18:21 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
49810

Бүгүн дүйнөнүн тынчтыгын сактап калуучу бирден-бир кесиптин ээлери дипломаттар кесиптик майрамын белгилеп жатат. 24-октябрь — Кыргыз Республикасынын Дипломатия кызматынын кызматкеринин күнү.

Бул датага карата Алмаз Батилов кыргыз дипломатиясынын тарыхы, түзүлүшү, оош-кыйыш учурлары туурасында материал жасаган.

1944-жылы 17-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин пайдубалы түптөлгөн. Союздук республикаларда ТИМ Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында түзүлгөн деп айтсак болот.

Дүйнө жүзүнүн тагдырын чечкен үч лидер

1945-жылы 4-11-февралда Крым жарым аралынын Ялта шаарында фашисттик Германияга каршы согушкан өнөктөш үч державанын башчылары Иосиф Сталин, Франклин Рузвельт жана Уинстон Черчиль жолугуп конференция өткөргөн. Алар дүйнө жүзүнүн тагдырын талкуулап, капиталисттик жана социалисттик лагерге бөлүштү. Ошол эле учурда Бириккен Улуттар Уюмун түзүү жөнүндө сүйлөшүп, Сталин ага СССРдин бардык 15 союздук республикасын мүчө кылууга умтулган. Союздук республикаларда Тышкы иштер министрлиги ага чейин, 1944-жылы, түзүлгөн. Бирок Сталиндин союздук республикаларды БУУга мүчө кылуу демилгесине АКШ жана Улуу Британия лидерлери Франклин Рузвельт менен Уинстон Черчиль бөгөт коюшат. БУУнун курамына СССРден тышкары 15 союздук республиканын ичинен Беларусь менен Украина гана кирген. Себеби бул эки республика Улуу Ата Мекендик согушта эң көп жоготууларга учураган эле.

БУУга мүчө болбой калган башка союздук республикаларда жаңы түзүлгөн министрлик жоюлган эмес. Ушул ведомство эгемендүү Кыргызстандын ТИМинин түптөлүүсүнө өбөлгө болду.

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-октябрындагы токтому менен 24-октябрь өлкөбүздүн дипломаттар күнү деп белгиленген. Ушул күндөн баштап кыргыз дипломаттары кесиптик майрамын белгилеп келүүдө. Мындан улам ведомствонун айрым ардагерлери дипломатиялык тажрыйбасынан кызыктуу фактыларды айтып беришти.

Кремль дипломаттарга форма тигип берчү

КРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Марат Усупов:

Марат Усупов на Иссык-Кульском форуме, 1986 год
© Фото / из личного архива Марата Усупова
Марат Усупов на Иссык-Кульском форуме, 1986 год

--1944-жылы Кыргыз ССРнин Тышкы иштер министрлигинин пайдубалы түптөлө баштаган. Союздун жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуш жүрүп жатканына карабастан, бул жаңы түзүлгөн ведомствонун ишин бир калыпка салыш үчүн комплекстүү иштерди жүргүзгөн. 1981-жылы мен республикабыздын ТИМинде иштеп жүргөн учурда архивдик документтерден Москва системалуу түрдө Фрунзеге СССРдин ТИМинин борбордук аппаратынан кадрларды жибергенин окугам. Москвадан жиберилген дипломаттардын көпчүлүгү Кыргызстанда отурукташып, мамлекеттик кызматтарда иштешкен. Айрымдарын мен таанычумун.

Жогоруда сөз болгон документтерде Кремль жада калса дипломаттардын формасын тигүү үчүн кездеме бөлгөнү жөнүндө да айтылган. Ошол убакта дипломаттар атайын форма кийишчү экен. Тилекке каршы, жетекчиликтин ар бир союздук республика БУУда мүчө болот деген мүдөөсү ишке ашпай калган. Бирок жаңы түптөлгөн ведомство эгемендүү Кыргызстандын ТИМинин негизин түздү.

Москванын катуу текшерүүсүнөн өтүп...

КРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жамал Ташыбекова:

Жамал Ташибекова (вторая слева) с мужем Марсом Байчериковым и своей преемницей Жаныл Туменбаевой. Аэропорт Манас, город Фрунзе, 1985 год
© Фото / из личного архива Жамал Ташибековой
Жамал Ташибекова (вторая слева) с мужем Марсом Байчериковым и своей преемницей Жаныл Туменбаевой

--1971-жылдан баштап 1980-жылга чейин Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштедим. Ошол жылы Кыргыз ССРнин ТИМинин жетекчиси Сакин Бегматова пенсияга кетти. Республика жетекчилигинин алдында анын ордуна кимди коёбуз деген суроо жаралат. Себеби бир эле учурда Кыргызстандын министрлер кеңешинин орун басары Тышкы иштер министрлигин да жетектечү. Мындан сырткары, бул эки кызматтын жетекчилигине аял киши келиши керек деген түшүнүк бар болчу.

Жогорку кызматтагы мыкты сегиз айым кызматкерди тандап, Москвага Советтер Союзунун коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине жиберишти. Алардын ичинде мен да бар болчумун. Эртең менен Москвага учуп бардык, бир күндүн ичинде Борбордук комитеттин кызматкерлери ар бирөөбүз менен өзүнчө сүйлөштү. Булар мага үй-бүлөм, жумушум тууралуу жана эл аралык абал боюнча ар түрдүү суроолорду беришти. Мен билгениме жараша жооп бердим. Азыркы тил менен айтканда алар бизди текшерип, тест жүргүзүшкөн экен. Эртең менен кайра Фрунзеге учуп келдик. Ошол күнү Москва менин талапкерлигимди жактырып, республикабыздын министрлер кеңешинин орун басары жана ТИМинин жетекчилигине сунуш кылыптыр. Ошентип алты жыл ушул эки кызматта иштедим.

Аскар Акаевдин алгачкы расмий иш сапары

КРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Евгений Каблуков:

Евгений Каблуков на проспекте Манас. в г.Дели
© Фото / из личного архива Евгения Каблукова
Евгений Каблуков на проспекте Манас. в г.Дели

--Мен хинди тили боюнча адисмин. Дипломатияга келгенге чейин Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы боюнча предметтен сабак берчүмүн. 1990-жылдардын башында мени тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев жумушка чакырып калды. Дароо макул болдум. ТИМдин эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча бөлүмүндө дипломатиялык карьерамды баштадым. Анда биздин ведомствонун курамында болгону он эле кызматкер бар болчу. Кайра куруунун илеби менен республикабызда эки ирет ТИМдин штаты көбөйгөн. Муратбек Сансызбаевичтин башкы максаты Тышкы иштер министрлигине чет тилдерди жана эл аралык мамилелерди билген дасыккан адистердин командасын чогултуу эле. Кадр аз эле.

1991-жылы 6-декабрда тунгуч президент Аскар Акаев Түркияга расмий иш сапары менен барды. Ошол учурда мамлекетибиз расмий түрдө "Республика Кыргызстан" деп аталчу. Өлкө формалдуу түрдө СССРдин курамында экенине карабай ажобузду расмий Анкара "эгемендүү мамлекеттин президенти" деп тосуп алды. Союздун ыдырашына саналуу күндөр калганы билинип калган убак эле. Ошон үчүн түрк жетекчилиги Аскар Акаевичке протоколдо белгиленген бардык сый-урматты көрсөткөн. Акаевдин самолету түрк аба мейкиндигине киргенде аны дароо эки түрк аскердик учагы коштоп, Анкарага чейин барган.

Мамлекетибиз көз карандысыз мамлекетке айлангандан кийин, 1992-жылы, Аскар Акаевич эгемендүү мамлекеттин башчысы катары Индияга расмий иш сапары менен жөнөп калды. Делегациянын курамында мен да бар болчумун. Аскар Акаевичти Индиянын жетекчилиги абдан жакшы тосуп алган. Ал эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жана кызматташуусу тууралуу келишимге кол койгон.

СССРдин урай турганын баамдадым...

КРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жумакадыр Атабеков:

Жумакадыр Атабеков беседует с лидером Кубы Фиделем Кастро. Копенгаген, 1995 год
© Фото / из личного архива Жумакадыра Атабекова
Жумакадыр Атабеков беседует с лидером Кубы Фиделем Кастро. Копенгаген, 1995 год

