Түркмөн президенти Көчмөндөр оюнуна катышкан спортчуларына унаа берди

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту
Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөр оюндарына катышкан түркмөнстандык "Галкыныш" атчандар тобуна өлкө башчысы 30 миң доллар өлчөмүндө сыйлык берди.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Көчмөндөр оюндарына катышкан "Галкыныш" атчандар тобунун жетекчисине 30 миң доллар, ал эми жакшы жыйынтык көрсөткөн спортчуларга жаңы автоунаа ачкычтарын тапшырды. Бул туурасында аталган өлкөнүн Мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Спортчуларды сыйлоо салтанаты Азиянын спорттук журналисттер күнүнө арналган эл аралык иш-чарада өттү. 

Эске салсак, ушул айдын башында Кыргызстандын Көл кылаасында өткөн Көчмөндөр оюндарында түркмөн спортчулары жалпы 23 медаль, анын ичинде 15 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль менен узашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0