00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Айчурок Зайырбекова: как психология помогает милиции в экстремальных условиях
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстандыктардын санариптик сабаттуулугу кандай? – Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдына коюлган милдеттерди кандай аткарды?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Шанс стать крутым бизнесменом — беседа о работе Университета «Евразия» с вице-спикером Госдумы РФ
10:04
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейби? Ыш менен күрөшүү кандай жүрүүдө?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровизация таможни: борьба с контрабандой и снижение бюрократии
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2025-жылы канча чакырым жол салынат? – инвестиция, жаңы техника, акы төлөнүүчү жол, кадр маселеси
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Пайыздык коюмдар жана инфлация
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Страна детей и открытой, предприимчивой молодежи — глава представительства «Россотрудничества» о Кыргызстане
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Экс-президент Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды

Жазылуу
Зилалиев ячейкадан чыкты делген миллион доллар президенттик шайлоодо Жээнбеков үчүн ишкерлерден чогултулганын айткан.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн экс-президент Сооронбай Жээнбеков күбө катары сотко чакырылды.
Аталган иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова экс-президентти чакыруу боюнча судьяга өтүнүч келтиргенин билдирди. Ал эми шаардык соттун маалымат кызматы Жээнбековго чакыруу жиберилгенин тастыктады.
Адвокат "Оптима банктын" ячейкасынан Зилалиевдин бир миллион долларын тапты делген эпизод тууралуу кеп болуп жатканын айтты.
"Ушул жагдай боюнча маселе жаралды. Зилалиев 2019-жылы декабрда, кышта кармалган. Бирок жарыяланган видеодо адамдар жайкы кийим менен жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле каражат ар түрдүү баштыкка жана кагазда сакталган. Зилалиев кармалганда эле каражат өзүнө таандык эместигин, ал акча Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо өнөктүгү үчүн ишкерлерден чогултулганын айткан. Кийин Зилалиев каражатты Икрамжан Илмияновго берип кой дегенине карабай, Жээнбековдун өз колуна тапшырган. Буга ошондогу премьер-министр Сапар Исаков күбө болгон", — деп Зилалиев көрсөтмө бергенин айтты адвокат.
Токтакунова сот буга чейин Жээнбеков мамлекет башчы болгондуктан суракка чакырбаганын, эми кызматтан кеткенден кийин кайра чакырууну сураганын белгиледи.
Юрист сот экс-президентти чакырууга укугу бар экенин айтты. Бирок "экс" макамы болгондуктан күчкө салып алып келүү мүмкүн эмес.
"Чакыруу Сооронбай Жээнбековдун жашаган дареги боюнча жиберилген. ЖМКлар аркылуу дагы маалымдалып жатат. Андыктан Жээнбеков лоялдуулугун жана Конституция менен соттун талабына сый-урмат көрсөтөт деп ишенебиз", — деди Токтакунова.

Зилалиевдин иши

Башкы прокуратура Зилалиевге мыйзамсыз жол менен байыган деген кине койгон. Ага ылайык, Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде бир катар мамлекеттик кызматтарда: Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, вице-премьер жана Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси болуп иштеп, расмий кирешесинен бир нече эсе көп мүлк сатып алган деп айыпталууда.
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
5-октябрда жабыркагандар Жээнбековду жоопко тартууну талап кылууда
Зилалиев 2018-жылы 8-декабрда кармалган. УКМК анын банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар таап, үй-жайын тинтүүгө алганын айткан.
Ошондой эле Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон эле.
Ал эми 2018-жылы Зилалиев Биринчи май райондук соту тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу кесилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0