--1985-1989-жылдарга чейин Уругвайда Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы болуп иштедим. Ал жерде кызматтык мөөнөтүм бүткөн соң Москвага кайтып келгенимде СССРдин ТИМи мага 1-класстагы кеңешчи деген наам ыйгарды. Союздун ТИМинин алдындагы Дипломатиялык академияда билимди жогорулатуучу бир жылдык курста окудум. Андан соң СССРдин ТИМинин борбордук аппаратына кайта кызматка алышты. Өлкөдө абал абдан курчуп жатканын байкадым. Анын үстүнө социалисттик лагердеги коммунисттик партиянын бийлиги четинен кулай баштады. Жакын арада СССР урай турганын баамдадым. 1990-жылы Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Жаңыл Түмөнбаева союздук ТИМге орун басар керек деп бир нече жолу кайрылып жатып, штат алды да мени өзүнө орун басар кылып дайындады. Түмөнбаева менен биригип, борбордук аппараттын штатын кеңейттик. Ошол эле учурда ТИМдин ичинде маалымат-аналитикалык, экономикалык, консулдук, протокол жана ведомствонун ичинде мамлекеттик сырды сактоочу жаңы бөлүмдөрүн ачтык. Азыркы күндөгү КРдин ТИМинин пайдубалын Жаңыл Түмөнбаева, Аскар Айтматов, Муратбек Иманалиев, Закир Султанов жана Талгатбек Чынетовдор менен биргеликте түптөгөнгө салымыбызды коштук.

Жогорку Кеңештин парламент аралык комитетинин түзүлүшү

Айбек Дехканов, КР дипломатиялык кызматтын кеңешчиси:

Военный переводчик Айбек Дехканов с афганским полицейским возле дворца президента Амина. 1983 год, Кабул, Афганистан.
© Фото / из личного архива Айбека Дехканова
Военный переводчик Айбек Дехканов с афганским полицейским возле дворца президента Бабрака Кармаля. 1983 год, Кабул, Афганистан.

--1981-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин чыгыш тилдер факультетинин дари тили боюнча адистигин аяктагам. Эмгек жолумду Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын чыгыш таануу бөлүмүндө баштадым. 1982-1984-жылдары Афганистандагы советтик 40-армиянын атайын пропаганда бөлүмүндө офицер катары кызматымды өтөдүм. Бул согушка катышкан үчүн өлкөбүз "Эрдик" медалы жана СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы менен сыйлады. Армиядан кайтып келгенден кийин Илимдер академиясында ишимди уланттым. Андан кийин комсомолдук жана партиялык кызматтарда иштедим. 1990-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин жергиликтүү башкарууну өнүктүрүү боюнча комиссиянын ага консультанты кызматына которулдум. Республикабыздын ТИМинин бөлүм башчысы Аскар Айтматов менен мамилем абдан жакшы болчу. Анын үстүнө экөөбүздүн адистигибиз да окшош. Бир жолу аны менен жолугуп, Жогорку Кеңеште парламент аралык комиссияны түзүү зарыл экен деген пикирге келдик. Документтин долбоорун  Жогорку Кеңештин президиумунун төрагасынын атына жолдоп, жөнөттүк. Бирок катты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Михаил Логинов карап, сунушту четке какты.

1993-жылы Кыргызстанга Түркиянын президенти Тургут Озал расмий иш сапар менен келди. Аны менен чогуу түрк парламентинин депутаттары да келген. Алар кыргыз кесиптештери менен Жогорку Кеңештен жолукту. Түрк депутаттары парламент аралык комиссия жок экендигине таң калышкан. Ушул көрүнүштөн кийин Жогорку Кеңештин регламентинин комиссиянын астында ага караштуу комиссия түзүү нормасына ылайык "Парламент аралык жана сырткы байланыштыр комиссиясын" түзүү жөнүндө токтомдун долбоорун даярдадым. Бул токтомдун долбоорун жергиликтүү башкарууну өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасы Омор Шаршеновго көргөздүм. Ал дароо колдоду. Токтом добушка коюлганда бардык депутаттар бир добуш менен колдоп берди. Ошентип азыркы күндөгү Жогорку Кенештеги парламент аралык комитеттин түзүлүшүнүн өбөлгөсү болду.

