Аялын жашырат, кичүү кызы айтылбайт. Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу 10 факты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жекшембиде бир катар ЖМКлар «Гурбангулы Бердымуxамедов көз жумду» деп жазып жиберишти. Анда Ашxабаддагы бизнесменге жана атайын кызматтарга шилтеме жасалган. Өлүмгө бөйрөк оорусу себеп экени айтылган.

Бирок эртеси Түркмөнстандын Россиядагы элчилиги аталган өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымуxамедовдун каза болгондугу туурасында кабарды төгүндөдү.

Бул окуядан кийин Бердымухамедов тууралуу маалымат издегендер көп болсо керек. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги түркмөн башчысы тууралуу фактыларды даярдады.

Гурбангулы Бердымухамедов президенттиктен сырткары бир нече өнөрү менен белгилүү. Ок атып, гитара чертип, ырдап, ат жалында ойноп, дрифт кылып, ал тургай рэп ырдаган мезгилдери болгон.

Үйдүн жалгыз эркек баласы

Гурбангулы Бердымухамедов 1957-жылы 29-июнда Ашхабад облусундагы Көкө-Тепе районундагы Бабарап айылында туулган. Атасы Мяликгулы Бердымухамедов менен чоң атасы Бердымухамед Аннаев мугалимдикти аркалашкан. Энесинин аты Огулабат экендиги гана айтылат. Гурбангулы үйдүн жалгыз эркек баласы. Гүлнабат, Дурдынабат, Гүлжамал, Огульжамал жана Мяхри аттуу эжелери бар.

© Фото / Фотохост-агентство. / Медиабанкка өтүүТүркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымуxамедовдун кесиби тиш доктур
Аялын жашырат, кичүү кызы айтылбайт. Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымуxамедовдун кесиби тиш доктур

Кесиби тиш доктур

1979-жылы Түркмөнстан мамлекеттик медициналык институтунун стоматология факультетин аяктаган. Медицина илимдеринин доктору наамын алып, профессор болгон. Саламаттыкты сактоо министри кызматын да аркалаган.

2009-жылы президент болуп турганда Ашхабаддагы онкологиялык борбордун ачылышында кулактагы шишикти алуу операциясына ассистент катары катышканы айтылат. "Түркмөнстандын дары чөптөрү" аталышындагы китеби дагы чыккан.

Күтүүсүз мураскорлук

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө
2006-жылы 21-декабрда Түркмөнстандын ошол кездеги президенти Сапармурат Ниязов каза табат. Конституция боюнча анын ордун парламенттин төрагасы Овезгельды Атаев шайлоого катышпай эле ээлемек. Бирок ал кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн күтүүсүз жерден камакка алынып, беш жылга кесилип кетет.

26-декабрда Элдик кеңештин кезексиз жыйынында Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, вице-премьер президенттин милдетин аткарууга жана шайлоого катышууга укугу бар деп табылган. Агезде Гурбангулы Бердымухамедов вице-премьер болуп турган. Мындан улам өлкөнү башкарууга толук мүмкүнчүлүк жаралган.

2007-жылдын 14-февралынан, тагыраагы, 12 жылдан бери ажо болуп келе жатат. Үч ирет кайрадан шайланып, элдин көпчүлүк добушун алат.

Ал эми 2016-жылы Түркмөнстанда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылган.

Расмий эмес "Аркадаг" — колдоочу наамы бар.

© AFP / IGOR SASINГурбангулы Бердымуxамедовдун ахалтекин аргымагын жакшы көрөрү айтылып келет
Аялын жашырат, кичүү кызы айтылбайт. Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Гурбангулы Бердымуxамедовдун ахалтекин аргымагын жакшы көрөрү айтылып келет

Президент үч кыз, бир уулдун атасы

Уулу Сердар Бердымухамедов ТИМ тутумунда эмгектенет, аталган мекемеде министрдин орун басары. Бир катар серепчилер Сердар мураскерликке даярдалууда деп болжолдошот.

Президенттин башка балдары боюнча маалымат өтө аз. Бир нече жыл мурда тун кызы Гүлжахон жолдошу Иласгельды Аманов менен Лондон шаарында жашары айтылган. Президентин күйөө баласы Түркмөнстандагы Көмүр-суутек ресурстарын колдонуу боюнча мамлекеттик агенттиктин Улуу Британиядагы өкүлү. Кичүү кызы жолдошу менен Парижди байырлай турганы айтылып жүрөт. Үчүнчү кызы тууралуу ЖМКлар жазбайт. Бердымухамедовдун төрт небереси бар.

Өмүрлүк жубайы Огулгерек ажо менен жашташ экендиги айтылат. Коомчулукка чыга бербейт. Түркмөнстандын башчысы шайлоо участогуна дагы балдары же туугандары менен келет.

