00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы. Архив - Sputnik Кыргызстан

Садыр Жапаровдун инаугурациясы: учурда эмне болуп жатат. Сүрөт, видео

Жазылуу
Бир аз убакыттан кийин Бишкекте Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы башталат.
Ант берүү аземи Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Салтанатка миңден ашуун конок чакырылган. Учурдагы коронавирус пандемиясынан улам аземге чакырылгандардын баары ПЦР-анализ тапшырган. Президенттин маалымат кызматынан алар тапшырган тесттерден COVID-19 чыкпагандыгын билдиришти.
Инаугурациянын программасы менен Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыздар.
Ал эми ант берүү аземинин жүрүшү, кыргызстандыктардын бул саясий окуя тууралуу пикирилери менен биздин тексттик баяндамадан маалымат алып туруңуз.
Мазмуну
10:43 28.01.2021
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
12:49 28.01.2021

Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, 28-январда Кыргызстандын президенти кызматына киришти

12:06 28.01.2021
12:04 28.01.2021
12:00 28.01.2021
Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова  - Sputnik Кыргызстан
11:59 28.01.2021

Аны Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов тосуп алды

11:58 28.01.2021

Аскердик жүрүштөн кийин автоунаасы келип токтоору менен Садыр Жапаров машинанын эшигин өзү ачып отуруп алды. Атайын кызматкер эшикти ачып берүүгө жетишпей калды.

11:54 28.01.2021
11:51 28.01.2021

Жапаров филармониянын алдында тизилип турган Улуттук Гвардиянын аскерлеринин жүрүшүн КРдин куралдуу күчтөрдүн кол башчысы катарында кабылдады.  

11:50 28.01.2021
11:49 28.01.2021

Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин куттуктоосун кыргыз тилинде окууду. Ал эки-үч сүйлөмдөн кийин калганын орус тилинде улантууга уруксат сурады. Бирок кийинкиде аягына чейин кыргызча окуй турганын убадалады.

11:44 28.01.2021

"Биздин бүгүнкү абалыбызды канааттандырарлык деп сыпаттагандан алысмын.
Отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин багыма – президенттигим башталган мезгилге туш келди.
Ал ортодо, коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 млрд доллар) карызы бар экен.
Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолоору айкын.
Ошондуктан, менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат", - деди Садыр Жапаров.

11:44 28.01.2021
Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
11:43 28.01.2021

"Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт!

Эл-журтумдун ошондогу талабын жүзөгө ашырууну көздөө менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги мүдөө-максаты болмокчу!

Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин", - деди Жапаров.

11:39 28.01.2021
11:38 28.01.2021

«Жаңы Кыргызстан - өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш!», - деп белгиледи Садыр Жапаров

11:35 28.01.2021

 "Депутаттык орундардын акчага бааланышы жалпы саясий маданияттын деградациясына алып келди. Мамлекеттүүлүктүн келечегине коркунуч туудурган көрүнүшкө айланды. Ал ортодо коомогу социалдык жиктелүү күндөн-күнгө, жылдан жылга курчуп отурду. Тилекке каршы, акыркы 30 жылдан бир ууч топ гана баюунун үстүндө болду... Натыйжада калың элдин чыдамы түгөндү. Ал арада миңдеген мекендештеримдин мигрант атыгып, жакырчылыктан чыга албай, элимдин туш тарапка чачылышы -  ушул көрүнүш тыйылбай уланып жатканы кабыргамды кайыштырат, жанымды кашайтат. Андан улам бийликке нааразы болуп, 5-октябрда чыкканы мыйзамдуу көрүнүш", - деди ал.

11:29 28.01.2021

Жапаров өзүнүн сөзүндө алдыда кыйынчылыктар тургандыгын, мамлекетти өнүктүрүү көп күч-кубатты талап кыларын түшүнүп тургандыгын айтты.

11:17 28.01.2021
Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
11:14 28.01.2021

"Байыркы элимдин бүгүнкү тагдыры жана келечеги үчүн өтө жогорку жоопкерчилик моюнга тагылгандыгын түшүнүп бир чети толкунданып турам. Бул жоопкерчиликти санаалаштарым, тилектештерим менен тартам", - деди Садыр Жапаров. 

