Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган

© Sputnik / Эркин СадыковКыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Жумакадыр Атабеков
Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Жумакадыр Атабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөнүнө 75 жыл болду. Колумнист Алмаз Батилов кыргыз дипломатиясынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон элчи, дипломат Жумакадыр Атабеков менен маектешип, ТИМдин тарыхына көз чаптырды.

Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жумакадыр Атабеков Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин англис тили бөлүмүн аяктаган. Жаштайынан тышкы саясатка кызыгуусу артып, дипломатияга студент кезинде кадам таштаган. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Бириккен Улуттар Уюмунда өлкөнүн алгачкы туруктуу өкүлү болгон.

— Дипломатияга жолуңуз кандайча башталды?

— Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин англис тили бөлүмүн аяктагандан кийин тышкы саясатка кызыга баштадым. Бир ирет Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигине кирип, дипломаттарды даярдаган окуу жайга кандай тапшырса болот деп кайрылгам. Менин ушул кайрылуум тагдырымда эң чоң роль ойноду. 1968-жылы Пржевальск педагогикалык институтунда эмгектенип жүргөнүмдө республикабыздын ТИМинин жетекчиси Сакин Бегматова чакырып, министрликте жаңы жумушчу орун пайда болгонун айтып, иштөөнү сунуштады. Белгилей кетчү жагдай, ошол эле убакта мыйзам боюнча Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары республиканын ТИМинин жетекчиси болуп иштеген. Бир жыл иштегенден кийин Бегматова мени Москвадагы СССР ТИМинин астындагы Жогорку дипломатиялык мектебине эки жылдык окууга жолдомо берди. Бул мектепти кыргыздардан Талгарбек Сарбанов, Закон Турдукулов, Марат Саралинов жана Алмасбек Тилебалиев гана бүткөн. Ал жактан испан тилин өздөштүрдүм.

© Фото / из личного архива Жумакадыра АтабековаБУУнун алтынчы генералдык катчысы Бутрос Бутрос Гали Жумакадыр Атабековду кабыл алып жаткан учуру. 1992-жыл, май айы. Нью-Йорк шаары.
Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган - Sputnik Кыргызстан
БУУнун алтынчы генералдык катчысы Бутрос Бутрос Гали Жумакадыр Атабековду кабыл алып жаткан учуру. 1992-жыл, май айы. Нью-Йорк шаары.

Окуу жайды бүткөндөн кийин Кубага СССРдин элчилигине үчүнчү катчы кызматына дайындалдым. Адегенде ар түрдүү кыйынчылыктар болду. Акырындык менен такшала баштадым. Борбор күнү-түнү дайыма саясий, экономикалык жана аналитикалык багыттагы маалымат талап кылчу. Ошондуктан Кубанын ТИМиндеги кесиптештерим менен тыгыз иштештим. Мындан сырткары, кубалык мамлекеттик жана илимий чөйрөдөгү кызматкерлери менен да иштешип, борбордун берген тапшырмасын так аткарганга жан дилим менен аракет кылдым. Ошол эле убакта башка чет элдик кесиптештерим менен тил табышып жана алардан дайыма ар түрдүү так маалыматты алып турдум.

— Адам башка мамлекетте жашаган соң ошол элдин ырын ырдап, сөзүн сүйлөп калат эмеспи. Тез эле көнүшүп кеттиңизби?

Тажикстандагы жарандык согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү
— Кайсы мамлекетте иштесең ошол элдин тилин терең өздөштүргөнгө умтуласың, үрп-адатын үйрөнөсүң, турмушуна көнүп, бара-бара аларга окшоп каласың. Ошон үчүн кубалык теңтуштарым: "Жумакадыр, өңүң менен келбетиң үч континенттин образын камтыйт. Бир эле убакытта Африка менен Азиянын тургундарына жана Латын Американын түпкүлүктүү эли индеецтерге окшоп кетесиң", — деп тамашалашчу. Ошол учурда Гаванада Азия, Африка жана Латын Американын тилектештик уюмунун испан тилинде “Триконтиненталь” аттуу журналы чыкчу. Ошол журналдын атынан булар да мага “триконтиненталь” деген каймана ат коюшту.