Айыгышкан эки тарап тең кыргыз дипломаттарына ишенчү

КРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев:

Эрик Асаналиев, правозащитница Чолпон Джакупова и таджикский полевой командир Шох Искандаров в посольстве КР в Душанбе, 1999 год
© Фото / из личного архива Эрика Асаналиева
Эрик Асаналиев, правозащитница Чолпон Джакупова и таджикский полевой командир Шох Искандаров в посольстве КР в Душанбе, 1999 год

--1992-1997-жылдары Тажикстанда жүргөн согушту токтотууга Кыргызстандын салымы зор. Кошуна мамлекеттеги эки айыгышкан тарапты элдештирип, тынчтык орнотууда кыргыз дипломатиясы бир топ иш-аракеттерди жасады. Ошол учурда Тажикстандын тышкы дүйнөгө чыкчу жолдорун Өзбекстан бууп салган эле. Душанбеге Москва жана Алматыдан гана учкан аба каттамы бар эле. Буга байланыштуу айрым учурда Бишкектен автобуска түшүп, Ташкент аркылуу Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасына чейин барып, ал жерден түшүп калып Коженттин аэропортуна чейин 2-3 чакырым жөө басып барчумун. Ал жерде болсо Кожент — Душанбе авиакаттамы бар эле. Согушка байланыштуу дайыма самолетто жергиликтүү жүргүнчүлөрдөн орун артчу эмес. Айла жок учактын жүк салган бөлүгүнө түшүп, Душанбеге чейин учуп барган учурлар болгон. Ошондой эле Кыргызстан менен чектеш Тажикстандын Жерге-Тал району аркылуу өтүп жүрдүм. Белгилей кетчү жагдай, ошол маалда бул аймакты тажик оппозициянын согушкерлери көзөмөлдөчү. Ушул чөлкөмдө кылмыштуу тайпалар дагы өздөрүн эркин сезишчү. Бирок бириккен тажик оппозициясынын лидерлери Кыргызстанга ишеним арткандыктан, мындайча айтканда, "жашыл" кагазын берген. Бул ишенимдин негизинде Жерге-Тал аркылуу Душанбеге чейин жалгыз өтүп жүрдүм. Жогоруда айтылган район аркылуу расмий тажик чиновниктери же армиясы куралдуу коштоосу жок өтө алчу эмес. Мени согушкерлер өзүнүн ээлеген аймагынан расмий бийлик көзөмөлдөгөн чөлкөмгө чейин алып келип тапшырып беришчү. Ошентип 1994-жылдан баштап 2001-жылга ушундай ыкма менен Душанбеге чейин каттап жүрдүк.

Бир жыл айлык албай иштеген дипломаттар

КРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев:

Сактанбек Кадыралиев (третий справа) с группой депутатов парламента КР на экскурсии в Тадж-Махале, 1997год
© Фото / из личного архива Сактанбека Кадыралиева
Сактанбек Кадыралиев (третий справа) с группой депутатов парламента КР на экскурсии в Тадж-Махале, 1997год

--Кыргызстанда бюджеттин тартыштыгынан чет өлкөлөрдөгү элчиликтерибиздин абалы ойдогудай эмес. 1997-1999-жылдары Индияда иштеп жүргөндө мамлекет бир жыл айлыгыбызды жибере албай калды. Мунун айынан жашаган жерибиздеги дүкөндүн ээси менен сүйлөшүп дептерге жаздырып, андан карызга тамак-аш жана керектүү оокат алып жүрдүк. Айлык тийип, карызыбызды төлөп бергенибизде дүкөнчү акчаңарды алдыңарбы деп күлчү. Ушундай кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтеринин кызматкерлери өз милдетин так аткарып келе жатышат. Анын үстүнө Кыргызстандын элчиликтеринде иштеген адамдардын саны орточо эсептегенде төрт же беш эле кызматкерден турат. Аз болсо да казак, өзбек жана түркмөн кесиптештеринен кем калышпай иштейт. Жогоруда айтылган кесиптештердин бизге салыштырмалуу айлыгы жогору, кызматкерлеринин саны көп жана ар бирөө өзүнө тиешелүү гана багытка жооп берет. Ал эми Кыргызстандын элчиликтериндеги дипломаттар бир эле убакта төрт же беш багытта иштеп, жакшы көрсөткүчкө жетет. Андан сырткары, элчиликтер барган делегациялардын баарын тосуп, күнү-түнү аларды коштоп жүрүшөт. Кээ бир учурда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары "элчи бизди өзү тосуп алганга жараган жок" деген дооматтарын айтышат. Кыргызстандын элчиси бардык делегацияларды тосуп алганга убактысы жетпейт. Анын мындан башка жумуштары толтура. Ал эми элчиликтин кызматкерлеринин эң башкы милдети — өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарын көздөө.

Тема боюнча

Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү
Белгилер:
эгемендүүлүк, дипломатиялык ишмер, Жамал Ташыбекова, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