Ант берүү аземи Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Салтанатка миңден ашуун конок чакырылган. Учурдагы коронавирус пандемиясынан улам аземге чакырылгандардын баары ПЦР-анализ тапшырган. Президенттин маалымат кызматынан алар тапшырган тесттерден COVID-19 чыкпагандыгын билдиришти.
Инаугурациянын программасы менен Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыздар.
Ал эми ант берүү аземинин жүрүшү, кыргызстандыктардын бул саясий окуя тууралуу пикирилери менен биздин тексттик баяндамадан маалымат алып туруңуз.