Миллиондорду таап, "Оскарга" көрсөтүлгөн. "Кыргыз керемети" кантип жаралган?

Миллиондорду таап, "Оскарга" көрсөтүлгөн. "Кыргыз керемети" кантип жаралган?

Бүгүн "Кыргызфильм" 80 жылдыгын белгилөөдө. Кезинде жер төлөдө ачылып, кийин миллиондогон адамдарды багындырган студия, тасмаларын чет өлкөгө эспорттогон киночулар жөнүндө кеп кылмакчыбыз.
Техникасы менен кыргыздарды таң калтырып 1927-жылы режиссер Олег Фрелих өлкөдө биринчи жолу толук метраждуу "Саябан араба" аталышындагы тасма тартат. Ал фильмде кинематографиядан түшүнүгү, актердук билими жок 13 жаштагы Айша Карасаева башкы ролду аткарып, кыргыз жаштары акырындык менен искусствого аралаша баштаган.

"Кыйно" көргөн болочоктун режиссерлору

Башка улуттун өкүлдөрү ар кыл жанрдагы кинофильмдерди тартууну улантып, Ташкент, Москвадагы студиялардын режиссер, операторлору Фрунзеге байма-бай келип турган. Андан сырткары, шаар, айыл жерлеринде советтик кинематографисттердин эмгектери көрсөтүлгөн. Ошол көчмө кинотеатрларды, жабдууларын чукулуган техниктерди көрүп кыргыз жаштарынын бул өнөргө кызыгуусу арткан.

Болочоктогу белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев да өзү курактуу балдар менен айылдан он чакырым алыстыктагы райондун борборуна жөө барып түн ортосуна чейин "кыйно" көрүшкөн. Ал учурдун балдары кинону "кыйно" дешчү.
Төлөмүш Океев
СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер
"Биздин кино көрчү жерибиз мектептин спорт аянтчасы эле. Кино караңгы киргенде башталып түндө бүтчү. Фильмди бөлүп көрсөтчү. Пленка үзүлүп, бобиналар чогултулбай калган учурлар болор эле. Ошондо таза кыйноо башталчу. Кээде тасма асты-үстү же тетири көрсөтүлөт. Ошентип түндө чий өскөн ээн талааны, коркунучтуу эски күмбөздөрдүн жанынан өтүп үйгө жетчүмүн", — деп эскерген Океев.

(Леонид Дядюченконун "Төлөмүш Океев" биографиялык повестинен үзүндү)

Келечектеги таланттуу кинооператор Кадыржан Кыдыралиев да борбор калаада мектепте окуп жүрүп Кыргызстанда тасма тартып жүргөн режиссер Дмитрий Эрдман менен болгон жолугушууга катышып калат. Көркөм өнөргө кызыккан өспүрүм анын кебине кулак төшөп отуруп Москвада режиссер, оператор, сүрөтчү, актерлорду даярдаган атайын институт бар экенин угат. Ошондон тарта кинооператор болууга катуу аракет кылып жүрүп үчүнчү жылы гана Москвага окууга өткөн. Кино дүйнөсүнө карлыгачтар ошентип аттанган.

Жер төлөдөгү студия

Фрунзе кинохроника студиясы 1941-жылы 17-ноябрда өкмөттүн токтому менен уюштурулган. Студияга ээ болгон жаш республика Москвадан жабдуу, техника суратып, борбор калаадагы музыкалык училищенин жөртөлөсүнөн орун-очок алат. Аны оңдоого Финансы министрлигинен 10 миң рубль сурайт.
Согуш маалында ачылган чакан студия акырындык менен кыргыз, орус тилинде "Советтик Кыргызстан" киножурналын, башка студиялардын буюртмаларын аткарган. Ал жылдары башка советтик республикалардан келген режиссерлор толук метраждуу көркөм, даректүү, түстүү тасмаларды жараткан.

Дүйнөнү дүң кылган Океев

Убакыттын өтүшү менен Москвадан билим алган алгачкы кыргыз киночулар мекенге кайтып келе баштайт. Алардын арасында режиссер Лилия Турусбекова, Фатима Мамуралиева, Илике Кокеев, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, оператор Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев бар эле.
Ошол жогорку билимдүү, дымактуу жаштар чыгармачылыкка арышын кенен таштап дүйнөгө дүң болгон. Мисалы, Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетин аяктап жаткан Океев дипломдук иши катары "Бакайдын жайыты" фильмин тартат. Аны Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) аяктаган оператор Кадыржан Кыдыралиев камерага түшүрөт. Сценарийин болсо Кадыркул Өмүркулов менен Океев жатаканада жазган.
Жайлоодогу жылкычы Бакайдын турмушун, карапайым элдин тиричилигин баяндаган кинокартинага чет элдик сынчылар жогорку баа берет. Океевдин алгачкы тасмасы дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде коюлуп, Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград, Душанбеде өткөн эл аралык фестивалдарды багындырып, соңунда дүйнөнүн 100 мыкты киносунун катарына кошулган.
Андан бир жыл мурун режиссер Мелис Убукеев "Тайгак кечүү" фильмин жаратат. Ал эмгек кыргыз режиссёру тарткан толук метраждуу тунгуч көркөм тасма эле.

