер-министрдин милдетин убактылуу Артем Новиков аркалап келген. Ал эми Марипов 2016-жылдан берин Эсеп палатасынын төрагасы болчу.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Улукбек Марипов Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле өкмөттүн курамы толугу менен бекитилди. Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн 16 мүчөсү болот.
  • Кармышаков Улукбек Тойчуевич — экономика жана финансы министри;
  • Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Өкмөт аппаратынын жетекчиси, министр;
  • Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович — коргоо министри;
  • Казакбаев Руслан Айтбаевич — тышкы иштер министри;
  • Чынбаева Асел Рыспековна — юстиция министри;
  • Ниязбеков Улан Омоканович — ички иштер министри;
  • Бейшеналиев Алмазбек — билим берүү жана илим министри;
  • Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович — саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
  • Абдралиева Гүлмира Курманбековна — транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри;
  • Турдубаев Кубанычбек Апышевич — энергетика жана өнөр жай министри;
  • Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
  • Ажикеев Бообек Эргешевич — өзгөчө кырдаалдар министри;
  • Иманалиев Кайрат Олжобаевич — маданият, маалымат жана спорт министри;
  • Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.
Буга чейин жаңы өкмөттүн түзүмүн Жогорку Кеңештин депутаттары жактырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0