Кубада кызматтык мөөнөтүм бүткөн соң элчиликтеги партиялык бюро мындан ары да мени мамлекеттин тышкы саясий системасында иштесе болот деп мүнөздөмө берди. Мындай мүнөздөмө жок болсо кайра кызматка алынчу эмес. Ошол мүнөздөмөнүн негизинде Москвага келип, СССРдин ТИМинин борбордук аппаратында — консулдук департаментинде ишимди уланттым. Чет өлкөдөгү элчиликте иштеп келгенден кийин ТИМдин борбордук аппаратында сөзсүз эки жыл эмгектенүү шарт эле. Андан кийин Кубадагы тажрыйбама таянып, СССРдин Гвинея-Бисау, Кабо-Верде жана Уругвайдагы  элчилигинде үзүрлүү иштедим. Гвинея-Бисауда португал тилин да үйрөндүм.

© Фото / из личного архива Жумакадыра Атабекова"Иногейт" конференциясы. Брюссель шаары. 1996-жыл, сентябрь айы.
Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган - Sputnik Кыргызстан
"Иногейт" конференциясы. Брюссель шаары. 1996-жыл, сентябрь айы.

— 1990-жылы Кыргызстанга кайтып келипсиз...

— 1985-1989-жылдарга чейин Уругвайда Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы болуп иштедим. Мөөнөтүм бүтүп Москвага кайтып келгенимде СССРдин ТИМи мага 1-класстагы кеңешчи деген наам ыйгарды. Союздун ТИМинин астындагы Дипломатиялык академиясында билимди жогорулатуучу бир жылдык курста окудум. Ушул курста кайрадан тилди тереңирээк үйрөтүп, дүйнөлүк саясат жана экономика тууралуу лекцияларды ар түрдүү дасыккан адистер окушчу. Андан кийин СССРдин ТИМинин борбордук аппаратына кайта кызматка алышты. Москвада иштей баштаганымда өлкөдө абал абдан курчуп жатканын байкадым. Анын үстүнө социалисттик лагердеги Коммунисттик партиянын бийлиги четинен кулай баштады. Жакынкы арада дүйнөдө коммунисттик идеология жеңилүүгө дуушар болорун жана СССР урай турганын баамдадым. Мындан улам Кыргызстанга кетип, элиме колуман келе турган кызматымды кылууга умтулдум.

© Фото / из личного архива Жумакадыра АтабековаАКШнын өкүлчүлүгүнүн мамлекет башчысы Билл Клинтондун урматына уюштурган сый кечеси. БУУ. 1994-жыл, май айы. Нью-Йорк.
Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган - Sputnik Кыргызстан
АКШнын өкүлчүлүгүнүн мамлекет башчысы Билл Клинтондун урматына уюштурган сый кечеси. БУУ. 1994-жыл, май айы. Нью-Йорк.

— Өз жериңиздеги ишиңиз кандайча башталды?

— Ошол жылы Кыргыз ССРинин Москвадагы туруктуу өкүлү Орозбек Атабаев республикабыздын Министрлер кеңешинин төрагасы Апас Жумагулов мени менен жолугуу тууралуу оюн айткандыгын билдирди. Мен республикабыздын өкүлчүлүгүнө келип, Апас Жумагуловичке жолуктум. Ал мага: “Сиздин пикириңизде келечекте Кыргыз ССРинин ТИМи кандай болуш керек?” — деген суроо узатты. Мен ага дүйнөлүк саясатта болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болуп жатканын, мындан улам ТИМдин аппаратын кеңейтүү керек экенин айттым. "Мындай бурулуш министрликтин максатын түп тамырынан бери өзгөртөт, демек, функциялары көбөйөт, анын жыйынтыгында жоопкерчилиги абдан жогорулайт", — деп жооп бердим. Ал баш чайкап, менин көз карашымды колдобой тургандыгын, мындай Тышкы иштер министрлигинин кереги жоктугун жана Кыргызстандын ТИМинде болгону эл аралык экономиканы жакшы түшүнгөн адистерден бир тайпа гана түзүү зарыл экендигин айтты. Мен бул пикирге кошула албайм дедим. Анткени абал күн сайын өзгөрүп турганда, ал өзгөрүүлөргө даяр болуш үчүн такшалган адистер керектигин жана ушул фактордун негизинде республикабыздын ТИМинин ролу абдан маанилүү болорун белгиледим. Менин көз карашым дипломатиялык тажрыйбамдан келип чыккан тыянак эле. Жай, бирок кесе айттым. Божомолумдун туура экенин турмуш далилдеди. Ал эми Апас Жумагулов кийин Россия жана Германияда Кыргызстандын элчиси болуп иштеди.