"Кыргыз кереметин" жараткан уландар

Ата мекендик кинематографияга 60-жылдары келечекте көптү үмүттөндүргөн жаштар келет. 22 жашында Саякбай Каралаев жөнүндө "Манасчы" даректүү тасмасын тарткан Болот Шамшиев, Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестин кинофильмге айланткан студент Геннадий Базаров оозго алынат. Чыгармачылыгы оргуштап, алдыга талпынган жаш таланттар фильмдери менен башка союздук республикаларда да көрөрман топтойт.

Узак жылдар бою "Кыргызфильмде" иштеген кинорежиссер Төлөгөн Сыдыков кыргыз киночулары нечен ирет Москвага жумушка чыкырылганын айтат.
Төлөгөн Сыдыков
кинорежиссер
"Кино деген алп дүйнөнү 22-24 жаштагы балдар түптөп көтөрдү. Белгилүү оператор Кадыржан Кыдыралиев эки фильм тарткандан кийин аны Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) чакырышкан. Профессор наамын берип, оператордук курс өткөнгө устакана ачып беребиз дешкен. Бирок ал болбой койгон. Ушул сыяктуу сунуштар көп эле болгон", — деди Сыдыков.
23 жаштагы Базаров Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунда билим алып жүрүп эки курстук ишин тартат. Анын бирин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов көрүп, режиссердун жөндөмүн байкап, өзүнүн "Саманчынын жолу" повестинин негизинде фильм тартууну сунуштаган.
Кинофильм жолдуу болуп Базаров бул эмгеги менен дипломдук ишин ийгиликтүү коргогон. Толгонайдын ролун аткарган Бакен Кыдыкеева СССРдин эл артисти наамына татыган.

Тунгуч блокбастер

Эки жылдан кийин КРдин эл артисти Геннадий Базаров "Буктурма" фильминин үстүнөн иштейт. Кыргызстанда совет бийлиги жаңыдан орногон кездеги кылмыштуулук, басмачылардын былыктары, чекисттердин аларга каршы күрөшүн баяндаган тасмада курал-жарак, каармандардын мушташын, атышканын көрүүгө болот.
Аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган кинематографисттин кезектеги тасмасы тарыхта биринчи кыргыз блокбастери болот. СССРде кинокартинанын популярдуулугу артып, көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасмалардын сап башына чыккан.

Кыргызстанга агылган москвалык режиссерлор

Ал кезде жылдызы жанып, атагы алыска кеткен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын Кыргызстанда экрандаштаруу москвалык режиссердун да кыялы эле.
1961-жылы режиссер Александр Сахаров "Кызыл жоолук жалжалым" боюнча "Ашуу", 1963-жылы Лариса Шепитько калемгердин "Бото көз булак" повестинин негизинде "Аптап" тасмасын тартса, 1965-жылы Андрей Кончаловский Фрунзеге келип "Биринчи мугалимди" тартууга бел байлайт.
Ал фильмде башкы ролду аткарган Наталья Аринбасаровага Венецияда өткөн 27-эл аралык кинофестивалда аялдын мыкты ролун жаратканы үчүн "Вольпи" кубогу ыйгарылган. Киевде өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда тасма "Советтик экран" журналынын атайын байгесине татыган. Римдеги кинофестивалда "Юпитер Капитолийин" багынтса, Франциянын Йере шаарында өткөн жаш кинематографисттердин эл аралык фестивалында калыстар тобунун атайы байгесине ээ болот.
Үч жылдан кийин режиссер Ирина Поплавская "Жамила" повестин экрандаштырып, ал боюнча "Кыргызфильм" менен "Мосфильм" иштейт. Көркөм тасма Франция, Венгрия, Тунистен байгелүү кайтып, коомдо кызуу талкуу жараткан.

Оскарга көрсөтүлгөн
"Көк серек"

Тажрыйба топтогон кыргыз киночулар убакыттын өтүшү менен башка республиканын режиссерлору даай албаган темаларга, тарыхый окуяларга кайрылып коңшу республикалардын студиялары менен иштешүүнү колго алат. 1967-жылы Болот Шамшиев казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун повестинин негизинде "Караш-Караш окуясы" кинокартинасын тартат.
"Бакайдын жайыты", "Мyрас", "Отко таазимдин" режиссеру Төлөмүш Океев бир нече жылдан кийин да Ауэзовдун чыгармачылыгына кайрылып, "Көк серек" фильми менен алектенет.
Эки режиссердун кинокартинасы фестивалдарда ийгилик жаратып, Океевдин фильми СССРдин атынан Оскар сыйлыгына "чет элдик мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлгөн. Ал категорияда Оскар сыйлыгынын беш жолку лауреаты, италиялык режиссер Федерико Феллини, дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал япониялык киночу Акира Куросава да ат салышкан.

