Мусулман батальонунун командири майор, теги казак Борис Керимбаев эле. Батальон өзгөчө эрдиги менен айырмаланганы үчүн Афганистандагы советтик 40-армиянын жана афгандык моджахеддердин арасында тирүү уламышка айланган. Керимбаевди советтик аскерлер жана афгандыктар "Кара майор" дешчү.
Экинчи мусулман батальондун жаралышы
Афганистанга советтик 40-армиянын киргенине байланыштуу Экинчи мусулман батальонунун максаты өзгөрөт. Жетекчилигине майор Борис Керимбаев дайындалып, курамына казак, кыргыз, өзбек, тажик жана түркмөн жоокерлери кирген. Алардын арасында Нарынбек Бексултанов, Мэлс Бекбоев, Таалай Шаатемиров, Эркин Жуматаев, Галиаскер Жунушев, Сагын Кубанов, Мирбек Үсөнов, Субханкул Рахманкулов сыяктуу кыргыз офицерлери бар эле. Жунушев батальон штабынын башчылыгына дайындалган.
Керимбаевдин батальону машыгуудан өтүп, согушка даяр болгондо Афганистанга кирүүгө буйрук алат.
"Кара майор" ысымы
1981-жылы 29-октябрда Экинчи мусулман батальону чек арадан өтүп, Түндүк Афганистандын Фарьяб чөлкөмүнүн Меймене калаасына кирет. Аларды Кундуз шаарынан келген мотоаткычтар батальону тосуп алып, коштоп жүргөндө душмандар кол салат. Моджахеддер Меймене калаасында жайгашкан түрмөгө кол салып, тарапташтарын бошотуу үчүн чабуул жасаган. Бирок Керимбаевдин аскерлери чабуулдун мизин кайтарат. Эң өкүнүчтүүсү, бул чабуулда батальон биринчи оор жоготууга учурайт, катардагы жоокер Иванов каза болуп, жердешибиз Жуматаев оң колунан оор жаракат алат. Ал Ташкенттеги аскердик ооруканадан толук дарыланбастан, кайрадан бөлүгүнө кайтып келип, андан ары кызматын уланткан.
Майор Керимбаев моджахеддердин тактикасын тыкыр иликтеп буларга каршы согушканды үйрөнүп, партизандык тактиканы колдонгон. Жоокерлери да талаа согушунун ыкмаларын бат өздөштүрөт. Кыска убакыттын ичинде батальондун чалгын кызматын жетектеген ага лейтенант, теги казак Сакен Жасузаков дари тилин билбегенине карабастан, жергиликтүү калктын арасында агентура түзүп, системалык түрдө баалуу маалыматтарды топтогонго жетишкен.
Меймене шаарындагы моджахеддерди жетектеген топтун башчысынын ысымы Мовладдин-кара болчу. Ал эми мусулман батальонунун жоокерлери Керимбаевди "Кара майор" деп аташкан. Керимбаевдин бөлүгү Дарзоб аймагына которулуп, ал жерден төрт айда афгандык куралдуу оппозицияга каршы операцияларды ийгиликтүү жүргүзөт.
Кара майордун башы бир миллион долларга бааланган
1982-жылы май айында Керимбаевге 40-армиянын жетекчилиги Панжшер капчыгайын көзөмөлдөө боюнча тапшырма берет. Максат — белгилүү Саланг ашуусу менен өткөн стратегиялык жактан чоң мааниге ээ Хайратан — Кабул трассасынын коопсуздугун камсыздоо эле. Бул жол аркылуу СССРден Афганистанга аскердик жана жарандык жүктөр ташылган. Эзелтеден бери Панжшер капчыгайы партизандык согуш жүргүзүүгө абдан ыңгайлуу жер болуп эсептелет.
1983-жылы Кара майор кызматынын мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу СССРге кетет. Ал эми Экинчи мусулман батальону афган согушу бүткөнчө кызматын өтөдү. 1989-жылы 15-февралда мусулман батальону Афганистандан СССРдин 40-армиясынын акыркы бөлүгү болуп чыккан.
Батальондун урматына Алматы шаарынын "Гвардиянын 28 панфиловчулары" сейил багында эстелик тургузулган. Ал эми ошол бөлүктө кызмат өтөгөн жердешибиз Сергей Якиманский Ысык-Көлдөгү Тосор айылынын жанында мусулман батальону жайгашкан Руха айылынын атылышын алган пансионат курган. Ал батальондо кызмат өтөп, курман болгондорго эстелик тургузууну пландаштырууда.
Белгилей кетсек, мусулман батальонунан чыккан төрт генерал — Мэлс Бекбоев, Сакен Жасузаков, Мукан Дүсекеев жана Ринат Мереддурдыевдер Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын армиясынын эгемендиктен кийинки пайдубалын түптөштү.