Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы толук метраждуу эң алгачкы көркөм фильмдеги ирмемдерди сунуштайт.
КРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер, манас таануучу Мелис Убукеев 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) аяктап жатып дипломдук иши катары "Тайгак кечүүнү" тарткан. Ал эмгек кыргыз улутундагы режиссёр тарткан толук метраждуу тунгуч көркөм тасма катары тарыхта калган.
Кинокартинанын сценарийи Убукеев менен Николай Рожков жазуучу Мукай Элебаевдин "Бороондуу күндө", "Узак жол" чыгармаларынын негизинде жазып, операторлук кызматты Кадыржан Кыдыралиев аркалаган.
Ал эми Шайырбек Көбөгөнов, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Калича Рысмендеева жана болочоктогу белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев роль жаратып катышкан.
Аталган фильмдин режиссеру жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
![Тоонун башында операторду сүйрөгөн киночулар, аларды жандаган жаш режиссер Тоонун башында операторду сүйрөгөн киночулар, аларды жандаган жаш режиссер - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050683904_0:0:2000:1449_600x0_80_0_1_61ca4220952ce72517a1064a5a915f1f.jpg)
![Мелис Убукеевдин дипломдук иши — Тайгак кечүү киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем Мелис Убукеевдин дипломдук иши — Тайгак кечүү киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104520/05/1045200597_0:0:2200:1888_600x0_80_0_1_9bca8ae78512a760a1f3da1c03a021d2.jpg)
![Башкы каармандагы Шайырбек Көбөгөнов (Мукаш) менен Абаева (Уулжан) Башкы каармандагы Шайырбек Көбөгөнов (Мукаш) менен Абаева (Уулжан) - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050683910_0:0:2200:1716_600x0_80_0_1_e538e8f7f2940a1808032f5dd8280c3c.jpg)
![Жаратылыш койнунда иштеген киночулар Жаратылыш койнунда иштеген киночулар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050683916_0:0:2200:1820_600x0_80_0_1_7c3af9178f3cf796ee9da372983ac4a5.jpg)
![Уулжандын энесинин образын жараткан белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен байбиченин ролун аткарган Калича Рысмендеева Уулжандын энесинин образын жараткан белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен байбиченин ролун аткарган Калича Рысмендеева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050683921_0:0:2200:1603_600x0_80_0_1_6e240d399d72d2dc8dc514c3a0863e8f.jpg)
![Тасманын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу аймакта, катаал шартта тартылган Тасманын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу аймакта, катаал шартта тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050683926_0:0:2200:1416_600x0_80_0_1_7dfac8ac9a60664e4f78f01dd9770895.jpg)
![Актерду даярдаган гример кыз менен жаш режиссер Актерду даярдаган гример кыз менен жаш режиссер - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050683931_0:0:2200:1301_600x0_80_0_1_ee7bedc868f8cb0c9a8bbf51b5d9d30c.jpg)
![Чоң сууну кечип келечекке карай кадам таштаган жаштар, алардын артынан кубалаган байдын жан-жөкөрлөрү Чоң сууну кечип келечекке карай кадам таштаган жаштар, алардын артынан кубалаган байдын жан-жөкөрлөрү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050683936_0:0:2200:1262_600x0_80_0_1_dc7fcb548c3570411809baac0e077901.jpg)
![Тасманын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган Тасманын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050683941_0:0:2000:1581_600x0_80_0_1_7fc774c8896d73507f299cf975007725.jpg)
![Тайгак кечүүдө тартылган белгилүү актер Советбек Жумадылов Тайгак кечүүдө тартылган белгилүү актер Советбек Жумадылов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102064/79/1020647953_0:0:2000:1558_600x0_80_0_1_40933a9fc905137558c310c0a18e3fe0.jpg)
![Режиссер Мелис Убукеевдин ал эмгеги кыргыздын эң мыкты кинокартиналарынын катарына кирет Режиссер Мелис Убукеевдин ал эмгеги кыргыздын эң мыкты кинокартиналарынын катарына кирет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/06/1050683947_0:0:2200:1412_600x0_80_0_1_306f20a2fad6f1ec82ff33804e0b31e7.jpg)