КМШ президенттери эмне менен учат? Самолеттер парады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Алмазбека Атамбаева в город Астану
Рабочий визит президента КР Алмазбека Атамбаева в город Астану - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда чыгарылган учакты менен Владимир Путин, анан Алмазбек Атамбаев гана пайдаланат экен. Ал эми айрым президенттерди кесиптештери "таштап" койгон учурлар да кездешет.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. КМШ мамлекет башчылары учкан учактар эмнеси менен айырмалана турганын Sputnik агенттиги билип көрүүгө ашыкты. Мында эки мамлекеттин башчысы атайын учактан баш тарткан.

Азербайжан

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүИльхам Алиевди ташыган Боинг 767-300 учагы
Прилет президента Азербайджана Ильхама Алиева в Москву - Sputnik Кыргызстан
Ильхам Алиевди ташыган Боинг 767-300 учагы
Боинг 767-300 учагы Ильхам Алиев жана анын жубайынан тышкары 157 тонна салмакты көтөрө алат. Учак Бакудан Бишкекке эки жолу учуп келе алат. Жолдон кошумча май куюу үчүн токтобойт дагы. Президентти ташыган учак жөн гана "Баку" деп аталат.

Армения

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСерж Саргсян Европа өндүрүшүнөн чыккан Boeing Airbus A320 учагы
Прилет президента Республики Армения С. Саргсяна - Sputnik Кыргызстан
Серж Саргсян Европа өндүрүшүнөн чыккан Boeing Airbus A320 учагы
Армениянын президенти Серж Саргсян ары-бери Европа өндүрүшүнөн чыккан Boeing Airbus A320 учагы менен каттайт. Аталган учак учурда эң көп талап кылынган аба кемелеринин катарын толуктап келет. Учакка Армениянын желеги менен гербинин сүрөтү түшүрүлгөн.

Белоруссия

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАлександр Лукашенко асманга көтөрүлгөндө булуттарды Boeing 738BBJ учагынын терезесинен көрөт
Прибытие президента Беларуси Александра Лукашенко в Бишкек в рамках саммита СНГ - Sputnik Кыргызстан
Александр Лукашенко асманга көтөрүлгөндө булуттарды Boeing 738BBJ учагынын терезесинен көрөт
Александр Лукашенко асманга көтөрүлгөндө булуттарга Boeing 738BBJ учагынын терезесинен көз салат. Самолеттун ичи жүргүнчүлөр үчүн жасалган ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Ал заводдон чыгары менен эле сатып алынган. Андан сырткары, Түркмөнстандын маркум президенти Сапармурат Ниязовго таандык болгон Boeing-767-300ER учагын да сатып алган.

Казакстан

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНурсултан Назарбаевди ташыган Airbus учагынын баасы 250 миллион долларды чапчыйт
Саммит ВЕЭС и неформальная встреча глав государств-членов ОДКБ - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаевди ташыган Airbus учагынын баасы 250 миллион долларды чапчыйт
Казакстандын мамлекеттик жетекчилерин ондон ашык учак менен тик учактар тейлейт. Өлкө президенти Нурсултан Назарбаев түрдүү эсептөөлөр боюнча бир жылда абада алты сутка жүрөт. Айрым маалыматтар боюнча Назарбаевди ташыган Airbus учагынын баасы 250 миллион долларды чапчыйт.

Кыргызстан

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев 1993-жылы өндүрүштөн чыккан Ту-154 учагы менен учат
Государственный визит Алмазбека Атамбаева в Россию - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев 1993-жылы өндүрүштөн чыккан Ту-154 учагы менен учат
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 1993-жылы өндүрүштөн чыккан Ту-154 учагы менен учат. 2017-жылдын башында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу аталган учактын моделин эксплуатациядан чыгаруу керектигин айткан. Себеби 2016-жылдын 25-декабрында дал ушундай үлгүдөгү учак Кара деңизде кыйраган эле.

Молдова

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМолдованын башчысы Игорь Додон жеке учагы жок, ал катардагы каттамдар менен эле учат
Саммит ВЕЭС и неформальная встреча глав государств-членов ОДКБ - Sputnik Кыргызстан
Молдованын башчысы Игорь Додон жеке учагы жок, ал катардагы каттамдар менен эле учат
Молдованын башчысы Игорь Додон жеке учак менен учпайт. Ал эл аралык сапарларына катардагы каттам менен эле барып-келип турат. Додонду бара турчу жерине чейин учагы бар кесиптештери жеткирип койгон учурлар да кездешет.

Россия

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВладимир Путинди ташыган Ил-96 учагын журналисттер "асмандагы Кремль" деп атап коюшкан
Рабочий визит президента России Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Владимир Путинди ташыган Ил-96 учагын журналисттер "асмандагы Кремль" деп атап коюшкан
Владимир Путинди ташыган Ил-96 учагын журналисттер "асмандагы Кремль" деп атап коюшкан. Учактын ичинде бир нече иш бөлмөсү, чакан спорт зал жана жыйындар залы жайгашкан. Андан сырткары, кайра жандандыруу блогу да орун алган. Негизги басым коопсуздукка жасалганы айтылып келет.

Тажикстан

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭмомали Рахмон бюджетти үнөмдөө үчүн жеке учак сатып алуудан баш тарткан
Саммит ВЕЭС и неформальная встреча глав государств-членов ОДКБ - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмон бюджетти үнөмдөө үчүн жеке учак сатып алуудан баш тарткан
Эмомали Рахмон бюджетти үнөмдөө үчүн жеке учак сатып алуудан баш тарткан. Ал негизинен жеке авиакомпаниянын кызматынан пайдаланат.

Түркмөнстан

© Фото / Фотохост-агентство. / Медиабанкка өтүүГурбангулы Бердымухамедов Boeing 777-200 учагы менен каттайт
Прилет президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в Москву - Sputnik Кыргызстан
Гурбангулы Бердымухамедов Boeing 777-200 учагы менен каттайт
Гурбангулы Бердымухамедов ага чейинки президенттин учагын колдонуудан баш тартып, Сапармурат Ниязовду ташыган учакты Александр Лукашенкого сатып, өзү Boeing 777-200 учагы менен каттай баштаган. Аталган учак бир учканда 20 миң чакырымга чейин уча алат. (Ашхабаддан Бишкекке жети жолу келип кетсе болот).

Өзбекстан

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевШавкат Мирзиёев Airbus A320 учагы менен учат
Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Шавкат Мирзиёев Airbus A320 учагы менен учат
Шавкат Мирзиёев Airbus A320 учагы менен учат. Мындай учакты Армениянын президенти да колдонот. Мирзиёев Кытайга болгон сапарында Boeing 767-300ER учагы менен барган. Бул моделдеги учак менен Азербайжан менен Белоруссиянын да президенттери учат.

Жаңылыктар түрмөгү
0