11:13 28.01.2021
11:11 28.01.2021

Зал кол чаап, балкондо отургандар ордунан туруп, кыйкырып жатышты. Андан соң КРдин мамлекеттик гимни аткарылды. 

11:09 28.01.2021

Залдар отургандардын арасынан кол чаап, кубаттап кыйкыргандар болду. 

11:05 28.01.2021
11:02 28.01.2021

Садыр Жапаров залга кирди. Отургандар ордунан туруп, кол чаап тосуп алышты.

11:01 28.01.2021
11:00 28.01.2021

Манасчы Саякбай Каралаев "Каныкейдин Тайторунун чапканын" айтып жатат.

10:59 28.01.2021
10:58 28.01.2021

Сценага БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова чыкты 

10:57 28.01.2021
10:55 28.01.2021
10:53 28.01.2021

Уюштуруучулар филармониянын чоң залы толгондуктан, эшиктер жабылгандыгын айтышты.

 

Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
10:51 28.01.2021
10:50 28.01.2021
10:46 28.01.2021

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт үйүндө болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Буга чейинки президенттер Жогорку Кеңештин имаратында, тагыраагы, Ак үйдө иштеп келишкен.

Ни одна пылинка не должна упасть на ковёр... Найду - убью!

Опубликовано Канатом Каниметовым Среда, 27 января 2021 г.
10:42 28.01.2021

Милициянын Кайгуул кызматы ишин аткарып жаткан учурлар 

Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
10:37 28.01.2021
Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
10:32 28.01.2021
10:30 28.01.2021

Сторонников и супругу Сегизбаева вышедших на митинг возле Филармонии забрали в Ленинское РУВД

Опубликовано Абдилом Сегизбаевым Среда, 27 января 2021 г.
10:26 28.01.2021

Филармониянын алдына кызыл килем төшөлдү. Бул жерде журналисттер көчөдө эмне болгонугун чагылдырып турушат. Кыязы, Садыр Жапаров имараттын ичине ушул жерден кирет.

Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
10:21 28.01.2021

Урматтуу Кыргыз элим! Туптуура 4 ай 14 кун алдын борбордук аянтта танга маал «Садырды Президент кылабыз» деп жарыялаган экенмин. Мен созумо,убадама турдум! Рахмат Элиме,рахмат силерге!

Опубликовано Камчыбеком Ташиевым Среда, 27 января 2021 г.
10:18 28.01.2021
Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
10:16 28.01.2021
Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан

Филармониянын ички жана тышкы көрүнүшү

10:07 28.01.2021

Инаугурацияга конок катары чакырылгандар социалдык тармактагы аккаунттарына сүрөт, видеолорду бөлүшүп жатат. Кээ бирлери юмор менен жазылган.

Балкондон карап, таак кийинки кезек кимдики?-деп атат))))

Опубликовано Болотом Абдыжапаровым Среда, 27 января 2021 г.
10:05 28.01.2021
Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан

Ант берүү аземине чакырылгандарга жогорудагыдай кагаз баштыкча берилди. Анын ичинде калем, блокнот, спрей жана медициналык бет кап салынган.

09:59 28.01.2021

Жамаааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась, Европалык Биримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан келген. Алар менен кечээ КРдеги тиешелүү ведомство жетекчилери жолуккан. 

 

 

Рабочая поездка генерального секретаря ОДКБ Станислава Заса в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
09:57 28.01.2021

Алардын арасынан мурдагы өкмөт башчылар Жоомарт Оторбаевди, Темир Сариевди, Виталий Чудиновдун катар туруп, сүйлөшүп жаткандыгын көрүүгө болот. 

Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
09:54 28.01.2021

Анткен менен коноктордун арбыны бет капсыз жүргөнүн көрүүгө болот. 

09:52 28.01.2021
Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
09:52 28.01.2021
Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
09:51 28.01.2021

Негизги салтанат филармониянын чоң залында өтөт.
Азырынча инаугурация алдындагы көрүнүш ушундай. Чакырылган коноктор  кирип жатат. Аларды босогодон металлодетектор менен текшерип жатышат. Андан сырткары дарыгерлер алардын дене табын да көзөмөлгө алып жатканын көрүүгө болот.

09:51 28.01.2021

Ант берүү аземин түз алып берүү саат 10:45ке пландалып жатат. Ал эми азыр учурда эмне болуп жаткандыгын сиздерге баяндап берип турмакчыбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0