Ыр жазып, рэп окуйт

Гурбангулы Бердымухамедов чыгармачыл адамдардын катарында. Ал ырдап, чыгарма жаратып, гитара чертип, аккордеондо ойнойт. Түркмөнстанда ар жылы апрелдин соңку жекшембиси ахалтекин аргымактарынын күнү катары белгиленип келет. Быйыл бул күндүн урматына ал небереси Керимгулы жазган музыкага сүйүктүү аргымагы Ровач тууралуу рэп ырдаган.

2018-жылы Жаңы жылда түркмөн ажосу чыгарманы англис, немис жана түркмөн тилдеринде аткарган. Ырдын сөзүн өлкө башчы өзү жазса, обонун анын небереси Керимгулы Бердымухамедов жараткан.

Түркмөнстандын президенти неберелери менен бирге жаңы ыр чыгарганы белгилүү болгон. Ошондой эле Азия оюндарынын гимнинин ээси болуп дагы саналат.

Спорт - жашоосунун бир бөлүгү

Бердымухамедов 15 жашында эркин күрөш боюнча Ашхабаддын чемпиону, бир жылдан кийин ок атуу боюнча республиканын чемпиону болот. Учурда ат чабыштарга, дрифт жарыштарына, ок атууга катышып турат.

Мындан тышкары, аргымактарга болгон сүйүүсүн "Ахалтектер — биздин сыймык жана даңк" деген китеп жазган.

Спортчуларга колдоосун дагы аябайт. Маселен, 2016-жылы Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарына катышкан "Галкыныш" атчандар тобунун жетекчисине 30 миң доллар, ал эми жакшы жыйынтык көрсөткөн спортчуларга жаңы автоунаа ачкычтарын тапшырган.

Ошондой эле "Спорт — достукка, сулуулукка жана ден соолукка карай жол" деп аталган китеп жазган.

Диктор атын айта албай...

2017-жылы Гурбангулы Бердымухамедовго Александр Невский атындагы орден тапшыруу учурунда диктор түркмөн башынын атасынын аты — Мяликкулиевич дегенди шар айта албай ыңгайсыз абал жараткан.

​Анда Россиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстанга расмий иш сапары менен келген.

Кандай учак менен жүрөт?

Гурбангулы Бердымухамедов ага чейинки президенттин учагын колдонуудан баш тартып, Сапармурат Ниязовду ташыган учакты Александр Лукашенкого сатып, өзү Boeing 777-200 учагы менен каттай баштаган. Аталган учак бир учканда 20 миң чакырымга чейин уча алат (Ашхабаддан Бишкекке жети жолу келип кетсе болот).

Эмне кесели бар?

Түркмөн президентинин ден соолугу начарлаганы тууралуу имиштер 2013-жылы октябрда тараган. Кан басымы жогорулап кыйналары айтылган. Ал 2013-жылы апрелде аттан жыгылып, үч сутка бою ооруканада жаткан делинет. Бирок жыгылгандан кийин бир нече сааттан соң эл алдына чыгып, ден соолугу жайында экенин далилдеген жайы бар.

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүГурбангулы Бердымуxамедов Түркмөнстанды 2007-жылдын 14-февралынан тарта аталган өлкөнү башкарып келе жатат
Аялын жашырат, кичүү кызы айтылбайт. Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Гурбангулы Бердымуxамедов Түркмөнстанды 2007-жылдын 14-февралынан тарта аталган өлкөнү башкарып келе жатат

Тартиптер, тыюулар

1. 2008-жылы Бердымухамедов өлкөдө айлардын жана жумалардын аталышын иретке салган. Мурдагы президенттин убагында январь — Түркмөнбашы, апрель — Гурбансолтан (Сапармурат Ниязовдун энеси — ред.), сентябрь — Рухнама деп аталган.

Ситуация после выборов президента в Республике Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Шавкат Мирзиёев 60ка чыкты. Өзбекстандын президенти тууралуу 7 факты
2. Былтыр 2018-жылы Түркмөнстанга кара түстөгү автоунааларды айдоого тыюу салганын ЖМКлар жазышкан. Расмий бийлик эмне үчүн мындай талап киргизилгенине түшүндүрмө берген эмес. Болгону ак түстөгү машиналар ийгилик алып келерин айтышкан. Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ак түстү жакшы көрөрү да айтылып келет.

3. Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязов эл аралык аялдар күнүн майрамдардын катарынан алдырып салган. Бирок анын көзү өткөндөн кийин мураскери 8-марттын статусун кайтарган. 2017-жылдан тарта Бердымухамедов Аялдардын эл аралык күнүнө карата өлкөдөгү кыз-келиндерге акчалай белек берип келет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0