© Фото / из личного архива Жумакадыра АтабековаАлибек Жекшенкулов, Ишенбай Абдуразаков жана Жумакадыр Атабеков. Арткы фондогу Манастын айкелин жасатып, БУУга жеткизүүгө Ага-хан фонду каржы жардамын көрсөткөн. Нью-Йорк шаары, 1998-жыл.
Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган - Sputnik Кыргызстан
Алибек Жекшенкулов, Ишенбай Абдуразаков жана Жумакадыр Атабеков. Арткы фондогу Манастын айкелин жасатып, БУУга жеткизүүгө Ага-хан фонду каржы жардамын көрсөткөн. Нью-Йорк шаары, 1998-жыл.

1990-жылы Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Жаңыл Түмөнбаева союздук ТИМге өзүнө орун басар керек деп бир нече жолу кайрылып жатып, штат алган. Анткени буга чейин мындай кызмат болгон эмес. Тышкы иштер министринин орун басары болдум. Түмөнбаева менен биригип, борбордук аппараттын штатын кеңейттик. ТИМдин штаттык курамын сегиз жумушчу орунга чейин көбөйттүк. Ошол эле учурда ТИМдин ичинде маалымат-аналитикалык, экономикалык, консулдук, протокол жана ведомствонун ичинде мамлекеттик сырды сактоочу бөлүмдөрүн ачтык. Азыркы күндөгү КР ТИМинин пайдубалын түптөгөнгө Жаңыл Түмөнбаева, Аскар Айтматов, Муратбек Иманалиев, Закир Султанов жана Талгатбек Чынетовдор менен биргеликте салымыбызды коштук.

— 1992-жылы Кыргызстанды Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясына мүчө болуп кабыл алганда сиз мамлекетибиздин алгачкы туруктуу өкүлү болдуңуз. БУУда өлкөбүздү кандай кадамдар менен таанытууга аракет кылдыңыз?

— Кыргызстандын БУУдагы алгачкы туруктуу өкүлү болгонум өмүрүмдөгү эң маанилүү этап деп эсептейм. Алгач ирет элимдин атынан жана мамлекетим тууралуу БУУнун трибунасында сүйлөгөнүм мен үчүн эң чоң сыймык болду. Анын үстүнө мага мурдагы тажрыйбам дагы чоң жардам берди. Бара-бара БУУнун ишмердүүлүгүн билгенден кийин Кыргызстанды дүйнөлүк саясатта кандай таанытам деген суроо жаралды. 1992-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү жөнүндө президент Аскар Акаевдин жарлыгы чыгып, комиссия түзүлүп, даярдоо иштери башталган эле. 1993-жылы мен ушул жарлыкка таянып, Аскар Акаев жана ошол кездеги ТИМдин жетекчиси Эднан Карабаевге дүйнөлүк масштабда “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө тууралуу демилге көтөрүп, сунуш бердим. Акаев менен Карабаев "аракет кылыңыз" деген бир сөз гана айтышты. Буга чейин мамлекеттин жетекчилигинин мындай мүдөөнү иш жүзүнө ашыруу боюнча тажрыйбасы жок болчу.

© Sputnik / Эркин СадыковАтабеков: БУУнун Генералдык Ассамблеясы 1995-жылды кыргыздын улуттук “Манас” эпосунун миң жылдыгы майрамдалчу жыл деп жарыялоо тууралуу токтом чыгарды. Бул Кыргызстан үчүн чоң жеңиш эле.
Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган - Sputnik Кыргызстан
Атабеков: БУУнун Генералдык Ассамблеясы 1995-жылды кыргыздын улуттук “Манас” эпосунун миң жылдыгы майрамдалчу жыл деп жарыялоо тууралуу токтом чыгарды. Бул Кыргызстан үчүн чоң жеңиш эле.

Жетекчиликтин макулдугун алган соң “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндө БУУнун жетекчилигине бир топ расмий кат жана меморандумдарды англис жана испан тилинде жаздым, башка өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнө да тараттым. Ошол учурда БУУнун ичинде юбилейлерге тиешелүү резолюцияларды кабыл албоо тууралуу жигиттик келишим бар экен. Буга карабастан башка кесиптештер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. 1994-жылы 5-октябрда иш-аракетимден майнап болуп, Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1995-жылды кыргыздын улуттук “Манас” эпосунун миң жылдыгы майрамдалчу жыл деп жарыялоо тууралуу токтом чыгарды. Бул Кыргызстан үчүн чоң жеңиш эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0