Якутияда бугу издеген кыргыздар

30га чыга элек Шамшиев 1970-жылы советтик жазуучу Александр Сытиндин "Тянь-Шандын аткезчилери" романынын негизинде "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын көрүүчүлөргө тартуулайт. Режиссер эл аралык фестивалдардан байгесиз келчү эмес. Чындыгында ал сыйлыктарга кинематографисттер азап-тозокту көрүп, ак кар, көк музда үшүп-тоңуп жүрүп жеткен.
Ал эми 1974-жылы Айтматовдун макулдугу менен "Ак кемени" экрандаштырат. Ага ылайыктуу бугуларды кыргыз киночулары Якутияга чейин барып издеген.

Ал күндөр азыркыга чейин оператор Манас Мусаевдин эсинде.
Манас Мусаев
кинооператор
"Ак кемени" тартууга өңү ак бугу керек болуп, аны атайын топ Якутиядан поезд менен алып келген. Сахага баргандардын ичинде Болот Шамшиев, Жолон Мамытов жана Айтурган Темирова бар эле. Кыргызстанга жаныбарды коштоп, анын ээси жана бир адис келген. Фильм прокатка чыкканда республика боюнча биринчи орунду алган. 1970-жылдары төрт миллион калкы бар Кыргыз ССРинде 2,5 миллиондой адам көргөн. Мындайча айтканда, ар бир экинчи кыргызстандык кинотеатрга биздин кинофильмди көргөнү келген", — деди Мусаев.
Кыргыз киночулар 70-жылдары да удаа-удаа киношедеврлерди жаратат. Мамлекет кино тармагын жакшы каржылап тургандыктан чыгармачыл топтор тартуу иштерин башка республикаларда жүргүзүп, чет элдик студиялар менен кызматташып турган.

Кыргызстандагы алгачкы мультфильм

"Кыргызфильмдин" алдында 1977-жылы мультипликациялык фильмдерди даярдай турган чыгармачыл топ уюштурулуп, аны сүрөтчү Сагынбек Ишенов жетектеген. Кийинки жылы эле биринчи мультфильм сунушталат.
Сүрөтчүлөрдүн "Сандардын чатагы" аталышындагы эмгегине акын Жолон Мамытов, жазууучу Ашым Жакыпбеков да аралашкан. Мультипликаторлордун иши союз ыдыраганга чейин уланган.

100 миллион доллар тапкан "Бөрү зындан"

Чет өлкөгө кинофильмдерди экспорттоого дарамети жетип калган кыргыз киночулары өздөрүн башка жанрларда да сынап көргөн. СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин 1984-жылы чыккан "Бөрү зындан" фильми эң көп киреше тапкан советтик миң тасманын катарына кирген кыргыздарга таандык жалгыз эмгек.
Криминалдык драманы прокатка чыккан жылы эле 21 миллиондон ашык адам көрүп, СССРде популярдуулугу арткан. Кинокартина мамлекеттик казынага 100 миллион доллар алып келген. Ошол кезде ал акчага 8 428 "Волга" автоунаасын сатып алууга болот эле.
Убукеев, Океев, Шамшиев, Ибрагимовдун артынан Каридин Акматалиев, Жали Соданбек, Артык Сүйүндүков келет. "Кыргызфильмде" кесипкөй оператор, сүрөтчү, үн режиссер, үн оператор, монтажер, гриммер, продюсер, каскадер, декоратор, сүрөтчү, фотографтар эмгектенген.

Союз маалында Кыргызстанда жыл сайын ар кыл жанрдагы 15-20 фильм тартылган. Анын аркасы менен Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүмшалиева, Наталья Аринбасарова, Болот Бейшеналиев, Талгат Нигматулин, Айтурган Темирова өңдүү таланттар эл аралык аренага чыгат. Бул актер, актрисаларга Кыргыз ССРинде эле эмес, чет жакта да суроо-талап пайда болгон. Алсак, кыргыздын таланттуу актеру Сүймөнкул Чокморов менен ХХ кылымдын залкар режиссеру Акира Курасава сыймыктануу менен иштеген. Ал катышкан "Дерсу Узала" кинокартинасы 1976-жылы Оскар сыйлыгына татыган.
Ошол жылдардагы ата мекендик кинематографисттер жараткан эмгектер тарыхта "кыргыз керемети" деп аталды. Ушу тапта кыргызстандыктар ал сыймыктуу күндөрдүн кайталанышын эңсеп келет.
Редактор
Мирбек Сакенов

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Фото, видео
Александр Федоров, Эмиль Садыров, Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы

Маалымат булагы
Екатерина Лузанованын "Киноискусство в Кыргызстане" окуу куралы, Александр Федоров "Тысяча и один самый кассовый советский фильм: мнения кинокритиков и зрителей" китеби, "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын фильмдеринин каталогу, Леонид Дядюченконун "Төлөмүш Океев" биографиялык повести, Мамасалы Апышевдин "Сүймөнкул Чокморов" көркөм-документалдык китеби, Эдилбек Сарыбаевдин "Кадыржан Кыдыралиев: Постигая мир красоты и тревог" чыгармасы, ачык булактар
Жаңылыктар түрмөгү
0